Табияты картинадагыдай кооз ХОРВАТИЯ

Ар бир өлкө, улуттун жашоо-турмушу, деги эле дүйнөнүн ар бир бурчу, андагы орун алган көрүнүштөр кимге болбосун кызык эмеспи. 2018-жылдагы Футбол боюнча Дүйнөлүк Чемпиондук, финалда Франция футболчулары менен таймашкан Лука Модрич, Иван Ракитич баштаган футболчулардын мекени болгон Хорватия тууралуу сөз кылмакчыбыз.

ӨЛКӨ ТУУРАЛУУ

Борбору – Загреб

Расмий тили – Хорват тили

Жалпы аянты – 56 594 чарчы чакырым

Калкы – 4 миллиондон ашуун (2020-жыл)

Башкаруу формасы – Парламенттик республика

Президенти – Зоран Миланович

Валютасы – Кун,
1 кун – 10,39 сом

Дини – Христиан (Католик)

Интернет домени – hr

Өлкө БУУга, Европа Кеңешине, Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө.


ЖАРАТЫЛЫШ МЕНЕН АЙКАЛЫШКАН ТАРЫХЫЙ МАДАНИЯТ

Хорватия – деңиздин курчоосундагы, миңден ашуун аралы бар, көз жоосун алган табият сулуулугу, көлдөр, дарыялар жайгашкан керемет жер. Хорватия Республикасынын байыркы тарыхы, маданияты, археологиялык эстеликтеринин уникалдуу коллекциясы, пейзаж менен айкалышкан укмуштуудай орто кылымдагы тарыхый имараттары дүйнөнүн чар тарабынан келген саякатчыларды өзүнө тартып турат. Балкан жарым аралынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан бул өлкө Европадагы экологиялык жактан эң таза деп табылып, анын аймагында өзгөчө өсүмдүктөр, сейрек кездешүүчү жаныбарлар, кооз шаркыратмалар жана бир нече Улуттук парктар жайгашкан.

Учурда 4 миллиондон ашык калкы бар. Анын 90,42 пайызын хорваттар түзөт. Дини боюнча христиан жана анын басымдуу бөлүгүн католиктер түзөт.

КАРАПАЙЫМ ЖАНА ШАШПАГАН ЭЛ

Хорваттар улутун баарынан жогору баалаган адамдар. Алардын дээрлик ар бири өз өлкөсү, тарыхы менен сыймыктанат. Ошондой эле маданият жана жаратылышты жогору баалашат. Бул элден көптөгөн кызыктуу жана таң калычтуу нерселерди, алардын жаратылышка болгон мамилесин билүүгө болот. Хорватияда эч шашпастан кофе ичип отуруу, баарлашып, пикир алышуу кадимки көрүнүш. Ишемби күнү туугандарыныкына баруу салтка айланган. Ал эми майрам күндөрү аялдар салттуу тамактарды жасаганды жактырышат, алардын арасында токочтор өзгөчө орунду ээлейт. Адамдар ортосундагы мамиледе хорваттар башкалар менен салыштырганда көп деле айырмаланбайт. Боорукер, өтө аша чаппаган карапайым келишет. Алар бири-бири менен көп араздашпайт. Натыйжада Хорватияда ажырашуулардын саны аз. Хорватия Дүйнөлүк экономикалык форумдун эксперттери тарабынан жыл сайын көрсөтүлүүчү Дүйнөлүк атаандаштык индексинде 19-орунду ээлеген (2019).

ЕВРОПАДАГЫ ТЕҢДЕШСИЗ ПЛИТВИС КӨЛДӨРҮ
Кыргыздар дубалга бир нерсе илгенди жакшы көрөт эмеспизби. Учурунда сиздин да ашканада, тамактануучу жайларда кооз жаратылыштын сүрөттөрү түшүрүлгөн картиналар илинип турчу беле? Дал ошол шаркыратмалар, табият кооздугу тартылган жерлер Хорватиянын жаратылышына таандык. Плитвис көлдөрү өзүнүн кооздугу боюнча Европада теңдеши жок. Көлдөр жайгашкан сейил бак 92 шаркыратмадан жана 16 көлдөн турган уникалдуу суу системи. Көлдөрдүн жалпы аянты болжол менен 2 чарчы чакырым, ал эми Улуттук парк толугу менен 200 чарчы чакырым аянтты ээлейт. Кайталангыс кооздугуна, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын көптүгүнө байланыштуу 1949-жылы Улуттук сейил бак деп жарыяланып, 1979-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк жаратылыш эстеликтеринин тизмесине киргизилген жана ар кандай дүйнөлүк уюмдардын катуу коргоосуна алынган.

ГАЛСТУКТУН МЕКЕНИ
"Halstuch” сөзү немис тилинен орус тилине кирип, орус тили аркылуу бизге келди. Котормосу "моюн орогуч" дегенди билдирет. Бирок немистер өздөрү галстук үчүн "krawatte" сөзүн колдонушат. Аны менен бирге арабдар, түрктөр жана бир катар Европа өлкөлөрү да бул сөздү колдонот. Хорваттар өздөрү да галстукту “крават” дешет. Ал тургай “Хорват” – “Кроате” деген сөз менен үндөш экени маалым. Көпчүлүк окумуштуулар Европа тилдериндеги бул сөздүн этимологиясы хорваттарга барып такалат деп эсептешет. Бул боюнча тарыхый фактыларга негизделген уламыш бар. Француз жоокерлери галстукту көрүп, “бул эмне?” деп кызыгат. Бирок хорваттар француз тилин билбегендиктен “сен кимсиң?” деп түшүнүшүп аларга "хорват" деп жооп беришкен. Кийинчерээк "крават" галстуктун французча аталышынын негизин түзгөн. 1618-1648-жылдары Борбордук Европаны кыйраткан 30 жылдык согуш учурунда Франциянын падышасы Луис XIII өзүнүн армиясы үчүн жалданма жеңил атчан аскер бөлүгүн түзөт. Жалданма аскерлердин арасында хорват жоокерлерин өзгөчөлөнткөн моюнундагы ак кездеме болгон. Кээ бир маалыматтарга караганда галстук өз эркектерин согушка жөнөткөн хорватиялык аялдардын табериги, эстелиги болгон. Жоокерлер бул аркылуу аялдарына берилип, дем-күч алып турушкан.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
  • Хум – дүйнөдөгү эң кичинекей шаар. Шаар Гиннесске кирген. Хорватиянын бул кичинекей шаарында болгону 23 адам жашайт жана алардын бардыгы бири-бирине тууган. Өзүнүн борбордук аянты, дарбазалары, бир-эки мейманканасы, ресторандары, почтасы, храмы жана музейи бар.
  • Хорватия аймагынын 10 пайызын улуттук парктар түзөт.
  • Хорватия өлкөсүндө жалпысынан 1145 майда арал бар. Кызыгы, алардын 47синде гана эл жашайт. Белгилүү “Так талашуу оюну” (Game of Thrones) телесериалынын 8-сезону дал ушул Хорватиянын абдан кооз шаары болгон Дубровникте тартылган.
  • Пула шаарында гладиаторлор согушкан Римдеги Колизейге дээрлик окшош амфитеатр бар. Бул Рим архитектурасы мындан 2000 жыл мурда биздин заманга чейинки 1-кылымда курулган.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bekbolot008
2021-01-16 21:35:07
Өтө сонун эл эл экенда
0
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан