ТЕБЕТЕЙ. Учурда популярдуу баш кийимдин жасалышы жана өзгөчөлүгү

Тебетей – кыргыз элинин улуттук баш кийимдеринин бири. Ал териси баалуу суусардын, сүлөөсүндүн, түлкүнүн, кундуздун жана башка ушул сыяктуу жаныбарлардын терисинен тигилет. Учурда президенттикке талапкерлердин кийип жүргөн тебетейлери талкууга алынып, барган жеринен аргымак минип, тебетей кийип жатышканы, алардын баалары уу-дуу кеп болууду. Бул макалада тебетейдин тигилиши, философиялык мааниси, улуттук баш кийимдердин ичинен ээлеген орду тууралуу сөз кылалы деп чечтик.

«3 ЖАШТАН 90 ЖАШКА ЧЕЙИНКИЛЕРГЕ ТЕБЕТЕЙ ТИГЕБИЗ»

Базарда тебетей саткан Алтынай Асаналиева тебетей жөнүндө төмөнкү кызыктуу маалыматтарды айтып берди:

– Азыркы учурда тебетейди улуу муун киет деген түшүнүк жок. Биз тебетейди үч жаштан токсон жашка чейинки курактагыларга тигебиз. Үч жаштагы балдар үчүн тери капталган бөлүгү бир аз жапызыраак тигилет. 70-80 жаштагы адамдарга териси көбүрөөк, балпакай болуп тигиле баштайт. Аял-эркек, улуу-кичүүнүкү фасондору жана түсү менен айырмаланат. Мурун тебетейдин аң-терилеринин баары бир түстө эле. Азыр замандын талабына ылайык, бир нече түстөгү тебетейлерди кезиктирүүгө болот. Бир эле суусардын терисинен белин, моюнун бөлүп алып, үч-төрт түр тебетей чыгарса болот. Норканын мурун бир түрү бар эле, эми ондон ашык түрү бар. Кардарлар келгенде биз жаш өзгөчөлүгүнө жараша сунуштайбыз. Кара түстөгү тебетей 40-45 жаштагыларга ылайыктуу. Улуу муундарга ачык түстөгү тебетейлер кетет.

«ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР КИЙИП ЖҮРГӨН ТЕБЕТЕЙ ТУРБАЙБЫ ДЕШҮҮДӨ»

– Биз 25 жылдан бери тебетей тигип сатабыз. Бир тебетейди даярдоо үчүн 2 саат убакыт кетет. Ырчылардан да буюртма алып тигебиз. Баалары ар кандай, сапатына жараша 1000 сомдон баштап,
25 миң сомго чейин. Мен өзүм тиккендиктен баасы ушундай. Эгер башка жактан алып келсем үстүнө бир аз акча кошом. Суроо-талап болсо аймактарга да жөнөтөбүз. Бизде жергиликтүү аң-тери көп баалана бербейт. Анткени биздикилер жаныбарларды суудан кармап келип эле тиге беришет. Орусиядан алып келинген терилердин иштетилиши жакшы. Жаныбарлар жакшы багылат, балык жешет. Ошондуктан териси жылтырап турат. Биз бир гана Орусия менен иштешебиз.

Тебетейдин сезону күзүндө, той-аш башталган учурда башталат. Августтан баштап, октябрга чейин тынымсыз иштейбиз десем болот. Март айынан тарта июлга чейин тигип даярдоо иштери менен алектенебиз. Соңку учурларда терилер боёлбой, табигый түстө келип жатат. Анткени терини каалаган түскө боёгондун ордуна, жаныбарларды аргындаштыруу табигый жолу менен түркүн түстөрдү алышууда. Кардарлар келип көрүп «Президенттикке талапкер кийип жүргөн тебетей турбайбы» деп тебетейлерди баалап калышты. Ага чейин көп кеп болчу эмес. Талапкердин тебетей кийгени бизге пайда болду. Аларга эки жакка барганда эл кийгизип жатат окшойт. Ошондон улам учурда суроо-талап жылдагыдан жогорулап жатат.

Жаш өзгөчөлүгүнө жараша тебетейдин түстөрү:

  • 45 жашка чейинкилерге кара түстөгү тебетей кийүү сунушталат.
  • 45-55 жаш курактагыларга күрөң түстөгү тебетейлерди кийүү сунушталат.
  • 55-60 жаш курактагыларга жаңгак түстөгү тебетейлер сунушталат.
  • Ал эми 65 жаштан жогоруларга ачык түстөгү тебетейлер туура келет.

«КЫРГЫЗДА СУУСАР ТЕБЕТЕЙ БААЛУУ»

Көп жылдан бери тебетей саткан Алмаз Муканбетжановду да сөзгө тарттым. Ал тебетейди сактоо жана туура күтүү жөнүндө айтып берди:

– Аял кишинин тебетейинин үстү тоголок, образдуу айтканда, коондун башындай болот. Ал эми эркектердики төрт талаасы бириктирилип, капшыра тигилгенде баш кийимдин төбөсү төрт бурч болуп айырмаланат. Тебетейди болгону күбөдөн сактоо керек. Күбөгө каршы атайын химиялык каражаттар бар. Жылына бир жолу жай мезгилинде көлөкөгө 20 мүнөт жайып, кайра жоолукка ороп коюу кажет. Жууганга болбойт. Дүйнөлүк рынокто киштин (соболь) териси бааланат жана кымбат турат. Ал эми кыргыздар үчүн суусар тебетей баалуу. Жалпы жонунан алып караганда, экөө тең бир жаныбар. Болгон айырмасы – соболь орус токойлорунда, ал эми суусар тоодо жашайт. Тебетей тери бышып-жетилген учурда тигилет. Ага чейин тигилбейт. Булардын териси жазында түлөп, күзгө маал бышып-жетилет.

«ХАНДЫН ТЕБЕТЕЙИ КЫЗЫЛ МЕНЕН ТЫШТАЛГАН»

Тебетейдин тигилиш жолу боюнча чебер уста Нуралы Буркановдон сурап көрдүк:

– Тебетейдин тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Тебетейдин төрт талаасы төрт башка бычылат. Ичине кебез менен жүн салынып шырылат. Анын дубайнасынын ортосуна жүн же кебез имериле коюлуп тигилет. Каптоосу суусар, норка жана башка аң-терилерден тигилет. Баш кийим жалгыз бир териден тигилбейт. Тебетей жакшы чыгыш үчүн бир түстөгү беш суусар болушу керек. Тартиби боюнча жаныбардын жон жагындагы терисинен өзүнчө, кол жагынан өзүнчө тигилет. Эки же үч суусардан тигип койсо тебетей тегиз чыкпай калат. Ал эми норканын териси төрткө бөлүнүп, төрт бөлүгүнөн төрт башка тебетей чыгат. Мурун кыздардын кырмызы манат, жашыл, көк баркыт менен тышталган кундуз тебетейлеринин төбөсүнө булая үкү тагылып, шуру, бермет тизилип, ал асыл таштар менен кооздолчу. Ал эми эркектердин тебетейлеринин төбөсүнө топ чачыдан «чок» тагылат. Азыр да ырчы-чоорчулар түрдүү жасатып жүрүшөт. Кыргыздардын ичинде хандык даражага жеткен адам гана төбөсүн кызыл менен тыштатып кийүүгө мүмкүнчүлүк алган. Андай тебетейди «кызыл чок» деп аташкандыгын кыргыз тарыхы ырастайт.

ТҮРЛӨРҮНӨ ЖАНА ТҮСТӨРҮНӨ КАРАП БӨЛҮНҮШҮ

Илгери кыргызда тумак ээсинин кийген баш кийимине жараша социалдык абалын, жаш өзгөчөлүгүн баамдашкан:

  • Кулакчыны менен, койдун терисинен тигилген тебетейди телпек дешкен да, аны карапайым адамдар кышкы суукта кийишкен.
  • Карапайым, өз чарбачылыгы менен чектелген адамдардын сый тебетейи көрпө тебетей болгон.
  • Орто малы, алыш-бериш катышы, айылында анча-мынча кадыры бар, өз оокатына тың адамдар түлкү тебетей кийишкен.
  • Ал эми бир журттун билерманы, башкалар үчүн тайлык кадыры бар адамдарга суусар тебетей кийүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
  • Бир чөлкөмгө бийлик жүргүзгөн, башка урууларга таанымал кадыры да, бийлиги да бар адамдар кундуз тебетей кийишкен.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан