(Башы өткөн сандарда)
Байэлдин көздөрү алаңдап коркуп кетти. «Өлдүм, эми мени милицияга салып берет» деди. Киши чоң колдору менен Байэлди төбөдөн ары бир кагып алмак. Үтүрөйүп коркуп турган түрүн көрүп эшикке жетелеп жөнөдү. Качууга да аракет кылган жок. Шалдайып жанында ээрчий басып бараткан Байэлди карап жанатан жини келип жаткан кишинин күлкүсү келди. Аны көргөндө эле удуң-шудуңу жок бала экенин түшүнгөн. Коё берип деле жибермек, бирок эмнегедир чөнтөгүнө кол салган жигиттин чоо-жайын билгиси келди. Сыртка чыгып соода борборунун алдындагы отургучту көздөй басты. Байэл да унчукпай ээрчип келип тигил кишинин жанына отурду.
– Ии, баатыр, ишти жаңыдан баштап жатасыңбы? Сенден чөнтөкчү чыкпайт го. Чөнтөгүмдөн тышка чыгып турган капчыкты ала алган жоксуң. Канчадасың?
– 18де,- деди жер тиктеген абалынан жазбай.
– Ата-энең сенин бул кылыгыңдан кабары барбы? Окуйсуңбу?
– Жок, окубайм. Ата-энем жок. Балдар үйүндө өскөм.
– Түшүнүктүү. Досторуң бар беле жаныңда?
Жигит үн каткан жок. Коркту, «бизди сатып кеттиң» деп эртең терисин тескери сыйрышсачы.
– Атың ким?
– Байэл.
– Меники Алмаз. Мен залга барышым керек. Сени менен сүйлөшө турган сөздөр калды. Жүр, мени менен залга бар. Жумуш бүткөн соң сөзүбүздү улантабыз. Байэл аргасыз эле, «жок, барбайм» деп айта алат беле? Жай отуруп суроо салган, андан соң залга ээрчитип бараткан кишинин ким экенине кызыкты. «Бул эмнеге мени милицияга берген жок? Же чакырып коюп мени кармап отурабы?» деп ичинен бушайман болуп жатты.
Экөө жолдун аркы өйүзүнө өтүп, көп кабаттуу имараттын жер төлөсүнө киришти. Байэл аркасынан ээрчип келе жатты. Тигил киши ачып жаткан каалганын сыртынан "машыктыруучу Алмаз Мусаев" деген жазууну окуду.
– Байэл, сен бул жакка кире бер, мен кийимдеримди алмаштырып чыгайын.
– Макул,- деп кийинки бөлмөгө баш бакты. Бирөө ары-бери чуркап, экөө күрөшүп, экөө төрдөгү рингде мушташып, дагы бири груша согуп, айтор, 10 чакты жигит кызуу машыгып жатыптыр. Өзүн дагы ушул жигиттердин арасынан көргүсү келип кетти. Кичинесинен бери бокс кол кабын кийип, рингде сокку узатып жатканын кыялданчу.
ххх
– Салам, жигиттер, баарыңар келдиңерби?
– Саламатсызбы, агай?
– Саламат.
– Салам алейкум, агай,- ар бурчта өз иши менен алек болуп жаткан жигиттер четинен чуркап келип сырттан кирип келген Алмаз Мусаев менен саламдашып, катар тизилип туруп жатышты.
– Убакытты кетирбей машыгууну баштайлы.
Жигиттер чуркоодон баштап, ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, ыкмалар менен иштеп, күрөшүп жатышты. Төрдөгү рингде Алмаз агай «чыканакты көтөр, оң-сол» деп сүйлөнө бир жигитти машыктырып жатып, четте кызыгып карап турган Байэлге көзү урунду.
– Жакшы, Арс, жылыш бар.
– Улантабызбы?
– Бир аз эс ал.
– Байэл, кел, бир байкап көр. Милиция качан келет деп коркуп отурган Байэл мындай сөздү чынында күткөн эмес. Ичинен кудуңдап сүйүнүп кетти. Бутун чечип рингди көздөй баратканда ушунчалык толкунданды. Агай жанына келген Байэлге колундагы кол капты ыргытты. Жигит канча тартынбасын, ичиндеги каалоосу аны жеңип кетти. Байэл Алмаз Мусаевди таң калтырды. Залга күнүгө келип жүргөн айрым балдардан мындай шыкты байкай элек болчу. Ичинен «мындан бир нерсе чыкчудай» деп койду.
– Азамат, сен чөнтөкчү эмес, мушкер болушуң керек экен.
Байэл уялып кетти. Колундагы кол капты чечип, жанагы ордуна кайра барды. Машыгуу убактысы бүткөн көрүнөт, балдар четинен кетип, залда Алмаз агай экөө эле калды. Байэл кетүүгө ашыкпады. Балдарга барууну деле каалаган жок.
Алмаз Мусаев өзү боорукер адам. Алгач мектепте иштеди, 10 жылдан бери балдарга машыктыруучулук кылып жүрөт. Мыкты педагогдук жайы бар. Байэлдин жанына отуруп тамырын тартып чоо-жайын билди. Байэл эмнесин жашырсын? Ага зыян кыла турган киши минтип аяр карап турбасын түшүнгөн соң төкпөй-чачпай баарын айтып берди.
– Байэл, ал ишиң дурус эмес. Боштук, эч кандай жакшы жакка жылыш жок. Уурдайсың, курсак тоёт, кийимиң бүтөлөт. Күнүмдүк кара курсактын камы. Бирок мындан эч кандай өсүш болбойт. Бирөөнүн чөнтөгүнө кол салып алган акчаны коркпой-үркпөй эле адал эмгек менен тапса болот. Мен сага жардам берем. Жатаканага сүйлөшөм. Сен ал балдардан бөлүн.
Алмаз агай телефон номерин кагазга жазып берди. Байэл кагазды чөнтөгүнө салып, агай менен коштошту.
ххх
Тико төрдөгү керебетте телефон баскылап жаткан. Сырттан Байэл кирип келди.
– Ии, кармалып калды дешти эле. Кантип келип калдың?
– Коё берди.
– Унчукпай эле коё берип салдыбы?
– Мм,- Байэл баш ийкеди.
– Жакшы кишиге жолуккан экенсиң анда. Бирок коркпой эле кой, азыр сени милиция деле камай албайт. Көп жолу кармалган балдар бар, айып пул төлөп, кайра иштеп жүрө беришет. Аларды милициялар деле таанып бүткөн.
– Жигиттер, мага каралаштыңар, үйүңөргө тургуздуңар, силерге чоң рахмат. Мен аны сөзсүз кайтарам. Мындан ары уурдабай эле эмгек кылып жашайын деп чечтим.
– Ии, кара муну, эмне жанагы киши сага ушуну үйрөттүбү?
– Негизи эле өзүм каалабай жүргөм.
– Сен адамдын эмгегин акташың керек. Кайда барасың, бир иштеп бербей кеткиң барбы?- Тико кызаңдап кетти.
– Мен алгандарымды кайтарам, жашаганым үчүн дагы акча төлөйм.
– Эмне, бир сомдон чогултуппу?- эшикти тарс жаап Тико сыртка чыгып кетти. Анын артынан эскирген рюкзагына бир аз кийимин салып Байэл чыкты. Ал илең-салаң боло кыбырай басып филармония тарапка бет алды. Аркасынан келе жаткан балдарды байкаган деле жок. Турусбеков көчөсүнөн өтө бергендеги караңгы жерден Эрик, дагы үч-төрт бала пайда болду.
– Качайын дедиңби? Биз сени качырбайбыз. Тим эле муну кара, туура жолдо баскысы келет. Тикоң эми сага болушпайт, эми сен анын "кара тизмесиндесиң". Бир тыйын пайда алып келбей, тескерисинче, бизден алып, анан эч нерсе болбогондой оңой эле чыгып кетейин дедиңби? Акылдуусун кара мунун!- өткөндө жинденип калган Эрик Байэлди чайнагысы келип турду.
– Жолумду торобо. Мен алгандарымды кайтарам.
– Ха-ха. Жолуңдубу, сенин жолуңдубу?- мазактай күлдү. Эрмектегиси келди.
– Менден каалаганың эмне?
– Ия де, качкын, сенин эмнең бар мен каалагыдай? Сени сабап эле моокум кандырыш керек.
Эрик ышкырды эле жанындагы балдар бир заматта Байэлди дүпүлдөтүп сабап жатып калышты. Байэл каршылык көрсөтө алган жок. Эрик туш келди тепкиледи. Башы-көзүн колу менен тосуп жаткан Байэл бир кезде кыймылсыз жатып калды. Эрик балдарды ээрчитип кетип калды. Булардын эрежеси ушундай, алардын чөйрөсүнөн чыгып жаткандарды саткын деп эси-көөнүнөн кеткис кылып тепкилеп салышат.
ххх
Бий ийриминен чыккан Аделя айдоочусун күтүп көчө жээктеп басып келе жаткан. Машина аны көздөй бурулганда жерде жаткан жигит даана көрүндү. Чочуп кетти.
– Айбек байке,- айдоочусуна кол жаңсады. Айдоочу унаадан түшүп Аделяны көздөй басты.
– Жүрүңүз, бир бала жатып калыптыр.
– Селсаяктыр, бас, кеттик.
Аделя көнбөй койду. Жанына барып жаш жигит экенин, сабалганын көрүштү. Айдоочу жигиттин телефонун издеп көрдү, бирок тапкан жок. Аделя шымынын чөнтөгүндөгү кагазды алып телефондун жарыгы менен карап номерди көрдү. Ал жанагы Алмаз агайдын номери эле.
– Алло, саламатсызбы? Бул жакта бир баланы сабап кетишиптир. Чөнтөгүндөгү кагазда ушул номер жазылуу экен...
(Уландысы кийинки санда)