АКУЛА ЖЕТИ ЖАШАР БАЛАГА КОЛ САЛДЫ

Австралиянын Виктория штатындагы Гелонг шаарына жакын жерде акула жети жаштагы балага кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 11-январь күнү жети жашар бала көл жээкте сёрфинг тээп жүргөн. Ошол маалда аны акула бутунан тиштеп алган. Окуя болгон жерге дароо куткаруучулардын тик учактары жана “Тез жардам” кызматкерлери келип, бала ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын оор жаракат алганына карабай абалы туруктуу экендигин билдиришти.

Окуя болгондон 45 мүнөт өткөндөн кийин сууга түшүүгө тыюу салынып, ыктыярдуу куткаруучулар бардык эс алуучуларга суудан чыгууга жардам беришкен.

Мамлекеттик кызматкерлер жакынкы шаарларда суудан алыс болууну эскертти. Виктория штатындагы Куткаруу кызматы: "Жамгырдан кийин же күүгүм киргенде, түнкүсүн же таңга маал эч качан дарыяларга жана сууларга сүзбөгүлө",- деп эскертти.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Datka7777
2021-01-22 11:25:34
Скорыйга вертолёт
0
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан