ШҮГҮР КЫЛГАНДЫ ҮЙРӨН!

Адамга ар дайым бир нерсе жетпегендей сезилет. Башканын жашоосу кызыктуудай, башканын үй-бүлөсү ийгиликтүүдөй, башкалардын балдары акылдуудай сезилет. Өзүңдө болгонго шүгүр кылуу эстен дайыма чыгып кетет. Бир окуяны баяндагым келди. Жолдошумдун жумушу чыгып, мени жумуштан кийин үйгө автобус менен бара бер деди. “Уф, ушу суукта, вирус айланып жүргөндө мен автобус менен кантип жетем?” деп бир тонна нааразычылыгымды айтып, автобуска түштүм. Бир аялдамадан аял эки баласы менен түштү. Акылдуулар көп эмеспи, бири “балаңды бизге бер, коляскаңды жыйнап койбосоң адамдар өтө албай жатышат” дей беришти. Аял акырын гана “бул майыптардын коляскасы, жыйналбайт” деди. Ичин карасам алты жаштардагы кыз бала экен, колдорун катуу таңып коюшуптур. Жүрөгүм тыз дей түштү. Анан эле бирөө чачымдан тарткылап калды, урушайын деп кылчайсам жанагы келиндин 10-11 жаштардагы баласы экен. Күлүп чачымдан тарткылап, өз тилинде бир нерселерди сүйлөп жатат. Мындан улам ал дагы бир дарт менен жабыркай турганын байкадым. “Эки баласы тең оорукчан окшойт” дедим жүрөгүм шуу эте. Келинге боорум ачып, жүзүн кызыга тиктеп калдым. Нааразычылыгы жок, жүзү жарык, күлө караган аял экен. Эл аны аяп караганын да, жини келе караганын да капарына албагандай бейпилдик бар. “Эки баласы тең оорукчан болсо, ушу суукта экөөнү тең автобуска алып жүрүүгө туура келсе, ошондо да тагдырына нааразы болбой, күлө карап турганын карачы” дедим. Өзүмдүн жок жерден наалыганымды эстеп, салыштырып капа болдум. Көз алдыма үй тапшырмасын окуп отурган уулум менен так секирип бийлеп жүргөн кызым тартылды. “Шүгүр, баарына шүгүр” дей бердим күбүрөп. Окуя мага катуу таасир берди. Шүгүр кылуунун жолдорун издөө керек экенин түшүндүм. Изилдеп жатып шүгүр келтирүү өзүнө болгон ыраазычылык менен байланышта экенин түшүндүм. Психолог Асел Баимбетова бул макалага жардамчы болду.

КАНТИП ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК?

– Бала кичине кезинен бул сезимге үйрөнсө, кийинки жашоосунда ага жеңил болот. Байкасаңыз, көп учурда ата-эне баланы тарбиялоодо жасаган жакшы ишине эмес, жаман ишине көбүрөөк басым жасайт. Мисалы, үйдү жыйнап, идиш жууп, бирок таштандыны төкпөй унутуп калса тиги кылган эки жакшы ишин аттап кетет да, “эмнеге таштандыны төккөн жоксуң?” деп уруша баштайт. Эмне болот? Балада өзүндөгү жакшы нерсени көрбөй, кемчилик издеген сезим пайда болот. Анткени ата-энеси анын кемчилигин баса көрсөтүп жатпайбы. Кийин ал кемчилик издемейге өтөт. Өз жашоосунан кемчилик издегендер үчүн башка бирөөнүн жашоосу идеалдуу көрүнүп, өзүнүкү эле аксап жаткандай сезиле берет. Балдардын ар бирине анын жакшы сапаты бар экенин, жашоосу баарына кызыктуу экенин ата-энеси үйрөткөндө ал өзүнүн жашоосундагы жакшы нерселерди көрүп, ырахат алып, шүгүр кылганды билет. Кыргыздарда балдарды башканыкы менен салыштыра берген адатыбыз бар. “Тигинин баласын карачы?” дейбиз. Ал чоңойгондо өзү менен бирөөнү салыштыра баштайт. “Меникинен тигиники баары бир жакшы” деген ой тура берет. Бул ой өзүнө, жашоосуна шүгүр кылбай, башкалардыкына суктана берген адатты жаратат. Андан көрө баланы өзү менен өзүн салыштырган пайдалуу. Мисалы, “сен мурун тамакты бир аз чийки кылып салчу элең, эми жакшы жасаганды үйрөндүң, азаматсың” деген сыяктуу салыштыруу керек. Ошондо гана бала өзүнүн дүйнөсүнө, өз жашоосуна баам салганды үйрөнөт.

ЖАКШЫ ГАНА НЕРСЕЛЕРДИ ТИЗМЕКТЕ

– Интернетте “рахматыңды айт, кичипейил бол, бла-бла-бла жана башкалар” деген кеңештер жайнайт. Ушул себептен биз рахматты да тез айтканга, автоматтык түрдө көп айтканга мажбурбуз. Кимдир бирөөгө рахмат айткың келсе, чын дилден айтуу керек. Чын дилден рахмат айтуу денеге да сезилет. Ичиңден жылуу толкун келет. Бул энергияны каршыңдагы адам да сезет. Анын жүрөгүндө да ошол жагымдуу көз ирмемдер сакталып калат. Чын дилиңден рахмат айтуу да жашоого болгон шүгүрчүлүктүн бир белгиси.

ШҮГҮР КЫЛУУНУН ПАЙДАСЫ

– Адам акылынан “тигинин жашоосу меникинен мыкты” деген салыштырууну алып салганда өз жашоосуна шүгүр кылуу түшүнүгү келет. Өмүр сиздики, аны башкалардыкына салыштыруунун кереги да, пайдасы да жок. Шүгүр кылганды үйрөнүңүз. Мамлекетибиз чабал деп жатабыз, чабал болсо да ошол мамлекети, эгемендүүлүгү жок улуттардын канчасы жүрөт? Үйүңүз жок болсо, күйөөңүз бар, экөө тең жок болсо балаңыз бар, үчөө тең жок болсо алты саныңыз аман, эгерде мунун баары жок болсо кол сунган жакын адамдарыңыз бар. Эгерде эч ким, эч нерсеңиз жок болуп жатса сиз күндүн чыкканын көргөнүңүз үчүн деле шүгүр кыла берсеңиз болот. Жаңы күн, демек, баары жакшы болот. Балким, өз жашооңузга шүгүр кылсаңыз сизде жок нерсенин баары тизилип, биринин артынан бири келиши мүмкүн. Рахмат айтуу, болгонуна шүгүр кылуу менен көп нерсеге жетсе болот. Маанай жакшы болот. Жүзүңүздө бырыштар аз болот. Эң башкысы бактылуу болосуз. Ден соолук чың болот. Уйкуңуз тынч болот, кимди уйкусуздук кыйнаса, ал сөзсүз шүгүр кылганды үйрөнүүсү зарыл. Депрессия болбой каласыз. Өзүңүзгө ишенимдүү болосуз. Санай берсе көп.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
BemaAzat9290
2021-01-11 15:09:31
Эн туура айтылган создор Рахмат силерге Супер Инфо
0
Zhumakunova_sh
2021-01-12 15:00:35
Аллахыма коп коп шугурлор болсун.
+1
Syrbolsun92as
2021-01-12 21:42:03
Туура
+1
medet1983
2021-01-14 20:41:25
Шүгүр кылып жашаган жакшы.Мин мертебе шүгүр кудайга
+2
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан