Кырсыктан кийин комага түшүп, эс-тутумун жоготкон англиялык аял 30 жылдан кийин үй-бүлөсү менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ли-Трейси Майли 1991-жылы Англиядан Кипрге жөнөп, дайынсыз жоголгон. Балдарынын издөө аракеттери ийгиликсиз болгон. 2019-жылдын декабрь айында уулу Крейг Дорсет округунун полициясына апасын издеп кайрылган. Издөөнүн жыйынтыгында Майли Кипрде кырсыкка кабылып, комага түшүп калганы аныкталган. Комадан ойгонгон соң ал эс-тутумун жоготуп, үй-бүлөсү бар экендигин унутуп койгон.
Полиция 2003-жылы Майли Лондондо жашап, бирок андан кийин дагы дайынсыз кеткенин аныктайт. 2004-жылдан бери Майли АКШнын Аризона штатында жашап жатканы аныкталып, полиция аны үй-бүлөсү издеп жатканын айтып, таап келишкен.
Жолдубек Качкынбаев