11-ЯНВАРДАН 17-ЯНВАРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Бардык маселеге, сунушка, таанышууга олуттуу кароо керек. Ошондо жыйынтыгы канааттануу алып келет. Документтерди иреттеп алыңыз. Айрым документтер шашылыш керек болуп издеп калбаңыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири туура эмес иши үчүн акча карыз болуп калуусу ыктымал. Ачык сүйлөшүүлөргө барып, маселесин чечишесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Уйку режимин сактаңыз. Акча табуу жаатында буга чейин кетирген каталарды эске алып аракет кылуу туура. Бойдоктор көп көңүл бурууга ээ болот. Жаккан адам менен мамиле түзүүдөн качпаңыз. Жалаага тушукпайын десеңиз коомдук жайда өзүңүзгө сак болуңуз. Үйдө чыгармачылык артып, жаңы идеяларды ишке ашырууга шыктанасыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Чөйрөдөгүлөр менен конфликт жаралып калбасын десеңиз сынды аз колдонуңуз. Каржы жаатында түшкөн сунуш өзүн актабайт. Туугандар айткан сунушка макул болордон мурун артын ойлонуу кажет. Айрымдардын карыздан толук кутулууга кылган аракеттери өзүн актай баштайт. Жакын адамыңыз сизге белек тартуулоосу ыктымал.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Апта тынчтыкка, өз ара тил табышууларга ылайыктуу. Жакшы көргөн адамдарыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрсөңүз болот. Гармонияга ээ болосуз. Үйдү иретке келтирип, колдонулбай турган ашыкча буюмдарды сатып же бирөөгө бериңиз. Конокко чакыруу алышыңыз мүмкүн. Достордун үй-бүлөлүк чырына аралашпоо сунушталат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жагымдуу кабар, комплименттер, жолугушуулар күтөт. Тууган-туушкандар менен байланыштар бекемделет. Сезимдердин жетегинде калып, туура эмес жорукка барбоо кажет. Жаракат албоо үчүн кышкы эс алуунун кооптуу түрүн тандабаңыз. Аян түшкө маани берүү сунушталат. Үй-бүлөлүк казына бир аз суммадагы акча менен толукталат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Интрига, көрө албастык, күтүлбөгөн тоскоолдуктар чыгат. Дос-тааныштардын кеңеши менен жардамына таяныңыз. Убадаларга ишенбеңиз. Керексиз баарлашууларга убакыт коротпоңуз. Жетекчилик менен сүйлөшүүдө оюңузду кыска, так, ишенимдүү түшүндүрсөңүз утасыз. Акчаны этият кылбасаңыз уурдатасыз же түшүрүп аласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Баарын өзгөртүү кыялыңызды ишке ашырбай туруңуз, убагы келе элек. Жер тилкеси, курулуш, үйдү жайлуу кылуу жаатындагы маселелерди баштоого киришсеңиз болот. Акчаны жүгүртүүгө салсаңыз көбүрөөк киреше табасыз. Керектүү буюмду сатып алууда бирөөгө ишенбей, өзүңүз барыңыз. Ойдогудай буюмга туш болбой калышыңыз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Дилиңиздеги кекти ооздуктасаңыз эле урушту айланып өтөсүз. Тапшырылган жаңы иштен баш тартпаңыз, болбосо пайдалуу жумуштан кол жууп калууңуз мүмкүн. Кайсы бир жакшы кабарды угуп кубанууңуз күтүлүүдө. Жакыныңыздын бирин алыс сапарга узатууңуз мүмкүн. Бузулган буюмдарды оңдотуу көп убакытты талап кылат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Энергия жана чыгармачылык потенциал азыраак болот. Андыктан жаңы жана оор иштерге киришпеген туура. Комплименттер менен таарынткан адамыңыздын капасын жазыңыз. Белек алууңуз ыктымал. Жеңил ойлуулук кылып тааныштар менен ашыкча көңүл ачып кетпеңиз. Балдардын ден соолугуна, тамак-ашына көбүрөөк көңүл буруу талап кылынат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Салт-санаа, адеп, саясатка байланыштуу дискуссияларда элдин пикирине каршы чыкпаган оң. Акча булактарын издөө сунушталат, бирок күмөндүү булактардан баш тартуу кажет. Кайтаруу оор болуп калат. Соода менен алектенгендер өнөктөшү менен ачык сүйлөшүп алуулары керек. Чарба, тиричилик иштерин бүтүрүүгө убакыт бөлөсүз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жашооңузга бардык жагынан өзгөрүүлөр кире баштайт. Мындан улам нерв чыңалуусу күтүлөт. Пландарды ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп калуу зарыл. Бирөөнүн кысымы, мажбурлоосуна моюн бербөө сунушталат. Уккан маалыматтардын арасында көңүл көтөргөнү чыгат. Үй жандыктарын ууру, ылаңдан сактоо керек.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жаман ойлорду алыс кубалап, жашоого позитивдүү караңыз. Майда нерселерге акча коротпой, чогултуунун үстүнөн ойлонуңуз. Көптөн берки кыялды ишке ашырууга ылайыктуу шарт түзүлөт. Керектүү адамдар менен мамилени бекемдеңиз. Жаңы жашоо баштоого шык берген жагдайлар орун алат. Жең түрө жаңы баракты ача берсеңиз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан