КОМПЬЮТЕР АДАМДЫ ЭРТЕ КАРТАЙТАБЫ?

Компьютерде узакка иштөөнүн зыяны ого эле көп. Мисалы, көзгө, бетке, омурткага... Окурман, бул жаатында сизге кененирээк маалымат керек болсо, анда атайын изилдөөлөргө кайрылалы.

ЭЭК САЛАҢДАП КАЛАТ
Британиялык врачтар компьютерде узакка отуруунун арты аялдарга коркунучтуу жыйынтыктарды тартуулаарын аныкташты. Тагыраак айтканда, аялдарда «компьютердик жүз» пайда болот экен. «Компьютердик жүз» бул – чекеге, көздүн тегерегине жана моюнга түшкөн бырыштар (үндүктүн моюну сымал), ошондой эле салаңдаган ээк.
«Адам компьютерде бир калыпта башын салаңдатып отурса, анда моюндун булчуңдары алсызданып, акырында экинчи ээк пайда болот. Ал эми экранды караган сайын чекени тырыштыруу, үтүрөйүү бырыштын эрте түшүшүн шарттайт.
Компьютерден чыккан нурдануу терини кургатып жибергендиктен, көз алдында грыжа келип чыгып, көздүн алды шишимик тартып калат.
Мындай картаюунун алдын алуу үчүн аялдар компьютердин жанына күзгү коюп алуулары оң. Анткени жумуш убагында өзүн күзгүдөн көрүп, картайып кетпейин деп убак-убагы менен эс алат. Жана бырыш түшпөөсү үчүн бетке жана моюн булчуңдарына көнүгүү жасап турат»,- дешет британиялык врачтар.
«Компьютерден эмне үчүн эркектерге эмес, аялдарга бат бырыш түшөт?» деген суроо, албетте, жаралат. Буга окумуштуулар «аялдын терисинин назиктиги (демек, тери бат кургап, бырыштын түшүшүн шарттайт), булчуңдардын чың эместиги күнөөлүү» дешет.
Ал эми ээктин салаңдашы эркектерге да тиешелүү.

КОМПЬЮТЕРДИН ДАГЫ КАНДАЙ ЗЫЯНДАРЫ БАР?
Көзгө, териге терс таасири
Электр-магниттик нурлануу терини жана көздү кургатып жиберет. Андыктан компьютерде узакка отургандардын үчтөн экиси «кургак көз» оорусунан жапа чегишет. Бул көздүн көрбөй калышына жеткирбесе да, көздүн ичинин дамамат кургап турушуна алып келет. Алтургай көзгө күч келип, кандын куюлушун шарттайт.
Мээге күч келүү
Электр-магниттик нурлануу жана электр-статикалык талаа абдан чарчоого, баш ооруга, сөз көтөрбөй калуучулукка, уйкунун бузулушуна, стресске алып келет. Башкача айтканда, жаш адамда оорукчан, кары кишиникиндей мүнөздөр, көрүнүштөр пайда болот. Андыктан көзгө жана мээге зыян келбеши үчүн, компьютерде отуруунун мөөнөтүн сактоо керек.
Кыргызстандын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин инженери Тынчтык Мырзакуловдун маалыматына таянсак, 8 сааттык жумушчу күндө адам компьютердин маңдайында бир отурганда 3 сааттан ашык отурбашы шарт. Эгер андан көп отуруу талап кылынса, эс алып, көнүгүүлөрдү жасап, анан кайра жумуш кылуу кажет.
Окуучулардын нормасына келсек, 1 сабакта 1-4-класстын окуучулары компьютерде 15 мүнөт, 5-7-класстар 20, 8-9-класстар 25, 10-11-класстар 30 мүнөттөн ашык отурбоолору керек экен.
Тынчтык мырза башка мониторлорго караганда заманбап суюк кристалдуу мониторлордо электрдик нурлануу аз экендигин да белгилейт.
Омуртканын кыйшаюусу жана остеохондроз
Остеохондроз – муундардын, кемирчектердин бузулушу. Көбүнчө омуртка аралык кемирчектер бузулат. Эмне дегенде компьютердин маңдайында жылбай көпкө отуруу омурткалардын булчуңдарына күч келтирип, чыңалып турушуна алып келет. Булчуңдардын дамамат чыңалуусу акырындап омуртканын дискинин (анын ичинде кемирчектин) бузулушуна жеткирет. Ал эми адам туруп турганга же жатканга караганда отурганда омуртканын дискине күч көп келет. Ушундан улам сколиоз (омуртканын кыйшайышы) же омуртка аралык грыжа келип чыгуусу мүмкүн.
Колдун нервинин сезгениши
Компьютердин клавиатурасы менен активдүү иштөө колго күч келтирет. Манжалардын башынын сезимдүүлүгү начарлап, жансызданат. Мындай абал күн сайын кайталанып жүрүп отурса, колдун нерви, муундары жабыркап, сезгенет.
Колдун булчуңдары гипотрофияга (булчуңдардын өлчөмүнүн кичирейиши)учурайт.
Ашыкча салмак
Дайыма бир орундан жылбай отуруу ичте майдын топтолушун жаратат. Ал эми ашыкча салмак кант диабетине дейре жеткирерин унутпоо кажет. Андыктан күчтүү тамак жеп алып, компьютердин маңдайында жылбай отуруу туура эмес. Анткени ашыкча энергия майга айланат. Анын үстүнө семиздик адамды улуу көрсөтөт.
Геморрой
Бир орунда узакка отуруу жамбашта кандын жакшы айланбашына алып келет. Башкача айтканда, жамбашта кан уюп калат да, вена тамырларга күч келтирет. Демек, геморройдун жаралышын шарттайт. Алдын алуу үчүн дале убак-убагы менен басуу, эс алуу керектелет.
Иммунитеттин начарлашы
Кыймылдын жоктугу, таза абада эс албоо иммунитеттин начарлашын шарттаары мурунтан белгилүү.
Негизинен, компьютерден жаш балдар менен кош бойлууларга көбүрөөк зыян келет.

АТАЙЫН КӨНҮГҮҮЛӨР
Атайын көнүгүүлөр беттин терисинин абалын оңдоп, бырыштардын түшүшүнүн жана беттин келбетинин бузулушунун, ээктин салаңдап калышынын алдын алат. Ар бир көнүгүүнү 5-6 жолу кайталоо керек.

Беттин булчуңдары үчүн көнүгүүлөр:

  • Бет алдындагы бир нерсени үйлөп жаткан өңдүү оозду чурчуйтуп үйлөө.
  • Жаактар керилсин үчүн, оозду чоң ачып-жабуу.
  • Оозду манжалар менен кулакты көздөй акырындап чоюу.
  • Астыңкы жана үстүңкү тиштерди бири-бирине жакын кармап, ооз аркылуу дем алуу. Кайра абаны оозду чурчуйтуп чыгаруу.
  • Кезектештирип үстүңкү жана астыңкы эринди тиштегилөө.
  • Оозго жел толтуруп, анан желди улам бир ууртка жылдыруу.

Эриндер үчүн көнүгүүлөр:

  • Терең дем алып, оозго жел толтуруу. Анан абаны сыртка үйлөө.
  • Эриндерди артка тартып (чоюп), тиштерди көрсөтүү.
  • Бирөөнү өбө тургансып эриндерди чормойтуу.
  • «А» жана «и» тыбыштарын айтуу.

Көз үчүн көнүгүүлөр:

  • Эки көз менен мурундун учун тиктеп, анан алысты кароо.
  • Башты бурбай көздү жылдыруу менен эки жакты, өйдө-ылдыйды алмак-салмак тиктөө.
  • Жашыл өңдү бир топко дейре тиктөө (көз эс алат).
  • Көздү 3 секундга чейин жумуп, кайра ачуу.
  • Көздү жумуп, каректерди ары-бери, өйдө-ылдый жылдыруу.

Остеохондроздун алдын алуу үчүн:

  • Отургучтун сүйөнгүчү болушу шарт.
  • Дайыма түз отуруу.
  • Чарчаганда, белге күч келгенде таза абага чыгып эс алуу, басуу, көнүгүүлөрдү жасоо.
  • Компьютерге өбөктөп отурбоо.


Билип ал

КРЕМДЕН ЭМНЕ ҮЧҮН БЫРЫШ ТОЛУК КЕТПЕЙТ?
Күчтүү кремдер да бырышты толук кетире албайт. Бирок алардын санын азайтып, андан ары бырыштын түшүшүнүн алдын алат. Кремдин таасирин массаж күчөтө алат. Эгер күнүгө 15 мүнөт бетке массаж жасалса, анда 2 аптада өзгөрүүнүн белгиси байкалып чыга келет. Анткени беттеги булчуңдар чыңдалып, өң сулуу тартып калат.

КОФЕ СКРАБЫ
Кофеге бир аз суу кошуп, боткого айландыруу кажет. Ага деңиз же ашкана тузу (кургак тери үчүн бир аз каймак) кошулат. Анан боткону бетке секинден сүртүңүз. Бул терини кирден, кара чекиттерден арылтып, тазартат. Масканы дене үчүн колдонсо да болот. Анткени маска целлюлиттен арылууга көмөктөшөт.

ТАЗАЛООЧУ ЛОСЬОН
Ромашканын гүлүнөн, жалбыз менен четиндин кургатылган жалбырагынан бир чымчымдан идишке салыңыз. Үстүнө лимондун жарым кабыгын сүргүчтөн (тёрка) өткөрүп кошуңуз.
Эми 3 стакан кайнак суу кошуп, жай отко 30 мүнөт кайнатып алыңыз. 2 аш кашык глицерин кошсоңуз, лосьон даяр.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
zzahra
2010-10-15 19:49:16
urmattu info choon rahmat sonun eken.Chetin kanday osumduk?
0
Barika
2010-10-15 23:10:27
ушундай нерселеди дагы коп коптон жазып турса бизге окшогондорго сабак болор,,,,,,
0
areneV
2010-10-16 00:54:25
chyn aitasynar Barika jana zzahra. Maga airykcha konuguulor jakty.Bul nerselerdi jasash kerek ekenin bilsek dele,konul koiup toluk informatsiya izdebeibiz.A bul jerdegidei kyska tushunuktuu maalymattardy bizge eskertip turgany soonun da))
0
TolonturCN
2010-10-16 09:08:38
Азыр бүт дүйнөнү сыйфир техникасы эсептелген компьютер каптап турган учурда, компьютерсиз жашоо болбой калды, бардык эле иштерди компьютер менен жасап калбадыкбы.
0
jamalenok
2010-10-18 15:42:19
чон рахмат, эми азыраак отуруп калам, 7 айдан бери комптон такыр турбай кечке ошол менен алаксыйм!
0
angelin Bema
2010-10-18 16:54:59
30 минутада эч нерсеге жетише албайсынго?
0
Ravshanbek
2010-10-22 15:05:04
Негизгиси туура мындай маалыматтарды гезит аркылуу эл жакшы билет... Компьютерде иштегендерге ото керек маалымат болду. Бирок биз жумуш убагында тынбай компто олтурабыз... шайлоо мезгилин айтпай эле койоюн...
0
ilgez
2010-10-22 16:02:43
Кээ бир маалыматтар ЖК монитор чыкканга чейин жазылган эле, бара бара технология онуккон сайын организмге зыяны азыраак кылып жаратып жатышат го ?? Компьютер жок жашаса дагы болот, эч зыянын тартбай эле, бирок жашоо ото эле кыйын болуп калат да ...
0
sasha
2011-05-08 18:24:20
Кызык экен
0
Narynbek
2011-06-04 16:08:04
Техника өнүккөн сайын зыяны да ошончолук көбөйө берет экен.
0
Love_kg
2011-11-05 14:51:34
жалбыз деген орусча кандай болот?
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан