22 ЖАШТАГЫ ЖООКЕР АСЫНЫП КАЗА БОЛДУ. ЖИГИТ «ДЕДОВЩИНАНЫН» КУРМАНДЫГЫ БОЛДУБУ?

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүндө аскердик кызматын өтөп жүргөн Бексултан Адылбек уулу асынып каза болду. 21-декабрда Бишкектеги аскер бөлүктө болжол менен таңкы саат 5:30 чамасында жоокер асынып алган абалда табылган. "Жоокер өзүнө кол салды" деген версияга жакындары макул эмес. Анткени алар баласынын денесинде бир нече тактар болгонун айтышууда. Мекенге кызмат кылам деп, он гүлүнүн бири ачылбай кеткен 22 жаштагы жоокердин апасы менен маектештик.

“АСКЕРГЕ ӨЗ КААЛООСУ МЕНЕН КЕТКЕН”

– Балам Бексултан 1998-жылы 6-сентябрда Ошто төрөлгөн. Мектеп босогосун Оштон аттады. Кийин Алматыга көчүп кеттик. Ал жактан окуусун жакшы улантты. Балам 6-класс болгондо Бишкекке көчүп келдик. Мектепти 46-мектептен аяктап, Политехникалык университетке бюджеттик негизде өткөн. Өзү өжөр, аракетчил, эч кимге жамандыгы жок бала эле, ЖОЖду да ийгиликтүү аяктады. Өз аракети менен акча таап, бизге да жардам берчү. Бир күнү балам “апа, аскерге баргым келип жатат, азыр аскердик күбөлүгүң болбосо, жакшы жумушка орношо албайт экенсиң” деп калды. Өзү аскердик бөлүккө барып, жол-жобосун да билип келди. Мага: “Апа, аскердик күбөлүктүн жасалмасы болот экен, ал 25 миң сом, түп нускасы 50 миң сом турат имиш,
50 миң сом бергенче кызмат өтөп келейин”,- деди. Мен чечимди өзүнө калтырдым. Ал ортодо энергетика тармагында 2 жарым ай иштеп, 2020-жылдын сентябрь айынын 15теринде аскерге кетти.

“АСКЕРГЕ БАРЫП БЕКЕР КЫЛЫПТЫРМЫН ДЕДИ”

– Балам чек арага, Нарынга барайын деген, бирок 702-аскердик бөлүккө бөлүнүптүр. Ант берердин алдында сентябрдын аяк ченинде өзү телефон чалып, “апа, мен жакшымын, бул жакта тамакты жакшы беришет экен” деди. Санаа тартып, “уруп-соккон эч ким жокпу?” десем, “жок, баары жакшы” деп койду. Уулум “эки айдан кийин келиңиз” деген. Туугандар “шаарда жоокерлерди жакшы карашат” дегенинен жүрөгүм тынч эле жүрдүм. Экинчи балам Орусияга кетмекчи болуп, иниси экөө майда-чүйдө алып, барып жолугуп келишти. 13-ноябрда Бексултан үйгө келди. Сүйлөшүп отурдук. Мен аскерде кызмат өтөө кандай экенин сурадым. Ошондо балам “ачыгын айтайынбы, аскерге барганда бир дембелди уруп койдум эле, алар мага жабылып келип, эс-учумдан танып калганча сабашты. Жаңы барган балдар бири-бирибизге жардам беребиз деп сүйлөшөбүз, бирок дембелдер келгенде эле коркуп калышат. Апа, эмне үчүн аскер кызматы жарыбайт десе, булар аябай жаман иштерди кылышат экен. Мен альтернативдик негизде эле кызмат өтөбөптүрмүн, бекер кылыптырмын. Бирок эч нерсе эмес, мен кызматымды аягына чейин өтөйм” деди. Ошентип кетерде керек болуп калат деп 1500 сом сурап кетти.

“БАЛДАРДЫ МЕКЕНГЕ КЫЗМАТ КЫЛСЫН ДЕП ЖӨНӨТСӨК, АЛ ЖЕРДЕ ЫПЛАС ИШТЕР ЖАСАЛАТ ЭКЕН”

– Уулум кеткенден кийин сарсанаа боло баштадым. Бир күнү балам “апа, аскердик бөлүккө келбеңиз, элдин балдары деле жүрүшөт. Кимдин жакындары келсе, булар ошол жоокерге салык салышат экен” деди. 19-декабрда “мен үйгө жөнөп жатам, өргүү берди” деди. Тамак жасап күтүп алдым. Андан мурун бир чаткалдык бала менен дос болдум деп жаткан. Ошол досун сурасам, “жүрөт, ал мурда жаагынан операция болгон экен, өткөндө анын айтканына койбой, дембелдер ошол жаагына чабышты. Ал жерде болгону кол башчыдан гана коркушат. Ал келгенче каалагандарын жасашат. Ошол жерде иштеп, пенсияга чыккан бир аскер кызматкери бар. Ал ичет, келип бизге каалаганын жасайт. Ага эч ким эч нерсе дей албайт” деди. Үйдөн чыгып баратып, “апа, инимди аскерге жөнөтпөй эле коюңуз” деди. Мен ошондо уулумду акыркы жолу көргөн экенмин. Ошондо да жанына 2000 сом салып бердим. Көрсө, аскерде салык салынат экен. Бир аскер кызматкери түшкөн көмүрдү уурдап кетерин да кошумчалады. Биз балдарды мекенге кызмат кылсын деп жөнөтсөк, ал жерде жаман иштер жасалат экен.

“КҮНӨӨНҮ КАЙРА ӨЗҮБҮЗГӨ КОЙМОЙ БОЛУШТУ”

– 21-декабрда саат 11лерде бир жигит мага телефон чалды. Телефонду жолдошума бердим. Биз “Дордой” базарында соода кылып жүргөнбүз. Ал жерге аскер кызматкерлери келишти. Мага балам бирөөнү уруп койгон го деген ой кетти. “Эмне болду? Ачыгын айткыла” дедим. “Балаңар, Бексултандан ажырап калдык” дегенде бакырып, көзүм караңгылай түштү. Кошуналар келип суу чачып эсиме келтиришти, күйөөм ары жакта жыгылып жатат. Эмне болду деп сурасам, “асынып алды” дешти. “Силер өлтүрдүңөр, ал өлө турган бала эмес болчу” деп, бирөөсүн чапкылап жибердим. “Кайда асыныптыр?” десем, үчөө үч башка жерди айтышты. Бирөө керебеттин башына дейт, экинчиси эшикке дейт, үчүнчүсү башка бир бөлмөгө дейт.

Өлүкканага жөнөдүк. Ал жерде Толгонай деген психолог кыз жана тергөөчү бар экен. Экспертиза жасоо үчүн денени сойдурмай болдук. Ага чейин жолдошум кирип, баланын көк ала болгонун көрүп, эси ооп калды. Психолог мага “аскердеги балдар үйдөгү көйгөйдү укпашы керек да” деп сүйлөнөт. Эмне болду десем, “уулуңуз апам ооруйт, атам ичет деп сарсанаа болуп жүргөн тура” дегендей кылды. Муну менен ал “аскердик тартипке чыдабай, үйдөгү көйгөйлөрү да кошул-ташыл болуп, өз жанын кыйды” дегенди айткысы келип жатыптыр. Биздин үй-бүлөлүк абал жакшы. Ошол учурда жолдошум күйүткө чыдай албай, кичине ичимдик ичип алса керек. Кыскасы, күнөөнү кайра өзүбүзгө коймой болушту. Баламдын сөөгүн Ошко алып барып койдук. Денесинде көк ала тактар бар экен. Уулумду өлтүргөндөр акыйкаттык менен жазасын алыш керек. Мен бутум жеткен жерге чейин арызданып барам. Энелердин мен сыяктуу зар какшап калышын каалабайм.

“ТАБАРСЫГЫ КАНТАЛАП КАЛЫПТЫР”

Маркумдун сөөгүн жууган аталаш тууганы Азамат Сейитов төмөнкүлөргө токтолду:

– Менин оюмча, баланы сабап өлтүрүшүп, андан кийин асып коюшкан. Сөөк жууганда оң жамбашы көгөрүп бир нерсе менен урулганын байкадык. Сол жамбашы да көк ала. Санын жип менен байлап кысышкан. Эгер адам асынып алган болсо, баш бөлүгүндө кандайдыр бир процесс болуп, көгөрүп, өңү буулуп же тили чыгып калмак болушу керек. Инимден андай нерсени байкаган жокпуз. Моюнунда асынгандай так жок. Болгону кичине кызарып калыптыр. Буту-колдору кадимкидей көк ала. Айылда жүрүп "өзүн асып алды, өлүп алды" дегенди көп эле угуп жүрөбүз. Бексултан 18 жаштагы жаш бала эмес, акыл-эстүү, токтоо жигит эле. Табарсыгына тебишкенби, айтор, кызарып, канталап калган. Мен бул бала киши колдуу болгонуна 100 пайыз ишенип турам. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы акыйкат чыгат го деп ишенебиз. Баланы өлтүргөндөр өз жазасын алышы керек.

“136-БЕРЕНЕ МЕНЕН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ”

Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын тергөөчүсү төмөнкүлөрдү билдирди:

– 2020-жылдын 21-декабрында бизге №702 аскер бөлүгүнөн 22 жаштагы жоокер өз жанын кыйды деген маалымат келип түшкөн. Аскердик прокуратуранын тергөө тобу окуя болгон жерге барып, ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 001 беренеси менен кылмыш иши козголгон. Азыр 136-беренеге (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) өзгөртүлдү. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок азырынча жыйынтыгы даяр боло элек.


Жолдубек Качкынбаев

 Кыстарылган видео 
Аскерде каза болгон жоокердин апасы: “Уулуң муунуп алган дегенге ишенбейм“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Sara1993
2021-01-04 14:04:32
Ошол жакты ондош керек, бул биринчи жолу болуп жаткан жок чондор эмне менен алек , бироонун чырактай уулун олтуруп койуп.Ким олтурсо дагы ошол адам омур бою жарыбай мындан дагы кыйналып олсун, эч жакшылык корбосун, озунун балсын дагы бироо ушунтип олтуруп кесин ошондо корот,баладан ажыраган кандай болот экенин.
+8
Nina.alex
2021-01-04 16:13:39
Ыйлагын келет полго отуруп алып онгуроп онгуроп
+5
serche
2021-01-04 19:20:31
Жырткычтар, кудай жазанарды берсин
+9
suban78
2021-01-04 20:38:02
Эч ким эч нерсе кыла албайт мына коросунор. Жапты жапты болуп кетет. Ата энесин да коркутушат арызынарды алгыла деп.
+6
mirana9395
2021-01-04 22:15:44
Ким кылса да омур бою жакшылык корбой балага зар болуп отсонор экен ылайым.чырактай баланы жепсинер.
+5
ika8086
2021-01-04 23:06:19
кудай бар,жазасыз калтырбайт.
+2
BemaAzat9290
2021-01-04 23:19:46
Ошон учун жонотпош керек болчу колу сынгырлар мен балдарымды жонотпойм
+4
Bek0718
2021-01-10 10:57:27
BemaAzat9290, балаңа эч ким зар эмес
-1
Meken28
2021-01-05 10:51:39
El bashchylarybyz emne konul burbait,kancha jash jigitter olup ketti ......meesi joktor,kudai jazalasyn oshol akmaktardy,emnege kamera koiushpait.Kyrgyzdyn armiyasy,meditsinasy,joldoru,ekonomikasy degi ele ech jeri onolboi turgan boldu.
+3
Nargiz3726
2021-01-05 20:22:22
Бизде акыйкат жок мен да баламды жибербейм аскер кызматына, Кыргызстан оңолбойт болду
+5
AminaAli
2021-01-05 22:49:16
Baarisi joop beret ertebi kechbi,, azir eldik president japarov kelse baarin orduna koep dep iwenem bizde baari bardak, korrupsiaga konup algan emi joop berchu uchur keldi!!! jatkan jeri jailuu bolsun! Ata-enesine sabir!
+3
Aidai94
2021-01-07 10:57:26
Кудай сактасын! Эмнелер гана болуп жатат. Биздин олкодо патриоттук, элге кызмат кылам деген инсандар жок. Жаш оспурумдорго , балдарга кордук корсотулгону кучоп баратат.
+4
Nursul
2021-01-07 15:59:47
Ата энесине жакын туугандарына чын көңүлүмдөн көңүл айтам сабыр кылыңыздар кандайдыр бир коркутуулар болуп коомчулуктан жардам керек болсо кайрылыныздар жардамымды аябайм. Ушундай болуп атса кайсы ата эне баласын аскерге жоноткусу келсин ошол жактагы иштеген полковник дегендерди да сийдириш керек не себептен мындай болот неге көзөмөлдөбойт. Ата Мекенге кызмат өтөп келейин деп жаш балдар барса кылгандары бул бул дүйнөдө болбосо акыретте Аллахтын алдында сөзсүз акыйкаттык табасыздар.
+2
Aijana-nur
2021-01-09 01:28:08
Жоопко тартып жазалаш керек ошондо ДЕДОВЩИНА токтойт анан да жаны баргандар менен кийинки баргандарды озунчо жашатып кызмат отошсо жакшы
+1
nurik73
2021-01-09 17:34:24
армиябыз кейиштуу абалда. уулдарыбыз бизди коргош керек эле тескерисинче биз аларды зомбулуктан коргошубуз керек. себеби офицермин дегендердин баары адамдык сапаты билим денгеели ото томон.ошондойлордон армияны тазалап чыныгы жигиттерди алып келишибиз керек. оз жоокерин кордогон командирлер,бирин бири басмырлаган жоокерлер эртен согуш болсо бирин бири сатат.
+1
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан