Америкалык технологиялык компания батарейканын жаңы радикалдык технологиясынын үстүнөн иштеп жатат.
Маалыматка ылайык, Apple компаниясы өзүнүн батарейкалык технологиясын колдонуп, EV батарейкаларынын баасын негиздүү арзандатуу үчүн 2024-жылы жүргүнчү ташуучу алгачкы унаасын чыгарууну пландаштырууда. Америкалык технологиялык гигант 2014-жылдан бери Project Titan деген ат менен белгилүү болгон автоунааларын жаңылап чыкты.
Reuters агенттигинин билдиргенине караганда, алдыда чыга турган унаа өзүн-өзү башкара турган технологияны камтыйт жана чоңураак ячейкалар менен иштеген уникалдуу "моноэлементтик" батарейканы колдонот. Бул учурдагы электр унааларында колдонулган кадимки көп элементтүү конструкцияларга караганда узак убакытка айдоого шарт түзгөн, кыймылдаткычтын көлөмүн тыгызыраак камсыздай алган аккумуляторду колдонууга мүмкүндүк берет.
Apple`дин буга чейинки электроникалар топтомун чыгаргандай эле, компаниянын унаа өндүрүүсү да өндүрүштүк өнөктөшүнө аутсорсингге берилиши күтүлүүдө.
Гулийпа Маметосмон кызы