ТӨРӨТ АЛДЫНДАГЫ КОРКУУ СЕЗИМИН ЖОЮУ

Төрөттөн коркпогон аял жок болсо керек. Ар бир кош бойлуу аял төрөт алдында фантазиясына жараша ар кайсыны элестетип алып коркуп, санаа тартары бышык. Эгер алдыдагы төрөт аялдын үчүнчү же бешинчиси болсо да, өзү үчүн эмес, жок дегенде ымыркайынын саламаттыгы үчүн ойлонот. Коркуу сезими кайдан келет? Аны кантип жоюу керек? Ошол жөнүндө сүйлөшөлү.

БЕЛГИСИЗДИК КОРКУНУЧУ

Кош бойлуу аял өзүндө жаралган коркунучту конкреттүү түрдө түшүндүрүп бере албайт. Мисалы, бир нерседен секирерде бир жерим сынат деп коркосуң. Ал эми төрөт алдында белгисиз эле коркуу сезими чулгайт. Төрөт учурунда эмне болуп кетерин алдын ала билбейсиң. Анан ар кимден уккан төрөт учурундагы коркунучтуу окуялар эске түшөт. Аялдар бири-бири менен сүйлөшүп отурганда көп айтылган окуялар: "Каканак эрте жарылып суу кетип калып, толгоо кеч келди". "Толгоо келген соң бала суусу жок чыкпай жатты". "Толгоо учурунда туура эмес ыйынып, жыныс кыны жарылып кетти, аны хирург келип тиккени азап менен тозок". "Төрөттөн кийин кан көп кетти". "Суткалап толготуунун артында чарчап калып, төрөт жакындаганда ыйынганга алым жок бала кыпчылып калды"... Айтор, санап отурса жүрөктү түшүргөн окуялар көп кездешет.

Ай-күнүнө жетип турган аял бардык аялдардын организми бирдей эмес, ар кимдики өз алдынча индивидуалдуу экенин түшүнүүсү зарыл. Андыктан курбуңуз же таанышыңыз өз башынан өткөргөн жогорудагыдай окуялардан айтып берсе, менин башымдан да ушул нерселер өтөт экен дебешиңиз керек.

Интернеттеги коркунучтуу маалыматтар

Интернет ар бирибиздин алаканыбызда. Албетте, кош бойлуу аял интернетке төрөткө даярдануу тууралуу жакшы эле маалыматтарды издеп кирет. Бирок кантип кайдагы бир коркунучтуу видеолорду көрүп, маалыматтарды окуп отурганын өзү билбей калат. Интернеттен кандай көйгөйлүү маселе тууралуу маалымат алсаңыз да, аны жоюунун же алдын алуунун кандай жолдору бар экенин кошо окуп коюу керек. Азыр медицина өнүккөн заман. Аялдар мурдагыдай каттоодон өтпөй туруп эле төрөтканага кирип барып же үйүнөн төрөп койгон заман эмес. Жашаган аймагыңыздагы катталган дарыгериңиз сизди ай сайын кароодон өткөрүп, кеп-кеңешин берип турат. Берилген кеңештерди моюн толгобой так аткарып, жазып берген витаминдерин убагында ичип, өзүңүздү, эң оболу ымыркайыңыздын саламаттыгын биринчи орунга коюшуңуз керек.

Кайдыгерлик

Айрыкча кыргыз аялдары деп баса белгилегим келип турат: кыргыз аялдары өз ден соолугуна кайдыгер келишерин моюнга алуу керек. Түйшүк түгөнүп калчудай кара жанын карч уруп, жанын сабап, ысык-суукка карабай оокат кыла бергендер бар. Албетте, эртеден кечке жата берүү – бул оор төрөттүн кепилдиги. Кыймылдуу болуш керек. Бирок колду муздак сууга салып, сыз жерде, эртеден кечке иштөө туура эмес. Эгер сиз иштөөгө же ошондой катаал шарттагы жумуштарды жасоого аргасыз болсоңуз, шартыңыз туура келбей жатса, анда бала төрөөнү алдын ала пландоо керек. Балалуу болуу оюнчук эмес.

Мындан тышкары, тескерисинче, жалкоо аялдар да бар. Алар кыймылды аз жасашат, эртеден кечке укташат, төрөттү жеңилдетүүчү көнүгүүлөрдү жасашпайт, эмчекке жана териге кам көрүшпөйт. Натыйжада курсактын керилүүсүнөн тери жарылат. Эмчек эмизүү учурунда эмчектин жарылуусуна тушугат. Бул да аялдын өз жана бала саламаттыгына карата кайдыгерлиги болуп саналат.

ТӨРӨТ УЧУРУНДАГЫ ООРУТУУНУН АЛДЫН АЛУУ

Көнүгүүлөрдү жасаңыз

Кош бойлуу аял каттоого турганда организми толугу менен кароодон өтөт: анализдери тапшырылат, кандагы темир, гемоглобин, кальций, белок жана башкалардын көрсөткүчтөрү алынат. Өнөкөт оорусу барларга эмнелер уруксат, эмне уруксат эмес экени адис тарабынан көзөмөлдөнөт. Демек, өзүңүздүн саламаттыгыңыз тууралуу жалпы маалымат даяр. Эми ушуга жараша өзүңүздү туура күтүңүз. Туура тамактаныңыз, төрөттү жеңилдетүүчү курстарга барыңыз. Ага шарт жок болсо, интернеттен өзүңүздүн организмге ылайыктуусун таап аткарыңыз. Көнүгүүлөрдүн топтомун сунуштаган тиркеме деген нерсе толтура. Арасынан кош бойлуулар үчүн иштелип чыкканын жүктөп алсаңыз болот. Негизи адистер кош бойлуу аял төрөткө чейин жок дегенде жарым сааттык көнүгүүлөрдү жасап туруусу керек дешет.

Жолдошуңуз менен тыгыз мамиледе болуңуз

Аял кош бойлуу кезинде абсолюттук түрдө өзгөрөт дешет: гормондор, кулк-мүнөз, маанай, тамактануусу, каалоолору, жүрүм-туруму жана башка бардыгы. Анткени жүрөктүн алдынан дагы бир адамды өстүрүү оңой-олтоң иш эмес. Токсикоз учурунда көпчүлүк аялдардын кулк-мүнөзү өзгөрүп, айрымдар күйөөлөрүн жактырбай башташат. Бул нерсе убактылуу. Колуңуздан келсе жолдошуңуз менен сейилдеп, сырдашып, чогуу жумуш кылып, киного же эс алууга барып алыңыз. Бул, биринчиден, ортодогу мамилени бекемдейт, экинчиден, бала багып үйдө отуруп калган күндөрүңүз үчүн компенсация болмокчу. Анан албетте, бойдон козголуу коркунучу жок болсо түгөйүңүз менен регулярдуу жыныстык катнашта болуп туруу керек. Бул сиздин жамбаш сөөктөрүңүздүн ийилчээк болушун, жыныс кыны чоюлчаак тартып, төрөт учуру жеңилирээк болушун шарттайт.

Туура тамактаныңыз

Тамак рациону кош бойлуулук учурундагы эң маанилүү нерсе. Тез татымдар, зыяндуу делген азыктар, газдалган суусундуктар бала жана эне үчүн коркунуч жаратары талашсыз. Сиз катталган дарыгер ай сайын же эки айда бир таразага түшүрүп, канчадан салмак кошуп жатканыңызды көзөмөлдөп турат. Эгер нормадан ашыкча салмак кошуп баратсаңыз, аз-аздан, бирок бат-баттан, пайдалуу жана витаминдүү тамактарды жегенге өтүңүз. Камыр тамактарды бара-бара азайтып, сейрек учурларда гана жегенге аракет кылыңыз.

БОНУС ҮЧҮН МААЛЫМАТ

Төрөт учурунда акушердин айткандарын так аткарууга аракет кылыңыз. Адисти угуңуз, дүрбөлөңгө алдырбаңыз. Албетте, толгоонун оорутуусу аялды өзүнөн чыгарып, акушерди укмак тургай, булбулдун үнүн сүйбөй калары талашсыз. Бирок туура эмес ыйынгандын аркасында өзүңүздөн мурун эң оболу балага зыян келип каларын ойлонуңуз.

Аялдын жамбаш сөөк бөлүгү 4 бөлүктөн турат. Башы менен төрөлүп келе жаткан бала канчалык жыныс кынынын ооз жагына жакындаган сайын төрөт зонасы да кууш боло баштайт. Жатын моюнчасы ачылгандан кийин бала 1-бөлүккө келгенде симфизге туш болот. Симфиз – эки жамбашты кошуп турган тарамыш сымал кеңейүүгө жөндөмдүү байламта. Дал ушул симфиз баланын башы келе жатканда бир аз кеңейүү жөндөмүнө ээ. Мындан тышкары чычаң дагы муунактуу болушунун эсебинен артты көздөй ийилип, 2-3-бөлүктөрдө баланын башынын чыгышына бир аз да болсо жол ачат. Ошондой эле баланын башы дагы жумшагыраак болуп, энесинин жамбаш сөөгүнө жараша формасы өзгөрөрү табият тарабынан берилген. Мына ушул процесс төрөттүн акыркы мүнөттөрү. Дал ушул мүнөттөрдө аял туура ыйынып, туура дем алып, акушердин жардамы менен баланын башына зыян келтирбей аман-эсен төрөп алуусу керек.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
i-bilim
2021-01-11 12:17:49
Пайдалуу маалымат болуптур. Окуп башымды ийкеп отурам, айрыкча ар кимге ишенип алып коркконго. Чын эле организм ар башка да.
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-01-11 19:04:49
Аман-эсен ай күнүбүзгө жетип алалы
+1
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан