АЯЛ ҮЧҮН ЭҢ ООР – БАЛАНЫ ТАШТАП ЖУМУШКА КЕТҮҮ

Заманбап коомдун аялдары азыр башка. Мурдагыдай күйөөм таап келип багат деп үйдө отура бербей, тиричиликтин бир учун тартып жумуштарда иштеп, же чакан бизнес ачып алгандар көп. Ал тургай үй-бүлөгө кирген кирешенин негизги бөлүгүн иштеп тапкан аялдар да бар. Алдыда балага жумушка көңүл бургандай көңүл буруп кантип жетишсе болору тууралуу кеп кылабыз.

ПЛАН ТҮЗҮҮ, АНЫ АТКАРУУ

Албетте, бир учурда иштеп, үй тиричиликтерине жетишип, тамак жасап, кир жууп, бала карап, анын окуусуна көңүл буруп, тарбия да берүү аял үчүн оор. Бирок аялдардан амал качып кутулбайт. Эгер каалоо болсо, бардык нерсени амал менен өз нугуна салып алса болот.

Жумуш менен үй тиричиликти, бала багууну чогуу алып кетүү үчүн эң алгач тыкыр түзүлгөн план керек. Аны түзүп гана койбостон так аткарууга эрк күчтүү болушу кажет. Мисалы, дайыма эрте туруңуз. Анын да белгилүү бир убагы болушу керек. Андан кийин үй-бүлө мүчөлөрүн, балдарды уйкудан ойготуп, өзүңүзгө ылайыктап түзүп алган план боюнча эртең мененки тамакты берүү, окууларына жиберүү, бала бакчага жеткирүү сыяктуу иштерди өз убак-саттында аткарып жетишиңиз. Анан, албетте, мунун баарын жазуу керек: телефонго, блокнотко жана башка. Жазылган план аткарылбаган боюнча жазылган жерде калып калбашын шарттаңыз! Кечкисин да белгилүү бир убакытта уктоого балдарды көндүрүңүз. Балдар уктагандан кийин алардын эртең менен кийчү кийимин, тамагын даярдап коюуга да убакыт бөлүш керек да.

УБАКЫТТЫ БЕКЕР АЛГАН АДАТТАРДЫ ТАШТОО

Мисалы, кээде аялдар сааттап телефон аркылуу апасы же курбусу менен сүйлөшүп, же интернетти барактап отуруп алабыз. Бул бизнеси же жумушу жок аял үчүн деле орунсуз. Телефон, интернетке короткон убакыттын ордуна балага пайдалуу бир нерсе үйрөтүп, тарбия берип калуу артык эмеспи?

Бирөөнүн ою же көңүлү менен эсептешип отура бербеңиз. Чөйрөдөгүлөргө убакытыңыз тар экенин түшүндүрүп, көндүрүп салыңыз. Жолдошуңуз да сиздин убакытты, жумушту сыйлашы керек. Сиз алып келип жаткан киреше үй-бүлөлүк бюджетке жакшы салым кошуп жатканын далилдеңиз, ишендириңиз.

МАРШРУТТУ ТУУРА ТҮЗҮҢҮЗ

Жумушуңуз көчөгө чыгып бүтүрүүгө ылайыктуу жумуш болсо, анда маршрут түзүп алыңыз. Бир нече жерге барыш керек болсо сүйлөшүүлөрдү жакынкы пункттан баштап жүргүзүү, бүтүрүү сунушталат. Мисалы, бирөө сиздин продуктка буюртма берсе, сиз ошол пунктка бара жатканда жолдон эмне иштерди бүтүрө кетсе болорун пландаштырыңыз. Кечинде үйгө кайтканда деле ушул маршрутту туура түзүү ыкмасы жардамга келет. Мисалы, балдарды бала бакчадан, мектептен ала келүү, ара-чолодо азык-түлүккө дүкөнгө кирүү сыяктуу иштер да тыкыр план менен жасалса убакыт туура үнөмдөлөт.

БАЛАНЫ ӨЗ АЛДЫНЧАЛУУЛУККА ҮЙРӨТҮҢҮЗ

Баланы эркелетүү керек, бирок чеги менен! "Ал аны кыла албайт, төгүп салат, жууш керек болот, сындырып жиберет" дей бербеш керек. Эртең менен уйкудан турганда жок дегенде өзү кийинсин. Башында туура эмес кийет, тескери топчулайт, тултуйтуп кийимдерин туура эмес шымданат. Бирок көнөт. Тамак ичирип жатканда да кашыктап сугунтпай, колуна бериңиз. Төгүп-чачса да өз иши, урушпаңыз. Чачылган жыйналат, булганган жуулат. Анан, албетте, өз алдынча болушу үчүн урушпоо керек. Үйрөтүү, жол көрсөтүү, өзүн мисал кылып көрсөтүү, атаандаштык жаратуу – мунун баары баланын өз алдынча болуусуна өбөлгө түзөт.

БАЛА ҮЧҮН ӨЗҮНЧӨ УБАКЫТ БӨЛҮҮ

Бала үчүн өзүнчө убакыт бөлүш керек дегенге аны кийинтүү, тамагын берүү, окутуу деген нерселер кирбейт. Бул ансыз деле ата-эненин милдети, күнүмдүк аткаруучу иштери. Балага өзүнчө убакыт бөлүү бул – аны менен аптасына жок дегенде 1 жолу өзгөчө күн өткөрүү. Бир күндү толук арнабасаңыз дагы ага кайсы бир учурда өзгөчө камкордук кылыңыз. Ал сиздин жашооңузда маанилүү орунду ээлей тургандыгын сездириңиз. Анын жыргалчылыгы, ал жакшы көргөн оюнчук менен ойношу үчүн атасы экөөңүздөр тынбай иштеп жүргөнүңөрдү түшүндүрүңүз. Муну түшүндүрүү үчүн балдар менен дайыма чоң адамдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүү керек. Баланын сөзүн бөлбөй аягына чейин угуңуз, эркин болуусун шарттаңыз.

Чогуу сейилдегиле, балдар аянтчаларына барып ойногула, бир жерде отуруп тамактангыла, жана башка. Сиз баланы үйгө же бала бакчага таштап туруп жумушка кетүү кандай оор экенин сезген болсоңуз, ал бала үчүн дагы ошондой эле оор нерсе. Мунун ордун сөзсүз толтуруу керек.

КАЗАН ЖАРКЫРАБАСА, ШЕЙШЕП ҮТҮКТӨЛБӨСӨ ЭЧ НЕРСЕ БОЛБОЙТ

Аялдар бар, жышына берет, сүрүнүп-кырына берет. Ошентип жүрүп көзүн ачса эле жаштыгынын жарымы өтүп кеткен болот. Иштеген жумушу бар аялдардын арасында деле үйүнө келгенде балага көңүл буруунун ордуна казанын алып чыгып кырып отуруп алгандар бар. Мисалы, шейшепти үтүктөбөй деле жамынып жатса эч нерсе болбойт. Сизде ансыз деле убакыт аз, жумуштан чарчап келгенден кийин эртеңки күн жемиштүү болушу үчүн эс алуу дагы керек. Балдар менен чогуу отуруңуз, ойноңуз, сабактарын чогуу аткарыңыз, уктаар алдында китеп окуп, жомок айтып бериңиз. Бул эң жагымдуу эс алуу. Бул казанды жаркырата кармап, чаң жугузбай сүртүнүп, шейшеп үтүктөгөнгө караганда жагымдуураак.


Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-01-18 14:35:58
Не баштап жиберсем экен анда)
+3
gilrfkg
2021-01-20 04:28:16
Albette tuura birok uiun jyinalbai, kazanyn kir bolup tursa konulun jai alyp otura albait emessinbi, men kyryngan adamdardyn kataryn toluktait okwoit))
-1
radostmoya
2021-01-22 19:30:10
Менимче, үй бүлөөнү туура пландап, балдарды чоңойтуп коюп, иштеген туура. Жолдошуң камсыздап жатса, балдарды оорутпай карап, үйүңдү жыйнап, казаныңды кырып эле отуруш к.к. Балдар өз алдынча болуп калса, иштеш к.к. Ооруп калса, тапканың мурдуңдан чыгат.
+1
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан