ЖАЛАЛ-АБАДДА 15 ЖАШАР КЫЗ КОШ БОЙЛУУ. СОТ АКЫЙКАТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРАБЫ?

Мындан бир нече күн мурун Сузак районунда белгисиз аял райондук милициянын имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылды. Ал кызын зордуктагандар боюнча териштирүү иштери акыйкатсыз жүрүп жатканына нааразы эне. Эки жылдан бери созулуп келе жаткан иштин чоо-жайын билүүгө аракет кылдык.

СУЗАКТАГЫ ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

– 2019-жылдын 28-февралында Сузак районунун 1979-жылы туулган тургуну Г.Ж. Сузак РИИБине арыз менен кайрылып, анда 2018-жылдын 26-декабрь күнү саат 19:30 чамасында 2005-жылы туулган О.З. аттуу кызын О.У. аттуу жаран Тико үлгүсүндөгү кызыл автоунаада күч колдонуу менен зордуктап койгондугун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты ошол учурда Сузак РИИБинин бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү делген О.У кармалып, ал өз көрсөтмөсүндө жабырлануучуну арыз жазылгандан кийин тааныгандыгын, мурда көрбөгөндүгүн жана ал кыз менен жыныстык катнашка барбагандыгын, ошондой эле кызыл түстөгү Тикосу жок экенин, арыздануучу калп айтып жаткандыгын билдирген.

Тергөө учурунда экспертизалардын жана иштин ичиндеги материалдардын жыйынтыгы менен шектүү делген О.Унун күнөөсү далилденбегендиктен кылмыш иши өндүрүштө убактылуу токтоп турган.

Ал эми 2020-жылдын 8-декабрь күнү 2005-жылы туулган жабырлануучу О.З. Сузак РИИБине арыз менен кайрылып, апасынын арызында көрсөтүлгөн О.У. аны зордуктабаганын, апасы ага жалаа жаап жатканын айткан. Жабырлануучунун айтымында, анын өгөй атасы 1984-жылы туулган М.М. мындан 4 жыл мурда 11 жашында күч колдонуп зордуктагандыгын, ошондон баштап арыз жазган күнгө чейин жыныстык катнашта болуп келгендигин, «эгерде окуя боюнча айтсаң өлтүрөм» деп коркутуп жүргөндүгүн айткан. Ошондой эле М.М. жабырлануучуга «апаңа жана милицияларга О.У. аттуу бала зордуктаган деп айтасың» деп үйрөткөн. Мындан кийин жабырлануучунун апасы кыздын айтып бергени боюнча укук коргоо органына арыз жазган. Апасы арыз жазгандан 3 ай убакыт өткөн соң М.М. өгөй кызын кайра зордуктап, жыныстык катнашта болууну уланткан. Кыз арызда өгөй атасынан кош бойлуу болуп калганын дагы көрсөткөн. Мындан соң апасы кызды УЗИ аппаратына текшертип, кыздан баланын атасы ким деп сураганда, өгөй атасы М.М. экендигин айткан. Бирок апасы анын айткандарына ишенбей койгон. Акыркы жолу 2020-жылдын 5-декабрь күнү саат 02:00 чамасында жабырлануучу өспүрүм дагы зордук көргөн. Анда М.М. кызды мажбурлап жыныстык катнашта болуп, кыз айласы түгөнгөндө милицияга өзү кайрылгандыгын арызында көрсөткөн.

Бул окуя боюнча 2020-жылдын 8-декабрь күнү жабырлануучу О.З. өгөй атасы М.М. жана апасы болуп жашаган Сузак районундагы үйгө кароо жүргүзүлүп, зордуктоо болгон учурда жаткан төшөктөр, кийимдери далил буюм катары алынып, соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Ушул эле күнү Жазык кодексинин 161-беренесинин (зордуктоо) негизинде 1984-жылы туулган М.М. шектүү катары саат 23:30да Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал сот тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

«ӨЗҮМӨ ӨРТ КОЮУГА МАЖБУР КЫЛЫШТЫ»

Милициянын имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөөгө аракет жасаган аял жабырлануучу кыздын апасы Гүлсара Журабаева. Ал окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

– Биз эки жыл мурун О.У. аттуу жаран кызымды зордуктаганын билгенден кийин ал күнөөсүн моюнга алган. Ал жоопкерчиликтен кутулуу үчүн бизге унаасын жана бир топ суммадагы акча сунуштаган. Мен кызымдын тагдыры үчүн аны алууга макул болгон жокмун. Кызымды зордуктагандар кылмыштын изин жабуу үчүн кызымды коркутуп-үркүтүп, анын көзүн тазалоого чейин аракет кылышты. Кийин өз бир тууган агамды ортого салып, ишти жабуу үчүн 200 миң сом карматкан экен. Милицияларга да 200 миң сом берген имиш. Аны экөөбүз жолукканда ачык эле айтып берди. Бул боюнча далилдер дагы бар. Алар эми күнөөнү азыркы күйөөмө коюп жатышат. Жолдошум азыр убактылуу кармоочу жайда. Жакында соту болот. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты деп жатышат. Бирок мен аны тааныбаймын. Бул ызы-чуу башталганы кызымды социалдык мекемеге алып кетмек болушту. Бирок ал өз каалоосу менен кайра менин жаныма кайтып келди. Алар менден кызымды тартып ала алышпайт. Менчелик кызыма эч ким кам көрбөйт. Жашоо шартка байланыштуу кызымды мектепте окута алган жокмун. Бирок мындан аркы жашоосуна бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылам. Жакында төрөсө баласын кор кылбай багып алам. Өзүмдүн кичүү балам учурда жети айлык. Аны да операция жолу менен төрөгөм. Ошол себептен иштей албай үйдө отурам. Биздин үй-бүлөнү абактагы күйөөм багып жаткан. Өз бир туугандарым каралашып койгон жок. Аларга караганда кайын журтум, жоро-жолдоштор тамак-ашын көтөрүп келип, бизге каралашып жатышат. Менин үнүмдү эч кимдин уга турган түрү жок. Өткөндө айласыздан РИИБге барып, өзүмдү өрттөөгө аракет кылдым. Мени бул нерсени жасоого мажбур кылышты. Жергиликтүү телеканалдардын бирине кайрылсам, алар бардык айткандарымды кесип салып, 3 мүнөттүк гана көрсөтүү даярдап коюшуптур.

«КЫЗДЫН ЭНЕСИ КҮЙӨӨСҮН САКТАП КАЛУУНУН АРАКЕТИН КӨРҮҮДӨ»

Сузак районунун акиминин орун басары Лола Абибова окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

– 15 жашар кызды өгөй атасы зордуктады деп шектелүүдө. Кыздын энесинин биринчи күйөөсүнөн үч кызы, экинчи күйөөсүнөн үч уулу бар. Эң улуу кызын турмушка узатышкан. Ал эми экинчи кызы ушул жабырлануучу кыз. Биз комиссия түзүп, ишти карап чыктык. Азыркы тапта кыздын төрт айлык боюнда бар. Бирок апасы «кызын өзүм карайм» деп жатат. Атасы убактылуу кармоочу жайда. Апасы өзүнөн жаш күйөөгө тийген. Азыркы тапта аял күйөөсүн сот жоопкерчилигинен алып калуунун аракетин көрүүдө. Анткени кичинекей балдары бар. Ошол үчүн күнөөнү башка бирөөгө түртүп жатат окшойт. Бирок экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Жакында сот болот. Сот акыйкат чечим чыгара турган болсо, аял күйөөсүн куткара албайт.

«БҮГҮНКҮ КҮНДӨ КЫЗ БИЗДИН КӨЗӨМӨЛДӨ ТУРАТ»

Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жанарбек Ашымов төмөнкүлөрдү белгиледи:

– Бүгүнкү күндө кыз биздин көзөмөлүбүздө турат. Тиешелүү социалдык кызматкерлер күндө кыздын үйүнө барып кабар алып жатышат. Кызды апасынан бөлүп алууга, биринчиден, шарт жок. Экинчиден, мыйзамга туура келбей жатат. Анткени кыз «апам менен чогуу жашайм» деп өз каалоосун билдирүүдө. Ал эми РИИБ «тергөө иштерине апасы тоскоол болуп жатат, жабырлануучуну апасынан бөлүп, бизге тергөө жүргүзүүгө шарт түзүп бергиле» деп сунуш берип жатат. Укук коргоо кызматкерлери «апасы кызына өгөй атам эмес, башка бирөө зордуктады деп үйрөтүп жатат, кыз улам көрсөтмөсүн өзгөртүүдө» дешүүдө. Биз алардын өтүнүчүн аткара албайбыз. Анткени баланын макулдугу жок аны үй-бүлөсүнөн бөлө албайбыз. Эгерде шектүүнүн күнөөсүз экени далилденсе, кыз үй-бүлө менен чогуу жашоону каалап жатса өзүнүн макулдугу менен ошол жакта жашоосун уланта берет.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Raihan0602
2021-01-18 10:33:44
Эки буттуу айбандардын саны күн санап өсүп жатат өз кызын коргой албаган эне сөрөйлөргө айта турчу сөз да жок сот акыйкат карап күнөлүүгө катуу жаза колдонуш керек (өлүм жазасы)
+4
momun74
2021-01-19 14:51:51
Raihan0602, - басам деп + басылып кетти
+1
AykaMer
2021-01-18 11:10:43
Жок, өлүм жазасы аздык кылат... Оңой жаза болуп калат. Андан көрө бычып салуу керек,ар туалетке барган сайын акмак экенин көрүп кыйналып өтүшү керек... Ошондо кыздын тагдырын өмүр бою талкалаганын түшүнөт... Тиги акмак эне эрсиз калып кетчүдөй болуп өлүп баратат го күйөөсүн куткарам деп... Кызыңды ойлобойсуңбу?! Келечеги кантет?! Кимге тийет?Бактылуу үй-бүлө куруп жашай алабы?Бирөө алса да кор кылбай багып кете алабы,ойлобойсуңбу ушуларды? Эриң өлмөк түгүл өлбөйбү,
+9
Aranida
2021-01-18 16:45:28
AykaMer,туура айтасыз,бычып салыш керек
+2
Erlan_95
2021-01-18 14:37:17
Олуп кетсин ошол энеси. Ушундай куйоосун коргогондон коро барып асынып олуп калса болмок
+3
Aijana-nur
2021-01-22 22:43:19
Суйуудон козу кор болуп балдарын ойлобогондор ойлонгула. Суйбогуло дебейм бирок эрлеринерди биринчиге коюп балдарды унутпагыла. Суйгонундун козун карайм жагынан деп балдарынардын тагдыры талкаланып жатат. Менде да ушуга окшош окуя болгон зордуктаган эмес тийишкен кармалап бирок апам козу андан башканы корбойт болчу ал адамдын козунчо басынтып оозго алгыз создор менен тилдечу морально жеп салган ошонун айынан самооценка ниже плинтуса
0
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан