КОМПЬЮТЕР МЕНЕН KFC`нин АЙКАШУУСУ

KFC жана Cooler Master компаниялары KFConsole аттуу оюн компьютерин иштеп чыгышты. Ал сиз ойноп жатканда тооктун канаттарын, буттарын ичине орнотулган электр мешинин жардамы менен тез эле жылытып берет. Cooler Master`дин бул системдик блогунун формасы майга бышкан тооктун канаттарын салуучу чакага окшош. Анын процессору эң акыркы үлгүдөгү Intel Nuc9 Extreme Compute Element, NVIDIA GPU жана Intel CPU. Эс тутуму болсо бир терабайт (1000 гигабайт). Экраны оюндагы нерселердин көрүнүшүн чыбырчыктатпай чакыйтып көрсөтүп, чыныгы жашоодо ойноп жаткандай сезим калтырат. Мындай жогорку мүмкүнчүлүктөргө карабастан, анын өзгөчөлүгү кичине мешинде. Ошондуктан кызыктуу гаджеттердин тизмесине катталды. Мындай кубаттуу, ошол эле учурда кызыктуу персоналдык компьютер качан сатыкка чыгары тактала элек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан