(Башы өткөн сандарда)
Эки унаа баткыдай орун бар экен. Темир аянтчадан жылып, бетондолгон аянтка токтоору менен береги темир кайрадан өз ордуна карай өйдөгө жылып, таңдын нуру чачырай баштаган асманды жаап калды. Темирдин калдыраганы, иттин үргөнү угулуп турду.
Тилек таң калганынан унаада селейип отурган. Качан гана жер төлөнүн боорундагы эшик ачылып кыз кирип келгенде эсине келе түштү.
– Жүрү,- деди кыз.
– Кайда?
– Биз ушул жерде күтүшүбүз керек. Бизди бул жактан эч ким таппайт. Кам санаба!
Унаадан түшүп аргасыз кызды ээрчиди. Ал кирген бөлмө жер алдындагы гаражга улай эле салыныптыр. Бир адам жатчу керебет, телевизор, муздаткыч коюлган. Шыпта бөлмөнү жапжарык кылган 2 жарык бергич күйүп турат. Жигит бөлмөгө көз жүгүрткөнчө өйдө карай кеткен тике тепкичтен сакал-муруту өсө баштаган 60тардагы буурул чач киши шашпай басып түшүп келди.
– Мен сени кача албайсың, күтө тур дебедим беле?- деди ал кызды зекий карап.
– Саша... Таанышып алыңыз, бул Тилек.
Абышка жигитти сынай карады. Көзгө тике караган, курчтугу жүзүнө чыгып турган жигит менен саамга тиктеше түшүп, анан кол сунду.
– Саша.
– Тилек.
– Мент что-ли?
– Был...
– Азыр силер уктагыла. Мээңер эс алгандан кийин сүйлөшөбүз. Кааласаңар валерьянка, кааласаңар снотворное аптечкада жатат. Саби, сен билесиң да...
– Ооба.
Андан артык сүйлөгөн жок. Жанагы шашпаган калыбында өйдө карай чыгып кетип, кичине темир каалганы жаап койду.
– Кааласаң тиги эшиктин артында душ, даараткана бар.
– Бул бункердин архитектору ким?
– Саша байке...
– Канча жыл отурган неме?
– Түшүнбөдүм?
– Анткорлонбо. Колунда чектирилген сүрөтү жүрөт. Союз маалында отурган зектердин көбүндө ошол сүрөт бар.
– Хм... Сен го анын сүрөтүнөн билипсиң. Ал сенин мент экениңди кайдан билди?
– Сөзгө алаксытпа. Эмне болуп отурган? Канча жыл отурган?
– Мм... 8 жыл. Адам өлтүргөн. Атууга кетмек экен, айтор, бир нерсе болуп калып калган. Жакшы киши. Тагдыры ошондой экен.
– Кененирээк?
– Ал жөнүндө көп деле айтпайт. Укканым боюнча...- кыз Тилекке карап сүйлөп жатып кийимдерин чече баштады. – Хулигандар кол салган кызды куткарам деп бирөөсүн өлтүрүп алган.
– Ушуга ишенет деп жатасыңбы?
– Өз эркиң, менде башка чындык жок. Кел, андан көрө уктайлы,- кыз ич кийимчен калып, жанатан байлануу турган чачтарын жазып жиберди. Көркөмдүү денесинин ар кай жеринде көк ала тактар калыптыр. Ошол калыбында барып, шкафтагы аптечкадан бир кичине бөтөлкөнү алып чыкты да, стакандагы сууга тамчылатып жутуп жиберди.
– Ичесиңби? Башкача уктоого мүмкүн эмес!
Тилек кызды бир топко сынай карап турду. Азыр уктаса иши бүтөт. Ушундай бункер салган абышка, чубалжыган маселеси бар немени заматта тынчытып, ушул эле жер төлөнүн полуна бетондоп көмүп салууга кантип мээси жетпесин?!
– Тамеки чегем!- деди жигит башка жооп таппай.
– Суранам, гаражга чекчи. Ал жакта түтүн бат таркайт,- кыз керебетке келип жууркан жамынды да, “бул жерге сен да батасың” дегендей жанынан орун бошотуп чүмкөнүп жатып алды.
ххх
Түтүнгө чулганып отурат. Биринин артынан бирин түтөтүп, ойлорун жыйнай албай дарманы кетти. Сыртта таң атканы да, аба ырайынын кандай экени да билинбейт. Отургучта бир чекитти тиктеген калыбында тамеки соргондон башка арга таппай турду.
Аны издеп башташкандыр. Эбак райондук милиция Ат-Башыдагы атасынын үйүнө барып, карыган чалдын үрөйүн учурушкандыр. Кантти экен ал? Кан басымы да жогору эле. Башы чыңалып, эки чыкыйындагы кан тамыры лукулдап согуп жатты.
Колундагы кезектеги тамеки бир убакта бошой түшкөн манжадан жерге кулап түштү. Пластик отургучта башы шылкыйып дарманы кеткенде уйку жеңди.
ххх
Айка Тилекке чалып такыр ала албай койду. Жигит телефонун өчүрүп койгон экен. Түштө чогуу тамактаналы деген ою бар эле. Аргасы кеткенде Марска чалды. Марс жок эле тамактанайын деген, бирок башка жол жок.
Марс бир топтон кийин гана алды.
– Алло? Марс кандай?
– Айка?
– Эмне анча чочуп?! Менин ханзаадам кайда? Бүгүн ашканага келесиңерби?
– Айка... Тилек...
– Эмне?
– Биз ашканага барбайбыз.
– Эмнеге?
– Тилек жок. Аны баары издеп жатышат. Эгер анын кайда экенин билсең, кеч болуп кала электе милицияга өзү келсин деп айт!
– Таптакыр түшүнгөн жокмун.
– Сен эмне жаңылыктарды карай элексиңби? Интернетти кара!
Айка азыркы айтылган маалыматтарды электен өткөрө албай катып турду да, анан бир топто барып маалымат сайттарын ачып баштады.
“Бишкекте милиция кызматкери, жетекчисине жана бир адамга ок чыгарып из жашырган” деген жаңылыкты окуп, анан андагы шектүү деп айтылган Т.К. деген инициалдарга көз чаптыргандан кийин гана чочуп кетти.
Тилекпи? Керимов Тилек... Маалыматта кылмышкер менен тил табышып алган милиция кызматкери эски кегин эстеп жетекчисине жана анын жанындагы адамга кол салганы, жанындагы адам каза тапканы айтылыптыр. Колдор өзүнөн-өзү эле Марстын телефонун терип баштады.
– Марс? Эмне Тилек...
– Ооба. Окудуңбу? Кайсы кара теке сүзгөнүн түшүнбөй турам. Ал сага байланышка чыкчу болсо сөзсүз мага кабарла, уктуңбу?
– Кылмышкер ким?
– Кыз. Ал жакында эле бир кызды кармаган болчу. Сага айттык эле го. Аферист кыз деп...
–...
– Айка?
Марстын сөзүн аягына чейин деле уккан жок. Дароо кызганыч көкүрөгүн ачыштырып жиберди. Азыр ал Тилектин абалынан мурун, башка бир кыз үчүн кылмышка барганын эшитип туталанып кетти. Дайыма ушундай... Жакшы көргөнүңдү туюшпайт. Жакшы кыз экениңди аңдашпайт. Ыңгайлуу учур эле келсинчи, бир шуркуянын этегин кармап, ошол шуркуя үчүн бардыгын садага чаап кетишет. “Стервалар керек буларга” деди ичинен.
ххх
Ал керебетте ойгонду. Муну бул жакка ким алып келип жаткырган? Уйку-соонун ортосунда уйкуга кеткичекти эмне болгонун эстеп жиберүүгө жан далбастады. Кантип бул жакка алып келишкенин сезбей калды. Аа... Сабина бир убакта жөлөп-таяп келе жаткан. Колунда тапанчасы турат. Мыжыгып уктаган боюнча коё бербептир. Тамактын жыты келип жатты.
– Уйкуң кандыбы?- кыздын үнүн угуп артын карады. Ал жаагын таяна колунда телевизордун пультун ары-бери кыймылдата отурган экен.
– Саат канча болду?
– Кечки сегиз... Мен тамак жасадым. Турасыңбы? Сага кийим алдырып койдум. Которунуп ал!
Жигит шашпай өйдө боло керебеттин четине отура кетти.
– Экөөбүз атактуу болуп кеттик...
Тилек кызды суроолуу тиктеди.
– Телевизордо, интернетте экөөбүз күндүн каармандары болуп жатабыз. Менимче, сүрөттөрүбүз ар бир бакка чапталды.
– Уфф...
– Сенин атаң да сүйлөдү.
– Эмне?
– Аны атайын барып тартышкан окшойт.
– Бери берчи. Кайда жүрөт?
Кыз ордунан тура муздаткычтын үстүндө турган смартфонду сунду.
– Видеону көчүрүп койгом.
Колу калтырап чыкты. Мурда таптакыр минтчү эмес. Атасы түшүрүлгөн видеону ачканча эле заматта чыпылдап тердеп кетти.
– Балам,- дептир атасы көз жашын ак сакалын аралата ыйлап, оозун кемшейте. – Кайт, балам. Тирүү кайт. Кылмышыңды моюнуңа ал. Мен кантем? Мен кантем?
Андан аркы сөздөрүн уккан деле жок. Муну дароо жетекчиси тарттырып таратканын түшүндү. Атасынын жалгызы экенин билчү. Психикалык басымды кайда коюшту билет.
– Сука!
Телефонду бетон дубалга чачырата чапты.
– Тилек?
– Жап жаагыңды!- кызга кандай жеткени белгисиз. Анын жаагын капшыра кармап дубалга жабыштырды...
(Уландысы кийинки санда)