(Башы өткөн сандарда)
ххх
Маржандын көкүрөгү сайгылашып жатты. Бир жерге жай ала албай ары-бери баса берди. Бул сезимди жеңем деген, бирок 18 жылдан бери жеңе албады. Эне-бала бири-биринен канчалык алыс болбосун эне жүрөгү баарын сезет деген чын. Акыркы күндөрү уулу эч эсинен кетпей койду. Чыркырап ыйлап турган наристени бейтааныш аялдын колуна кармата салып артын карабай кетип бара жатканы көз алдына дайыма тартылат. Жок дегенде кайда экенин билсечи. Өзү таштап кеткен балдар үйүнөн сурап таба албады. Катуу күч жумшап издейин дейт. Күйөөсүнө же дос-таанышка жетип калабы деп коркот. «Баласын алып калган аялдын аты-жөнүн бир сурап албайт белең?» деп өзүн жегени жеген.
Аргасыздан ошол жолго барбады беле. Жүрөгү сыздап уулун таштоого кыйбады. Бирок мындан артык баланы кайда жашырат эле? Ансыз да жолдун алыстыгына шылтоолоп айылга ата-энесине, туугандарына барбай жүрөт. Жан кишиге билгизбейин деп далалат кылды. Тааныштардан такыр оолактап, бүтө турган окуусунан да четтеди. Тааныш бирөө-жарымдын көзүнө илинип калбайын деп аргасыз жоолук оронуп, көлдөйгөн узун көйнөктөрдү кийүүгө өттү. Түйшүк менен жарыкка алып келген уулун таштап кетүү ага абдан оор болду. Ушунчалык кыйналды. Соолуган гүлдөй баш көтөрбөй шылкыйып эле жатып калды. Өкүнүч жан дүйнөсүн өрттөп, өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу. Түгөнүп баратканын сезди. Күзгүдөн өзүн көпкө карап туруп кой деди:
– Минтип жата бергенден бир нерсе өзгөрсө эмдигиче өзгөрөт эле го. Башка салганы ушул болду, тагдырга баш ийбеске чара барбы? Бул кабар ата-энеме жеткенче окуумду бир жаңсыл кылайын,- деп өзүнчө күбүрөндү. Акыл-эсиң барында өткөндү унутууга мүмкүн эмес да. Көчөдө ойлуу кетип бара жаткан Маржанды өтмөктөн унаа сүзүп кетти.
Жигит шашыла машинасынан чуркап чыгып жерде жаткан кызды унаанын арткы орундугуна салды. Шаардын чети болгондуктан «Тез жардам» чакырып убакыттан уттургусу келген жок. Эч нерсеге карабай учкан бойдон кызды ооруканага алып жөнөдү. Унаа жай эле келе жаткан, катуу жаракат деле алган жок. Болгону кыз узак убакыттан бери депрессияда жүрүп желге туруштук берер кайраты калган эмес. Кыз көзүн ачканча жанынан карыш жылган жок. Сүзүлүп уйкуда жаткан кызды эмнегедир берилүү менен карайт. Ушунчалык өзүн ага жакын сезди. Кыз көзүн ачты. Эркектен көңүлү калган неме жанындагы жигитти көрүп чочуп кетти.
– Мен каяктамын? Сиз кимсиз?
– Коркпоңуз, мен сизди сүзүп алдым. Эч кандай олуттуу жараатыңыз жок. Бирок сизге азыр кеткенге болбойт.
Палатадагы үндү угуп сырттан дарыгер кирип келди.
– Ойгондубу, жакшы. Азыр сага ачууланганга болбойт. Ансыз да абалың жакшы эмес. Каның түшүп кетиптир, анализдериңдин жыйынтыгы толук чыгып бүтө элек.
– Менде дарыланганга акча жок. Азыр дарылана албайм.
– Сиз кабатыр болбоңуз, мен төлөйм. Сиз бул дарылануудан өтүшүңүз керек,- деди жигит тынчсыздана.
Маржан анын айтканына көнгөнсүп унчукпай дубалды карап жатып калды. Дарыгер менен кошо жигит тышка чыгып кетти. Жарым сааттан кийин тамак-аш, жемиштерди көтөрүп кирип келди. Маржан көптөн бери жалгыз, анан да ачуулуу жүрүп эч кимди көргүсү келбей калыптыр. Жанында күйпөлөңдөп жүргөн жигитке жини келди.
– Атыңыз ким?
– Сизге эмне?
– Жөн эле билгим келди.
– Маржан.
– Болот.
Маржан жолдошу менен ушинтип таанышкан. «Экинчи жигитке жолобойм» дегени менен, Болоттун камкордугу, жылуу мамилеси баарын унуттуруп койду. Ишенген жигити аны таштаса, жашырынып жүрүп төрөгөн уулун өзү таштады. Таштоолор Маржандын жолун жакшыга багыттап коюптур. Колунда бар, бардар, акылдуу, камкор жигитке жолуктурду. Болот Маржанга катуу ашык болду. Экөө көп узабай баш кошушту. Удаасынан уул-кыздуу болушту. Күнүмдүк тиричилик, балдар менен алек болуп жүрүп жылдар өтө берди. Минтип алпурушуп жатып кээде өтмүштү эстөөгө убакыт болбой калат. Анткен менен эне да. Эне сүтүн толук эмбей, эне мээримине канбай, эне жытын искебей чыркырап бир жерде калган уулун кантип унутат? Кээде эстеп ичи тызылдап кетет. Ал кандай чоңоюп жатканын алыстан эле көргүсү келет. Сагынычын, ызасын ичине катып жашады. Өтмүшүнөн эч кимге шек алдыргысы келген жок.
ххх
Үйүнө жакын эле жерде экен. Алмаз агай шаша-буша кийинип, кыз айткан дарекке бат эле жетип келди. Жерде жаткан бала Байэл экенин жазбай тааныды. «Тез жардамга» чалганга аракет кылып жаткан кишиге Аделя:
– Менин машинам менен эле алып барабыз.
– Жакшы болот.
– Айбек байке, көтөрүшпөйсүзбү. Айдоочу канча кыйылбасын, Аделянын сөзүнө каршы боло албайт. Атасынын эрке кызын капа кылып алса жумуштан да, ырахаттана айдап жүргөн Мерседестен да кол жуубайбы. Байэлди көтөрүп унаага салып, жакынкы бейтапканага алып барышты да, Аделя өз жолу менен кетти.
– Бетинен тамтык калбаптыр. Мынча эмне сабашкан? Тоношту дейин десең сумкасы жабык, аркасына асынган бойдон.
– Ким билсин, Аделя? Бир себеби болсо керек.
– Бирок мага аты жакты.
– Кайдан билдиң?
– Жанагы келген киши Байэл деп тааныды го.
– Кыйынсың, ээ, ошону да эстеп калыпсың. Мен керек болсо уккан деле жокмун.
Аделя кудуңдап күлүп калды. Ичинен эртең келип көрүп кетем деп ойлонду.
Алмаз агай Байэлди ооруканага жаткырып, эки жагын ырастап коюп үйгө кеч кайтты. Кайдыгер карап коюуга адамгерчилиги жол бербеди. Болбосо Байэл ал үчүн эч ким эмес. Бир жолу эле көргөн, анан да чөнтөгүнө кол салган жигит. Эгер кармап калбаса, акчадан да, документтен да кол жуумак.
Байэл катуу сабалыптыр. Эс-учун жоготкон абалда эртеси түшкө чейин жатты. Жаш дарыгер түндөн бери Маржан Сапаровнанын келишин күтүп жаткан. Иштеп баштаганына аз эле болгон. Тажрыйба жетишсиз болгондуктан дайыма Маржан Сапаровнанын көзөмөлүндө иш алып барат. Иш бөлмөсүнөн чыгып келе жаткан дарыгерге кайрылды.
– Маржан Сапаровна, 4-палатага кире кетесизби. Түндө сабалган бала түшкөн. Абалы туруктуу, ошентсе да...- деп колундагы кагазды карматты.
– Азыр барам.
Палатага кирип тамчылатма ийне алып, беттери көк ала, көздөрү канталаган жаш жигитти көрдү. Колундагы бейтаптын абалы жазылган баракчаны карап Байэл Сапаров дегенди окуп жүрөгү опколжуп, денесин бир заматта калтырак басты. Бейтапты карай албасын түшүнгөн Маржан иш бөлмөсүнө жөнөдү. Көргөн көзүнө ишене албай турду. Бейтаптын абалы тууралуу жазылган жагына өтпөй эле алгачкы саптагы аты-жөнүн кайра-кайра окуй берди. Байэл деген аттар дайыма анын жан дүйнөсүн бир силкинтип өтөт. Бирок бул жолку силкинүү адаттагыдан күчтүү болду. Аты эле эмес, фамилиясы да окшош.
– Байэл Сапаров. Кантип Сапаров? Бир ысым бир эле балага коюлса да эмне болуптур? Эмне болуп баратам. Жөн гана окшоштур...
(Уландысы кийинки санда)