ИНДИЯДА УЙ БАКЧАГА КИРИП БҮЛҮНДҮРСӨ КУБАНЫШАТ

Быйыл Уй жылы кирип келгенине байланыштуу уйлар тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүүнү улантабыз. Бул ирет Индияны байырлаган уйлар менен таанышып, алардын башка жаныбарлардыкына окшобогон жашоосуна кызыгып көрдүк.

ИНДИЯДА УЙДУН ЭТИ ЖЕЛБЕЙТ

Индиялыктардын көпчүлүгү уй өлтүрүп же жебей турган ыйык жаныбар деп эсептешет. Ал жакта уйларга сый-урмат ыйгарылат, аларга ири шаарлардын көчөлөрүндө эркин жүрүүгө уруксат берилет. Уйдун "ыйыктыгы" жөнүндө биринчи эскерүү биздин заманга чейинки XII кылымда "Ведада" (философиялык жана диний ырлардын жыйнагы) жазылган. Ал жерде уй – бул боорукер жаныбар катары, молчулуктун, тазалыктын жана ыйыктыктын белгиси катары сүрөттөлөт. Жер эне сыяктуу эле, уй да кайрымдуулуктун эталону болуп саналат, анткени адамдар андан сүт алышат. Индиялыктар уйду ушунчалык жогору баалашкандыктан, өлкөдө уйдун этин жегенге тыюу салынган жана индиялыктардын көпчүлүгү эт, анын ичинен уй этин такыр жешпейт.

УЙДУ ӨЛТҮРҮҮ АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ БАРАБАР

Эгер адам уйду өлтүрсө, анда тургундар өлтүргөн адамды өз айылынан кууп чыгышат. Дин кызматчылары да алардын үйүндө кызмат кылышпайт, чачтарачтар анын чачын кыркышпайт. Байыркы Индия жазмаларында – "Ведаларда", жок дегенде бир жолу уйдун этин татып көргөн адам уйдун денесинде канча түк болсо, ошончо жыл тозокто азап тартат деп айтылган. Үйдө уй өлүп калса – бул жаман жышаан. Эгер мындай абал жаралса, ээси индуизмдин ыйык жайларына зыяратка барышы керек.

УЙЛАРГА БОЛГОН УРМАТ

Индиядагы уйлардын жашоосу жаман эмес. Алар ири шаарлардын сегиз тилкелүү жолдорунда эркин сейилдеп, көл жээктерге барып, адамдардын бакчаларына кирип, жаңы түшүмдү каалашынча жешет. Алардын ээлери уйларды айдап койгондун ордуна бул көрүнүшкө кубанышат, бактылуу болушат. Анткени бакчага уй кирсе иш оңолот деп жорушат. Индиянын көчөлөрүндө ээси жок эле жүргөн уйлар көп. Бирок алардын бири дагы ачка калбайт, анткени бардыгы аларды тойгузуп турушат. Күндү баштоонун эң жакшы жолу – уйлардын курсагын тойгузуу менен башталат. Жаныбар жолду тосуп жатып алса же тороп калса аны уруп-согуп, таш ыргытпайт, болгону кол шилтеп айдап коюшат.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ainura220888
2021-01-11 12:47:09
Аллахтан башка сыйынуучу зат жок. Аллах бизге уйду берген сутун, этин, тээрисин пайдалансын деп.тикмечинин оз иши кай жагынан кол чыгарсада демекчи индиялыктар мага десе уйун башына которуп алсын
+5
muku.85
2021-01-13 08:33:28
Биздин уйларды индияга алып барып багат окшойбуз оггородуна киргизип койуп.
+2
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан