Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды карантинден кийин коомго кошуу оорчулукту туудуруп жатат

Коронавирус пандемиясы таасирин тийгизбеген тармак калган жок. Бөтөнчө мектеп окуучулары онлайн билим алуудан кыйналып, ата-энелер да жетиштүү эле жапа чегишти. Коомдо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар да бар. Алардын билим алуу, коомго кошулуу, калыптануу багытындагы жылдап жасаган аракеттери, эмгектери унутулуп кетти. Бул тууралуу Бишкектеги Сүйлөөнү жана Угууну Өнүктүрүү борборунун жетекчиси Гүлнара Ногойбаева айтып берди.

– Биздин борборго тыбыштары жок (мисалы, "р", "л", "ш"), чала уккан, кохлеардык импланттан кийинки, сүйлөөдөн кечигип жаткан балдар, акыл-эсиндеги маселеден улам сүйлөй же уга албаган, ДЦП, өтө тентек, аутист балдар да келип тарбияланышат. Коронавирус пандемиясы бизге да чоң көйгөйлөрдү алып келди. Сүйлөөдөн кечиккен балдарга көнүгүүлөрдү онлайн форматта жасатып, сабактарды үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылып жаттык. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштөө кыйынга турду. Анткени биз борбордо, өзүңөр көргөндөй, бирден балага гана ылайыкташкан бөлмөдө отуруп алып ар бир бала менен өз алдынча иш алып барабыз. Генетикалык оорулары бар, аутист, ДЦП балдар менен өзгөчө усулдар аркылуу иш алып барууга туура келет. Мындай ыкмаларды онлайн форматта өтүү мүмкүн эмес. Эми карап көрсөңүздөр, биз жана ата-энелер балдардын сүйлөп кетүүсү, коомго аралашуусу үчүн ушул кезге чейин жумшаган эмгек, күч-аракеттин баары карантин учурунда жөн эле күйүп кетти. Биз карантиндин шарттарын аткарып мекеменин ишин токтоттук. Бул учурда ата-энелер психологиялык жактан чүнчүп кетишти. Ал эми баланын өзүндө жаралган көйгөйлөрдү айтпай эле коёлу. Ата-энелер жактан улам-улам чалуулар болуп турду, алар борбордун ишин улантуусун суранып жатышты.

Бул учур баарыбыз үчүн абдан оор болду. Ата-энелер өтө тентек балдарын үйүнө батыра алышпай өздөрү да, балдары да кыйналып кетишти. Муну ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала баккан ата-энелер жакшы түшүнүшөт.

Ооба, азыр эми акырындан билим берүү жана реабилитациялык, инклюзивдүү мекемелер ачыла баштады. Бирок карантиндик катуу тартиптерди аткаруу талабы менен гана! Эми ата-энелер коомдон бөлүнүп калган балдарын акырындан окуу жараянына көндүрүп баштоосу керек. Көнүгүүлөрдү, сабактарды акырындап калыбына келтирүү зарыл.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды тарбиялаган ата-энелерге берер кеңешим, баланын үстүнөн тынбай иштеп, көнүгүүлөрдү улантыңыздар. Аларга сиздер гана жардам бере аласыздар. Ошол себептен сабырдуу, чыдамкай болуп, эч качан жеңилбеңиздер.

Бардык балдар – Жердин тирүү гүлдөрү. Мен ушул кирип келген Жаңы жылда балдарга ден соолук, ата-энелерине күч-кубат каалайм. Энелерге айтарым, балдарды саламаттыгы үчүн ага түйүлдүк кезинде эле кам көрүп, курсакта туура көтөргүлө. Аталарга айтарым, болочок балдардын энесине жакшы шарттарды түзүп бергиле, кам көргүлө. Ошондо гана дени сак бала төрөлөт, ошондо гана дени сак коом, улут болобуз!

Дарегибиз: Бишкек ш.,
Ынтымак ж/к, Азия көчөсү, 41

Тел.: 0556 82 59 61

0557 900 940

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан