БАЛА БИЙИКТЕН БОЙ ТАШТАП КАЗА БОЛГОН ОКУЯ: АЙЫПТАЛГАН ТАРАП СОТ ЧЕЧИМИНЕ НААРАЗЫ

Макалада сөз боло турган окуя 2019-жылдын 11-октябрында Бишкекте болгон. Анда 14 жаштагы окуучу 7-кабаттан секирип каза болуп, буга күнөөлүү деп шектелген жарандар 5 жылга эркиндигинен ажыратылышты. “Cот ишти акыйкат карабай, бейкүнөө жерден 2 адам соттолуп кетти” деп Бурулбүбү Шаршенова, Назгүл Кошалиева аттуу жарандар редакциябызга кайрылышты.

“КҮНӨӨСҮЗ ЭКЕНИН БАРДЫК КӨРСӨТМӨЛӨР ДАЛИЛДЕП ТУРАТ”

Соттолгон жарандардын биринин жубайы Назгүл Кошалиева:

– Жолдошум Элдияр “Чынар” соода борборунда иштечү. Үч мектеп окуучусу гипермаркетке уурулукка кирип жатышканда камерадан көрүп, “кармап келгиле” деп бир баласын жөнөтөт. Үчөөнү кармашкан соң окуучуларды укук коргоо кызматкерлерине берерден мурун “балдардын келечегине так калып, жөн жерден милициянын тизмесине түшүп калбасын” деп, алардын ата-энелерин чакыртышат. Бул нерсе видеодо деле бар. Экөө ата-энесин чакырып, бири “атамдан корком” деп чакырбай коёт. Балдардын биринин апасы келип, аны менен сүйлөшүп калган учурда ата-энесин чакырбай койгон бала сыртка чыгып кеткен экен. Ошол аялдан балдардын класс жетекчисинин номерин алып, ага чыгып кеткен баланын уурулук кылганын айтып, “ата-энесине билдирип койгула” дешкен. Мугалими ал баланын атасына айтыптыр. Ошондо атасы баласына телефон чалып, 57 секунд сүйлөшүп, ошондон кийин бала телефон чалууларга жооп бербей койгон. Бала телефонун такыр албай койгондо атасы соода борборго да издеп келип кетиптир.

Биздин эки балабыз бар. Биринин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү. Майып баланы багуу кандай кыйын экенин жакшы түшүнгөндүктөн, “Бейиш балдары” деген кайрымдуулук фонд ачып, иштетип келебиз. Үйдө бизди баккан жалгыз эле жолдошум болчу. Өзүм университетте мугалим болуп иштечүмүн. Кызым майып болуп төрөлгөнү аны карап үйдөмүн. Эки бала менен атабыздын колун карап отурчу элек, эми эмне кылышты билбей калдым. Жодошумдун күнөөсүз экенин бардык көрсөтмөлөр далилдеп турат. Бул иш буга чейин суицид деп каралып сотко өтпөй келген. Сот далилдерди жакшы карабай туруп жүйөсүз эле чечим чыгарып койду. Күйөөм бейкүнөө жерден соттолуп отурат. Мындай акыйкатсыздыктан улам Кыргызстанда жашагым да келбей калды. Биз Свердлов райондук сотунун өкүмүнө нааразы болуп, шаардык сотко кайра карап берүүсүн өтүнүп арыз менен кайрылганбыз. Шаардык соттун алдында акыйкат чечим үчүн тынчтык митингин өткөрдүк. Ал күнү компьютер иштебей калды деп сотту кийинкиге жылдырып салышты.

“АДИЛЕТТИК БОЛСО БЕЙКҮНӨӨ АДАМДАР ЖАБЫРКАБАЙТ ЭЛЕ”

Соттолгон жарандардын биринин апасы Бурулбүбү Шаршенова:

– Уулум Аман абактан 30 жашка толду. Эки кенедей кызы бар, улуусунун эки көзүнө операция жасалды. Кичүүсүнө 4 ай болду. Батирди ижарага алып жашашат. Айыптап жаткан киши баласын чекесине чертпеген адамдарды күнөөлөп, соттотуп жиберди. Аны деле түшүнүп турам. Баласын жоготуу оңой эмес. Кырсык болду, мындайды эч кимге бербесин. Бирок бардык далилдер туруп акыйкатсыз чечим чыгып жатпайбы. Балам уурулук кылган балдарды милицияга эмес, ата-энелерине өткөрүп берип жакшылык кылам деп жатып бөөдө 5 жылга эркинен ажырап отурат. Соттор ишти акыйкат караса, адилеттик болсо, күнөөсүз адамдар камакта отурушпайт эле.

“БАЛА 7-КАБАТТАН СЕКИРИП КЕТКЕН”

Айыпталуучулардын жактоочусу Азамат Караев окуяны кеңири айтып берди:

– Бул окуя 2019-жылы 11-октябрда болгон. Анда жашы жете элек үч өспүрүм күндүзгү саат экилерде “Чынар” соода борборундагы “Алма” гипермаркетине уурулукка барышат. Алар дүкөндөн суусундук, майда-чүйдө азыктарды алышкан. Бир гана “кириешкиге” төлөп, калганына акча төлөбөй чыгып бара жатышкан жеринен соода борборунун коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап алышкан. Кызматкерлердин эрежеси боюнча, кардар унутуп калып төлөбөй чыгып баратса, кайра кассага алып барып төлөтүп, эскертүү берип кетирет экен. Бирок бул жерде балдар моюнуна албай жатканда кызматтык бөлмөсүнө алып барышып, рюкзагындагы уурдалган товарларды алып чыгышат. Балдар ошондо “ооба, биз алдык, буга чейин дагы алганбыз” дешкен экен. Эч кандай чыгым келтирилбегендиктен кызматкерлер “жашы жете элек балдар экенсиңер, ата-энеңерди чакыргыла, милицияга бербей эле коёлу” дешет. Балдардын ичинен Г.А. менен Ч. уулу Э. апаларына чалат. Маркум Н. уулу Энин “мен ата-энеме чалбайм, алар мени урушат” деген сөздөрү бар. Ата-энесинен коркконун ошондон билсек болот. Г.Анын апасы келип кызматкер менен сүйлөшүп жаткан убактан пайдаланып маркум бала сыртка чыгып кетет. Андан соң Ч. уулу Э. менен WhatsApp аркылуу байланышып, “мен качып чыгып кеттим, шаурма жебейлиби” деп жазат. Алар Чүй-Карпинский көчөлөрүнүн кесилишинен жолукмай болушат. Экөө жолугушарда
Н. уулу Э. телефон менен сүйлөшүп келе жатып, досуна кол булгап коюп, жолукпастан артка карай кетип калат.

Бул учурда Н. уулу Э. атасы менен сүйлөшкөн. Ошондон кийин бала 9 кабаттуу бир үйдүн болжолдуу 7-8-кабаттарынан секирип кеткен.

“БИР ӨКҮМ ЭКИ БАШКА БОЛУП ЧЫКТЫ”

- Соода борборунун коопсуздук кызматынын кызматкерлери Ү. уулу А., О.Э., Т. Иге Жазык кодексинин 136-беренесинин (өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү) 2-бөлүгүнүн негизинде айып коюлган. Өспүрүмдөр Ч. уулу Э. менен Г.А. көрсөтмөлөрүндө “бизди кызматкерлер коркуткан эмес, эч кандай акча талап кылган жок, буюмдарыбызды алган жок, бир эле “ата-энеңерди чакыргыла” деп талап коюшкан” дешкен. Ал эми ошол окуя болгон күнү уулун алганы соода борборуна келген Г.Анын апасы “коопсуздук кызматкерлерине эч кандай дооматыбыз жок” деп жатат. Ал күндөгү видео жаздыруулар иш материалына тиркелген. Ал жерде кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз иш-аракет жасалбаганы көрүнүп турат.

Токтоло кетчү нерсе, сот эки айыпталуучуну 5 жылга эркинен ажыратып, үчүнчү соттолуучу Т. Ини актап коюп жатат. Анан да жыйынтыктоочу бөлүктүн өкүмүндө О.Энин жаза мөөнөтү 5 жыл деп көрсөтүлгөн, ал эми негизги өкүмдө 6 жыл деп көрсөтүп койгон. Бир өкүмдүн эки башка болуп чыгышы жол берилгис ката. Бири-бирине дал келбеген өкүмдөр биздин колдо турат. Бул соттун кылмыш ишин жакшы карап чыкпаганынын белгиси. Окуяда кылмыштын курамы жок болсо да, мыйзамсыз соттоду. Мындайча айтканда, жөн эле жалаа жабуу. Биз сот ишинде далилдердин баарын көрсөткөнбүз, тилекке каршы, сот бул кылмыш ишти терең изилдебестен, Ү. уулу А. менен О. Эни 5 жылдан эркинен ажыратып койду.

Белгилей кетсем, жабырлануучунун улуу баласы С.Н. тергөө маалында көрсөтмө берген. Бирок мыйзамга ылайык тергөөчүнүн кечки саат ондон тартып сурак протоколун түзүүгө укугу жок. Ал “Н. уулу Э. атамдан корккондуктан боюн таштады” деген мааниде көрсөтмө берген. Бирок бул саат ондон кийин болгондуктан атасы К.Н. “процесстик эреже бузуу болду” деп Жогорку сотко чейин барып, сурак протоколун жокко чыгарткан.

Кылмыш ишинин материалына К.Ннын өлүкканадан баласынын денесин текшертпестен алып кетүү тууралуу жазган арызы да тиркелген. Анда бала өзү өлүмгө барганын моюндаган.

Экинчи тараптын дагы пикирин угуу үчүн маркум Н. уулу Энин атасы К.Нга байланышканыбызда, ал “кызыкдар тараптар дайыма өздөрүнүн кызыкчылыгын айтат, соттун чечимине макул эмес тараптар сөзсүз болот. Бул жерде ишти сот чечет. Соттун өкүмү чыкты, мен бул чечим боюнча эч нерсе айта албайм. Соттун өкүмүндө баары жазылган” деп билдирди.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
munarbek.92
2021-01-04 11:19:42
Соттор козунорду ачкыла азыр ыйманга келип калгыла Адилет чечим чыгаргыла акмактар Бир Кун башынарга балекет келет козунор кор болуп калбасын Аллах Таала карап турат билип турат акмактар Аллахтын каргышы Болсун силерге соттор карапайым калкка кучунор жетет силердин
+1
Altynbekova.01
2021-01-04 14:11:03
Ал бала атасынан коркону учун эле секирип ийгенго чагымда. Коркпосо чакырмак да туурабы. Кузотчуулорло не куноо дейм да
+2
Datka7777
2021-01-04 14:44:17
Соттун чечимин карап коруш керек экен! Юрисдикция кантип чечим кабыл алганын. Уурдалган товардын акчасын толосо, же кайтарып берсе акт толтуруп бошотуп жиберсе болот милиция чакырбай эле. Же окуган мектепбине билдируу жонотуп коюшу керек
0
Jaka78
2021-01-05 15:15:31
Атасынан корккону билинип эде эле турат да, охрана өз ишин жасады да,соттор Алладан корккула
0
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан