ЭМИ МӨМӨ-ЖЕМИШКЕ ДА СҮРӨТ ТҮШҮРСӨ БОЛОТ

Ар кандай нерсеге, ал тургай мөмө-жемишке да жазууга мүмкүнчүлүк берген портативдик, ыңгайлуу лазердик гравёр жасалды. Ал былтыркы LaserPecker Pro'нун техникалык жаңылануусу катары иштелип чыккан LaserPecker-2. Ал ар кандай материалдарды, ар кандай нерселерди оюп, жадакалса жыгач, капкак жана кагаз барактарды кесип бере турган күчтүү портативдик лазердик чеккич болуп саналат. LaserPecker-2нин көлөмү электр үтүгүндөй, бүктөлмө конструкцияга ээ, өзүн-өзү тегиздөөчү функциясы жана автоматтык калибрлөө функциясы бар, бул аны колдонууну жеңилдетет.

Гравёр сүрөттөрдү жана векторлорду өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген тиркеме менен иштейт. Тиркеменин жардамы менен колдонмого сүрөтүңүздү өткөрүп, качан даяр болгондо “Пуск” баскычын басасыз. Ошондо LaserPecker-2 лазердин жардамы менен автоматтык түрдө фокустан өткөрөт да, сүрөтүңүздү тез арада чийип берет. 5 Ватт кубаттуулугундагы жарым өткөргүч лазер машинанын ылдамдыгын жана тактыгын камсыздайт. Бул сизге сүрөттөрүңүздүн чийиндерин иш жүзүндө жөндөө, ал эми LaserPecker-2нин жабдыгы ийри-буйру нерселерге сүрөт түшүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан