“Туйгуну эле жылдыздын, тулпары кетти кыргыздын» дегендей, заманыбыздын улуу акыны, обончусу, көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо 17-январда 43 жашка чыкмак. Эскерүүгө өтө көп нерсени батыргым келгени менен, батыра албадым. Арийне, кыргыз жашап турганда бул адам дагы көп жолу изилденет, эскерилет, өнөрү муундарга мурас болуп кала берет. Бул жолу кызы Сезим Иманалиева биз акын катары билген адамды ата катары кулк-мүнөзүн ачып берди.
– Сезим, Элмирбек агай элдин уулу. Аны ата катары бейнесин ачып бересиң деп ойлойм...
– Ишенесизби, ата-энем эл адамы болуп, атактуу болгончо аман-эсен жанымда жүргөнү мага көбүрөөк керек эле. Эстеп маек бериш оор, бирок, сиз айткандай, элдин уулу.
Атам баласаак болчу деп айта албайм. Балдарын жакшы көрүп жатканын сыртына чыгарчу эмес. Акчаны мээнет менен тапканга үйрөтчү. Иш кылдырып туруп акча берер эле. Мисалы, кичинемде байпагын жуудуруп, акысына акча берчү. Чет өлкөгө барганда ал жактан бизде жок момпосуйларды, сагыздарды алып, аны код менен ачыла турган сумкасына салып койчу. Жакшы баа алып келсең, же жакшы иш кылсаң берчү.
– Атаңа окшошсуңбу?
4-классымда ата-энем ажырашып кетти. Бала үчүн бул өтө оор нерсе. Ата-энең атактуу болобу, жөнөкөй болобу, жаманбы, жакшыбы, баланын ата-энесине болгон сүйүүсү өзгөчө болот. Ажырашып кетишкенде ыраматылык чоң энем “Сезим байкуш атасы жок кантип уктап жатты экен?” деп ыйлаптыр. Себеби мен атам келмейинче уктачу эмесмин. Кетип жатканда “сааттын жебеси ушул жерге жеткенде келем” деп көрсөтүп кетчү, жебени тиктеп отурчумун. Ажырашып кеткенден кийин көп катташпай калдык. Ортодо таарынычтар болду. Атамдын башка бүлөсү болду. Ким менен жашасаң ошого жакын болуп калат экенсиң, апам менен жашап, ага жакын болуп кеттим. Ошол убактарда атамды аябай сагынчу элем. Апам каза болгондон кийин атам кайра жакын болуп калды. Чынын айтсам, мен өз алдымча болгон жокмун. Экөөнүн бирөөсүнө сөзсүз байлана турган табиятым бар эле. Азыр деле аларсыз жашоого көнө албай келем.
– Элмирбек деген залкар адамдын дүйнөсү кандай эле?
– Ата-энемдин дүйнөсү баланыкындай таза эле. Ойлойм, кир, ыпылас дүйнөгө экөө тең батпай кетишти окшойт. “Кыйырсыз, чексиз аалам бар болуп калганын көр, ырчыга ушул дүйнө тар болуп калганын көр” деген ыр экөөнө тиешелүүдөй. Атам катуу мамилеге баладай таарынып калчу. Жакшы мамилеге ичи-коюнуна батпай сүйүнүп кетчү. Кээде атам экөөбүз дүйнөдөгү адилетсиздикти айтып бири-бирибизге даттанып калчу элек. Карантинде бир нерсеге нааразы болуп калсам, “кызым, кичине чыдай тур, сенин көңүлүңө жакпай турган нерсе болуп калса экөөбүз дербиш болуп кетебиз” деген. Муну өзүнө айттыбы, же мага айттыбы билбейм. Бирок мени таштап, өзү дербиш болуп кетип калды... Ошол учурда элдин жашоосуна катуу сарсанаа болду окшойт, өзүнүн маселелери бар эле, аны бул жерде айтыштын кереги жок.
– Ата-энеңдин ырларда калган сезимдери тууралуу айтып берсең. Чоң сүйүү болгон чыгар?
Эсимде калган дагы бир окуя бар. Кичине элек, атамдын туугандары болуп жыл сайын айылга барчубуз. Атам унааны жакшы айдай албай, рулду апама берчү. Айылга жакындаганда алмашып алышчу. Төө-Ашуу беле, айтор, тоолуу жерден жол кырсыгына кабылып, машина сайга кирип кеткен. Апам эсин жоготуп койду. Атамдын апама айткан ошондогу сөздөрү дале эсимде. Апамды жолдогу машина менен кайра шаарга салып жиберип, атам бизди айылга алып кетти. Биз балабыз да, унутуп ойноп кеттик. Атам күн сайын талаа жакка барып алып ыйлачу. Адамдар ортосунда көзгө көрүнбөгөн бир күчтүү байланыш болорун ошондо сезгем.
– Акыркы жолу атаң менен качан көрүштүң, эмне деди?
Адылхан Элмирбек агабыздын ортончу уулу, атасындай акын болсом деп тилек кылат, өзү да атасына окшош. Апасынын суранычы менен анын сүрөтүн жарыялабоону туура көрдүк. Борбордогу 69-мектепте 1-класста окуйт.
– Адылхан, кандайсың, канчадасың?
– Саламатсызбы? Мен 1-класста окуйм. 7 жаштамын. Азыр онлайн эле окуп жатабыз.
– Азаматсың! Атаң сени менен эмнелер тууралуу сүйлөшчү?
– Көп нерселерди эле сүйлөшчүбүз, калың китеп бар болчу барагы көп, ошондон жомок айтып берчү. Сейилдечүбүз, паркка алып барчу. Атам кичинекей Элханды жакшы көрчү. Мектеп жакта көп жүрчүбүз, ошол жакта атамдын изи калып калган. Эрулан байкем, Жайдары эжем, мен, Элхан болуп ошол жерде атамдын изи менен басканды жакшы көрөбүз.
– Атаңа ким көбүрөөк окшош?
– Мен окшошмун. Атамдын “Булбулум”, “Аруузатым” деген ырларын ырдайм. Жайдары эжем болсо “Булбулумду” аябай жакшы ырдайт. Мен Манасты жакшы билем. Комуз черте албайм, Эрулан байкем жакшы чертет, бир мүнөттө эле үйрөнүп алган. Мен үйрөнөйүн десем үйрөнө албай жатпаймынбы. Ал Куран окуганды да жакшы билет, бир эле жолу угуп туруп жаттап алган. Мен математиканы жакшы көрөм.
– Келечекте ким болоюн деп жатасың?
– Алып баруучу болом го. Айтышты алып барсам деп ойлоп жатам. Атамды такыр унуткум келбейт. Атамды аябай жакшы көрөм. Элдин уулу болгум келет, орусча эмес, кыргызча сүйлөгөндү жакшы көрөм. Атамдай болгум келет.
– Ылайым атаңдай элдин уулу бол!
Айдар Иманалиев, агасы: «ЭЛМИРБЕК АЯН ТҮШҮП ТӨРӨЛГӨН БАЛА ЭЛЕ»
– Элмирбек аян берип төрөлгөн бала эле. Апабыздын түшүнө бир аксакал кирип, “балаң шер болот” деген экен. Төрөлгөндө да төбөсүндө узун чачы менен төрөлгөн. Тийбей өстүрүп жүрүп, кийин 3 жашка чыкканда ырымын кылып алышкан. Генден да өнөр берилет дешет, кадимки акын Эшмамбет биздин таятабыз болгон. Мен Элмирбектен беш жаш улуумун. Кичинесинен эле зээндүү болду, мектеп алыс болуп, биринчи класска 8 жашымдан окуп калдым. Анда ал 3 жашта болчу, тамгаларды үйрөнүп, жазып окуп калсам жаныма келип отура берчү. Мени менен кошо эле бүт тамганы үйрөнүп алып, 4 жашында шар окуп калды. Манасты окучу, жомок жазам дечү, сүрөттү да аябай жакшы тартчу эле. 6-классынан борборго кетти, ошону менен өнөр жолуна түштү. Биз беш бир тууганбыз, кенжебиз Элмир.
Бала кезибиздеги бир окуяны айтып берейин. Айылыбызда Жакиш деген аксакал бар эле, өзү багбан болчу. Чарбагында өрүк, алма, алмурут, жаңгак баары бар. Бир күнү “өрүк жейли” деп Элмир экөөбүз жөнөп калдык. Ал 6 жашта болчу. Чарбагына эч ким кирбесин деп чытырата чырмап коюшчу, эшигинен эле кирмей болдук. Алма багына жетип, эми жейли десек кемпири келе жатыптыр. Экөөбүз эки бактын далдасына жашынып калдык. Кемпир мен турган бактан өткөндө Элмирбек кыймылдай баштады, “былкылдаба” деп колумду жаңсап жатам. Байкушум чыдабай кеттиби, же коркуп кеттиби, так кемпир келгенде алдына тура калып, “келиңиз” деп жатпайбы. Элмир кичине кезинде мотурайган сүйкүмдүү, сулуу бала болчу. Кемпир башынан сылап эркелетип, эмнеге келгенин сурады. “Өрүккө” десе, өзү шыргый алып келип, “шагын сындырбай, бактын башына чыкпай, бышканын үзүп жегиле” деп кетип калды. Ошентип Элмирдин сүйкүмдүүлүгүнөн өрүктү бекер жеп жүрдүк (күлүп).
Кант диабети менен 1997-жылдары ооруп баштаган. Өзүнүн жеке врачы бар эле, маал-маалы менен ооруканага жатып турчу. Чыгармачыл адамдардын жүрөгү башкача болот экен, “көп ойлонбой, ден соолугуңду карачы, азыраак иштечи” деп айтып калчумун. “Ишим ушу да” деп кутулуп кетчү. Кандай темада болбосун аны менен сүйлөшкөндөн ырахат алчусуң, бирок болор-болбос нерсени эле эзилишип телефон чалышып сүйлөшө берчү эмеспиз. Маанилүү иштерди эле кеңешип калчубуз. Мүнөзүбүз ошондой тоңураак окшойт. Акыркы жолу каза болордон 8 ай мурун көрүштүк. Ысык-Көлгө кудаларга барган элек. Карантин учурунда балдарыбыз сүйлөшүп калышчу. “Эрулан айтты, Элмир акем китеп окуп жатыптыр, үйдө экен, жакшы экен” деп айтып жатышкан. Мындай болорун ким ойлойт, кабар келгенде айлабыз куруп отуруп калдык. Жаш кеткенине, көп өнөрү толук ачылбай кеткенине өкүнөм, дагы көп иш жасамак.
Нуржамал Жийдебаева