УЛУТТУК ГВАРДИЯ «ДЕДОВЩИНАДАН» АЛЫСПЫ?

Ушул күндөрү гезиттер да, «кө­гүл­түр экрандар» да учурда кыргыз аскерлеринин арасында тартипсиздик күчөп кеткендигин, аскердик турмуштун күндөн-күнгө оордошуп бараткандыгын айтып, коңгуроо кага башташты. Мындай ызы-чуунун чыкканы да бекеринен эмес. Өткөн айда Нарын облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде прапорщик жоокерди сабап өлтүрүп койгондугу маалымдалса, дагы башка бөлүктө бири-бири менен мушташып каза тапкан жоокерлер туралуу да кабарлар бар. Аскерге чакырыктын жазгы мөөнөтү башталган кезде мындай кеп-сөздүн чын-төгүнүн байкап көрмөккө, анан да «учурдагы аскер кызматынын абалы кандай, илгертеден көп айтылып легендага айланган «дедовщина» дале күчүндөбү?» деген өңдүү суроолорго жооп алмак ире­тинде жетекчилиги менен макулдашып алып башкалаабыздын Киев көчөсүнөн орун алган Улуттук гвардияны көздөй жөнөдүк.

КЫРГЫЗДЫН ЖҮЗҮН КӨРСӨТӨӨР АСКЕРЛЕР

Аскердик бөлүккө кире бериштен бизди Улуттук гвардиянын маданий-агартуу борборунун башчысы, прапорщик Абдрасулова Гүлжамал жана укук жана тарбия бөлүмүнүн башчысы полковник Искендер Бектемиров тосуп алышты. Алдын-ала макулдашкандай, дароо эле аскерлерге аралашып, алардын бир күндүк жашоосу менен таанышып кирдик. Гвардия жетекчилиги бизге “гид” кылып Гүлжамал Абдрасулованы, “ардактуу күзөт” бөлүмүнүн взвод командири Кубат Жусуповду жана 4 аскер жигитти кошуп беришти.
Тартип боюнча күн сайын саат 6да ойгонууга коңгуроо кагылып, саат 6.10дон 6.50гө чейин жоокерлер дене тарбиялык көнүгүүлөргө убакыт бөлү­шөт. 6.50дөн 7.00гө чейин жуунуп, керебеттерин жыйышкан соң командирлердин таңкы текшерүүсүнөн өтүшүп, 7.20да эртең мененки тамакка киришет. 20 мүнөт ичинде тамактанып бүткөндөн кийин аскердик окууга, дене тарбиялык даярдык үчүн көнүгүүлөргө кезек келет. Биз барган убакта “ардактуу күзөт” бөлүмү­нүн жигиттери жакында Бишкекте боло турган “Шанхай” биримдигинин конокторун тосуп алуу салтанатына даярдык көрүп, марш тепкенди үйрөнүп жатышыптыр.
Биздин экскурсоводубуз Кубат Жусупов түшүндүрө кетти:
– Улуттук гвардияга атайын иргелген, бою 175 сантиметрден кем эмес, салмагы 60 килограммдан ашык, денсоолугу чың жигиттер алынат. Мамлекеттик деңгээлдеги сыйлуу конокторду аэропорттон түшкөн жерден салтанаттуу түрдө тосуп алуучу бул жигиттерди Кыргызстандын жүзүн көрсөтөөр аскерлер десе болот. Андыктан, алар бардык жагынан келишимдүү, келбеттүү болуулары шарт.
Алардан катарда тегиз, адашпай марш тебүү эле талап кылынабы?
– Жок, бардык аскерлер согуштук даярдыкты жакшы билүүлөрү керек. Бирок, ар бир ротанын, айталы, «спецназдын», тоо аткычтарынын, казарманын ичиндеги техникалык-материалдык камсыздоо бөлүмдөрүнүн ар биринин өзүнүн милдети бар. Согуштук өнөргө даярдык көргөн өзүнчө рота бар. Бирок, керек болуп калса, техникалык- материалдык камсыздоо бөлүмдөрүн­дө учурда ширетүүчүлүк, айдоочулук, сантехниктикти өздөштүрүп жаткан жоокерлерибиз деле курал алып, мекенди коргоого даярдыгы болсун үчүн кам көрүлөт.

«КУДАЙ ЖАЛГАП «ДЕДДЕРДЕН» КУТУЛДУК»

Алгач, аскердик казармага баш бактык. Кантсе да “улуттук” статусу бар эмеспи, шейшептер таза, баары тыкыйта жыйналган экен. Айтымдарында, шейшептерди жумасына 2 ирет алмаштырып турушат. Уктоочу бөлмөгө канатташ окуу бөлмөсү орун алыптыр. Биз киргенде кызмат өтөөгө жаңыдан келген аскерлер окуп жатышыптыр.
Казарманы аралаганда офицерлер менен чогуу жүргөндүгүбүздөн улам коомайлана тиктеген жоокерлер биз менен маектешүүдөн тартынышып, оолак карманып жатышты. Качан гана аскердик ашканага бет алганда 4 жигитти командиринен оолак жерде бир аз маекке тарттык.
Төртөөнүн аскерде кызмат өтөп келаткандарына 6 ай болуптур. Равшан Оштон, Өмүрбек Нарындан, Тимур Аксыдан, Эркинбек Ысыккөлдөн экен.
Келгениңерге 6 ай болсо, аскердик жашоого көнүп калгандырсыңар?
– Башында баарыбыз эле тамактан кыйналдык. Үйдө жүргөндө ченеми жок тамак жеп көнүп алат турбайбызбы. Бул жактын убагы менен берилген тамактарына көнө албай, андайда «апам жапкан нанды сагындым» деп калат экенсиң. Азыр көнүп, кыйналбай калдык.
– Тамак-аштан да уйкудан жаман кыйналат экенсиң,- дейт шериги Тимурдун кебин коштогон Эркинбек.
Негизи, аскерге баргандар айтып жүрүшөт го, бардык «жашоо» түндө башталат. «Дедовщинанын» бийлик жүргүзөөр маалы да түн. Жаңы келгендерди уктатпай уруп-сабап, каалаган жорукту жасап кыйнашат. «Тамеки, тамак-аш таап кел» деп салык салышат. Кайдан табасың, алардын башы да оорубайт. Мончого киргенде сүлгүнү суу кылып алып сабашат, «мындан өткөн жаман кыйноо жок» деп. Балким, ошон үчүн уйкуңар канбай жаткандыр?
– Тааныштардан мындан да жаман кыйноо тарткандарын угуп эле жүргөн­бүз. Бирок, биздин командирлер андай чыр – чатактарга жол бербей көзөмөл кылып турушат. Анын үстүнө, «дедовщина» деген бул жылы жок.
Кандайча жок, бул нерсени илгери СССР кезинде жоё алышкан эмес эле...
– Жок дегенибиз, биз кызматка жаңыдан келген мезгилде аскерде кызмат өтөө 1,5 жылдан 1 жылга кыскартылып калды.
Ошентип, силерге «дед» боло тургандар бошоп кетишип, силер андай кыйынчылыкты көрбөй калдыңар, туура айтамбы?
– Ошондой десе болот, бирок, бизде анчалык чектен чыгып кеткен «дедовщина» болгон эмес,-деп ыргылжың боло сөзгө аралашты баятан бери унчукпай турган Өмүрбек.
– Айлык акы аласыңарбы?
– Өздүк гигиеналык каражаттарды алуу үчүн ар бирибизге ай сайын акча бөлүнөт,– дейт Равшан. – Мурун 140 сом эле, эми 200 сомдон бериле баштады. Ал акчага тиш паста, самын, айна өңдүүлөрдү алабыз.
– Аскерге эмне үчүн келдиңер? Башка теңтуштарыңар өңдүү качып, эптеп военкомат менен «сүйлөшүп» бүтүрүп алууга аракет кылган жоксуңарбы?
– Аскерге мен, мисалы, университетте окуп жүргөн жеримден келдим,– дейт Равшан. – Аскердик билет алыш үчүн ушундай кылдым. Университетте деле аскердик даярдыктан өтсөм болмок, бирок, мен чыныгы аскердик жашоону көргүм келди.
Азаматсың, Равшан. Жигиттердин баары сендей болсо, бейпилдигибизден кабатыр албасак деле болоор эле. Аскердик жаза жөнүндө да сурагым келген. Жаза алып көр­дүңөрбү?
– Жоокердин баары эле жок дегенде бир ирет тартип бузуп, жаза алса керек. Жаза 10 күнгө чейин берилиши мүмкүн.
Кандай жазалар берилет? Картошка тазалап, короо шыпырасыңарбы?
– Курал-жарак сакталуучу жайды түнү бою кайтарып чыгабыз.
Уктабай чыдоого болобу?
– Ошон үчүн аскерде жүрөбүз да. «Басып баратып уктап калчумун» деген кептер бекеринен айтылбаган.
Биздин узакка эмнелер жөнүндө сүйлөшүп жатканыбызды биле албай кабатырланган экскурсоводубуз жаныбызга келип туруп алгандыктан, аскерлер унчукпай калышты.

ЖООКЕРДИК АШКАНАДА

Эми чогуубуз менен жоокердик ашкананы көздөй жөнөдүк. Ар бир жоокерге эртең менен күрүч, гречка же көптүрүлгөн буудайдан жасалган ботко, май, нан, чай; түштө биринчи, экинчиси кылып ысык тамак, нан, компот; кечкисин да эртең мененкидей ботко берилет экен. Биз ашканага киргенде түшкү тамак даяр болуп калган экен, ашкананын башчысы биздин маектештерибиз Тимур, Равшан, Эркинбек, Өмүрбектерге кошо бизге да аскердик тамактан куюп берип сыйлады. Алар менен чогуу отуруп шорпо ичүү бизге да жагымдуу болду. Андан соң ашкана башчысына кайрылдык:
Күнүнө бир жоокерге канча акча бөлүнөт?
– Илгери 34 сомдон бөлүнчү, азыр... бул нерсени, жакшысы, жетекчиликтен сураңыздар...
Кайрылып штабга барганда полковник Бектемиров 34 сомдон бөлүнсүн деген токтом 2002-жылы чыккандыгын, бүгүнкү күндө бир адамды күнүнө 34 сом менен багуу мүмкүн эмес экендигин айтып арызданып да алды.

«САБАЛГАНЫ ТЕКШЕРҮҮДӨ БИЛИНИП КАЛАТ»

Казармадагы «саякатыбызды» эми санбөлүмдөн уланттык.
– Жумасына 2 ирет жоокерлерди текшерүүдөн өткөрүп турабыз, денесинде көгөргөн, карарган тактар болсо, дароо командирлерге билдирип, териштиребиз,-дейт сан­бөлүм­дүн терапевти Жылдыз Черикчиева.
«Аскердик врачтар текшерип турушат» деген жөн гана айтыла берчү кеп, чындыгында, текшерүү жылына 2 ирет болот» деп көп айтышат го аскерге барып келген балдар. Силерде мындай көрүнүш­төр такыр жокпу?
– Башкалар үчүн жооп бере албайбыз, бирок, биз жумасына 2 ирет текшерип тураарыбыз анык. Ушундан улам алардын арасында болгон чатактарды жашырышкан күндө да баары бир билип коёбуз.
– «Жоокерлерибиздин азыркы абалы начар, көпчүлүгү биттеп, ичи өтүп, ооруп кыйналып жүрүп эле кайтышат» дешет. Мындай көрү­нүш Улуттук гвардияда да барбы?
– Аскерлерибиз биттеп же баарынын ичи өтүп жатып калышкан чак болгон эмес. Дайыма эле текшерип турабыз.
Жетекчиликке жакпаган артыкбаш нерсени айтып албайлы дешип врачтар да кенен маектешүүгө көңүлдөнүш­пөй ыргылжың болуп турушту.

КАЙРАДАН ШТАБДА

Башында бизди тосуп алган Искендер Бектемиров менен азыноолак маектеше кеттик.
– Улуттук гвардиядан да качкандар көп болобу?
– 1996-97-жылдары аскерден качмай көбөйүп кеткен эле. Азыр кичине сээлдеп калды. Жаңы келген аскерлерге дезертирлер жөнөтү­лүү­чү дисциплинардык батальонду атайын алпарып көрсөтөбүз.
– Кызмат өтөп жүрүп кылмыш кылып, тартип бузуп соттолуп кеткендер да барбы?
– Жыл сайын 800-900дөй аскер кызмат өтөйт. Ошончо жигиттин арасынан 2-3 шогу, бейбашы чыкпай койбойт тура, андай көрүнүштөр болуп турат.
– Жоокерлер тамак-ашты камсыз кылуу үчүн өзүңөрдүн чарбаңарда да иштешсе керек?
– Бизде өздүк чарба жок. Азык- түлүктөрдү келишим боюнча түрдүү чарбалар жеткирип беришет. Андыктан, жоокерлерибизди мындай иштерге аралаштырбайбыз.

МЕКЕНИБИЗДИН ЭРТЕҢИ ОЙЛОНДУРБАЙ КОЙБОЙТ

Биз штабдан чыгып короодо «ардактуу күзөт» бөлүмүнүн аскерлери марш тээп даярданып жаткандарын карап турдук. Кантсе да Улуттук гвардияга туш болгон жигиттерибиз «кыйналдык, кысталдык» деп айтпай деле коюшса болчудай экен. Анткени, алар Бишкектен бир нече чакырым гана алыстыкта жайгашкан Койташ айылындагы аскер бөлүмү­нө туш болгон жигиттер сыңары аскерде жүрүп кайсы бир «чоңдун», «крутойдун» талааларында кызылча отоп же алыскы Баткендеги бөлүмгө түшкөн аскерлер сыңары көрүнгөндүн короосунда өрүк кургатып азап тартышпай, кадыресе мылтык атканды, тыкыя марш тээп басканды үйрөнүп кетишет. Бирок, ушул эле учурда жалпы кыргыз аскер бөлүм­дө­рүнүн абалы тынчсыздандырбай койбостугу ойго түштү. «Деддердин» кыйнагандарын командирлер көрсө да көрмөксөн, билмексен болуп коюшат» дешет. Анысы го макул, мындай иштер тээ совет кезинен эле келе жаткан көнүмүш жоруктардан болуп калган дейли, бирок, «1,5 жыл бою мал жайып, кызылча түптөп, өрүк кургатып жүрүп эле келген аскерлерибиз кокус бир окуя чыгып кетсе, мекенибизди коргой алышабы?» деген суроо туулбай койбойт.
Марш тепкендерди бир топко карап турган соң, бизге репортаж даярдоого, аскерлер менен маектешүүгө макулдугун берген Улуттук гвардиянын жетекчилигине ыраазычылык билдирип жолубузга түштүк.

Даярдаган Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ArGeN4iK
2016-08-22 11:51:13
улуттук гвардияга барам буйурса сентьябрда
0
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан