Күлкү, кайгыруу, боор ооруу сезимдерин чакырган “ХАНЫША ЧОРИН” сериалы

Корейлердин тарыхый тасмаларында ак сөөк айымдар улуттук ханбок кийимин кийип, майда-майда кадам таштап, талпылдабай жеңил басып, билимдүү, назик жан катары сүрөттөлөт эмеспи. Ал эми бүгүнкү биз сөз кылчу “Ханыша Чорин” дорамасында баары тескерисинче. Жакпаган кишисин ашата сөгүп, ыңгайсыз көйнөгүн өйдө түрүп алып чуркап, элдин көзүнчө мурдун чукуп, айтор, ак сөөктөргө жат нерселердин баарын кылат. Эмнеге? Суроого жоопторду макаладан табасыз.

КИМ ЖОН ХЁН ЖАНА ШИН ХЕ СОН ТАНДЕМИ

12-декабрда Кореядагы популярдуу tvN каналында көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан “Ханыша Чорин” дорамасы чыкты. 1-сериясынан эле жогорку рейтингди камсыздаган бул тасмага чейин мындай жогорку көрсөткүчкө 2018-жылы чыккан “Мистер Саншайн” дорамасы жеткен. “Ханыша Чорин” сериалы экинчи орунду камсыздай алды. Учурда дораманын 6 сериясы чыкты жана популярдуулугу күндөн күнгө жогорулап келе жатат.

Албетте, тасманын ийгиликтүү болушуна баш каармандардын да таасири чоң. “Ханыша Чоринде” баш каармандардын ролунда актриса Шин Хе Сон жана актёр Ким Жон Хён. 2019-жылы Шин Хе Сондун катышуусундагы «Периштенин акыркы миссиясы: сүйүү» сериалы ийгиликтүү болуп, актрисанын атагын дагы бир ирет арттырган эле. Ал эми көпчүлүктүн жүрөгүн багындырган “Сүйүүнүн авариялык конуусу” дорамасында актёр Ким Жон Хён өз талантын мыкты көрсөткөн. Эми эки талант бир сериалда падыша менен ханышанын ролунда.

ГЕНДЕРДИК ТЕҢСИЗДИК ЧАГЫЛДЫРЫЛГАН

Корей кинематографисттеринин фантастика жанрындагы тасмаларды жөнөкөйлөтүп, элди тажатпай, терең маани камтып бергендиги мактоого арзырлык нерсе. “Ханыша Чорин” да фантастика жанрындагы комедиялык тасма. Күлкү, тамаша аркылуу болсо да тээ илгертен аялдардын коомдогу орду, гендердик теңсиздик болгондугу чагылдырылат.

Эгер аталган дораманы көрө элек болсоңуз, кыскача мазмуну менен тааныштыра кетели.

Азыркы заманбап жашоо. Сеул шаары. Атактуу ашпозчу Чан Бон Хван Көк үйгө жумушка кабыл алынып, саясий элиталарга тамак жасап калат. Жаш, келбеттүү, ийгиликтүү, өзүнө ишенген мырзага бардык эшик ачык болчу. Кыздарды мээлейдей алмаштырып, керекпи алардын атын да жаттап убара болчу эмес. Бирок бир ирмемде баары өзгөрдү. Бийиктиктен сууга кулап эсин жоготкон Чан Бон Хван аял болуп ойгонду. Болгондо да Чосон доорундагы ханыша Ким Со Ён экен. Аң-сезими заманбап эркек боюнча калган ал аялдын денесине көнүшү керек эле. Ушул жактан кызыктын баары башталат. Өзгөчө экран артында отурган айымдарга жагымдуу көрүнүш болсо керек. Аял болуу канчалык кыйын экенин эркек сезип жатат да. Бул бир чети эле. Андан сырткары хан сарайдагы интрига, бийлик талаш, бийлик үчүн өлүмгө чейин жеткен курмандыктар, сүйүү жана башка. Заманбап жашоодон бир топ жыл артка кайткан каармандын кыймыл-аракети бир чети күлкү тартууласа, экинчи чети эми кандай болот деп кызыгуу жаратат.

“КОРЕЙЛЕРДИН ТАРЫХЫН ШЫЛДЫҢ КЫЛДЫ...”

1-сын. “Ханыша Чорин” кытай жазуучусу Сянь Чэндин “Алга, ханыша, алга” романынын негизинде тартылган. Буга чейин кытайлар да веб-дорама тартышкан эле. Корейлердин дорамасы экранга чыгар алдында эле сынга кабылды. Буга себеп, жазуучу Сянь Чэнь эле. “Буга чейинки чыгармаларынын биринде корей улутун расалык шылдың, келекеге алган” деп жазуучуну жактырбагандар көп болчу.

2-сын. Сындын экинчи толкуну сериал экранга чыккандан кийин башталды. Анда “дорамада корейлердин тарыхын шылдың кылган, байыркы каада-салттарыбызды чанган, айрым тарыхый каармандарды жеңил ойлуу кылып салган, тарыхты бурмалаган учурлар бар. Комедия деп эле мынча аша чапкандык болбойт” деп чыгышты.

Мындай сындарга тасма жаратуучулардан жооп болушу керек эле. Биринчи сын боюнча тасманын продюсери: “Биз жазуучу Сянь Чэндин романынын негизинде тасма тартарда анын буга чейинки чыгармасы тууралуу маалыматты карабаптырбыз. Ал үчүн кечирим сурайбыз. Бирок, айта кетчү нерсе, биз романдан баш каарман эсин жоготуп, кайра ханыша болуп ойгонгон жерин гана алдык. Калган окуянын баары өзүбүзгө тиешелүү”,- дейт.

Экинчи сын боюнча: “Биз дораманы карап чыгып, көрөрмандар тарыхты шылдыңдады деген учурларын алып салдык. Негизгиси эч кимди шылдыңдайлы деген ой жок болчу. Болгону заманбап жашоодогу адам илгерки жашоого түшүп калса эмне болмок деп ой жүгүрттүк. Анын жообун комедия аркылуу берели дегенбиз",- деген жооп болду.

Шин Хе Сон

Сериалды ашпозчу Чан Бон Хвандын ролундагы “красавчик” актёр Чве Жин Хёк баштап берет да, ал ойгонгон ханыша Ким Со Ёнду актриса Шин Хе Сон аткарат. Байкаганыңыздай, аялдын денесин, эркектин акыл-эси менен алып жүрүү жүгү дал ушул актрисада.

Туулган жылы: 1989-жыл, 31-август

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Белгилүү дорамалары: “Көк деңиз уламышы”, “Сырдуу токой”, “Менин алтын жашоом”, “Периштенин акыркы миссиясы: сүйүү” жана башка

Ким Жон Хён

Сыртынан алсыз, эрксиз, бирөөнүн колундагы куурчак сыяктуу көрүнгөн падыша чынында курч акылдуу, көрөгөч адам. Падышанын мындай эки тарабын көрөрманга жеткирүү миссиясы актёр Ким Жон Хёндо.

Туулган жылы: 1990-жыл, 5-апрель

Туулган жери: Түштүк Корея, Пусан шаары

Белгилүү дорамалары: “Мектеп-2017”, “Вайкикидеги күлкү”, “Сүйүүнүн авариялык конуусу” жана башка

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Afrodita1993
2021-01-04 13:40:47
Күтүп жүрүп көрүп атамын абдан соонун тартылыптыр. Супер инфо рахмат
+4
happiness1999
2021-01-05 19:39:16
Килейген "Супер-Инфо" дагы ката жазабы? "Боор ооруу" эмес эле, "оору" деп эле жазылат. Ошондой эле ушул дорамалар жана актерлер жонундо жазылган макалардын баарында семантикалык каталар толтура, создору супсак. Озум дорама коргон учун кызыгып окуйм, бирок мындан дагы сонун кылып макала жазса болот.
-1
Gupa
2021-01-06 10:05:58
happiness1999, кандайсыз? Бул жерде кыймыл атоочтун -уу мүчөсү бар. Оору+уу.
+3
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан