НААМДАРДЫН БАРКЫ КЕТТИБИ? ЫРЧЫЛАРДЫН ЧУУЛУУ ОКУЯСЫНЫН АЯГЫ

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевди «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинен ажыратты. Бул окуя башка ырчыларда нааразычылык жаратып, «ушул окуя үчүн наамдан ажыратса, анда мен дагы алган сыйлыктарымды тапшырууга даярмын» дегендер чыкты. Мындай агым коомчулукта «мамлекеттик наамдардын баркы кеткенинин далили» деген пикирлерди жаратып, талкуу басыла элек. Ырчылардын элди дүрбөлөңгө салган окуясы, мамлекеттик наамдар боюнча белгилүү инсандардын пикирин сунуштайбыз.

Бердибек Жамгырчиев, акын: “БИЗ ЭРКИНДИКТИ ЭЭН БАШТЫК ДЕП ТҮШҮНҮП АЛЫПТЫРБЫЗ”

– Бул акылга сыйбаган окуя болду. Мындай нерсеге көз жумуп койсок, эртең мындан жаман нерселер болот. Кыргыздын салт-санаасы, менталитети башка. Канчалык чет элди, Европаны туураган менен, алардыкындай жүрүм-турумду сиңире албайбыз. Өзүбүздүн Кыргыз деген түптөлүп калган мамлекетибиз, салт-санаабыз бар.

Куралдын өзүнө да барып жолугуп, аябай таң калдым. “Максатың эмне?” десем, “эч кандай максат жок” деди. Ар бир башталып жаткан иштин максаты болуш керек. Биз, тилекке каршы, эркиндикти ээн баштык деп түшүнүп алыптырбыз. Ээн баштык менен сөз эркиндиги такыр эки башка нерсе. Ээн баштык деп ойго келген нерсенин баарын кыла берсек жарабайт. Кыргызда “ийлеп-ийлеп итке салыптыр” деген жакшы сөз бар. Ошондой эле болду. Артыбызда келечек муун өсүп келе жатат.

Наамдын алынышы боюнча эки тараптуу пикирлер болду. Мен биринчи эмоция менен муну туура эле көрүп жаткам. Кийинчерээк көптөгөн эже-агайлар "кечирим берели" деп жазып калышты. Айрыкча Кайрат Примбердиевдин эмгеги зор болчу. Орусияга чейин барып, фестивалдардан жеңип келген. Долбоор даярдайм десе жаштарга жарыгын чача турган толтура долбоорлор бар. Пикиримдин аягына чейин турам. Бардык жерде чек болуш керек. Биз жашап жаткан жашоонун деле чеги бар. Бул чектөө цензурага алып келет деген пикирден алысмын. Өнөр адамдары эркин болгон, ачык сүйлөгөн, бирок чектен чыккан эмес.

“НААМДАРДЫ ЖОЮШ КЕРЕК”

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ырчыларды наамдарынан ажыратуу демилгеси жана сунуштары бир топ ырчылардын өз баракчаларында узун билдирүүлөрдү жазууга түрттү. Арасынан эки ырчы үчүн кечирим сурап, ошондой эле наам, төш белги, грамота-дипломдорун министрликке өткөзүп беребиз дегендер да болду. Жазуучу, публицист Дүйшөн Керимов наамдарды жоюп салуу керек дейт.

– Наам – Советтер Союзунан калган оору. Мамлекетибизди ичинен иритип, калыс сөздөн тайдырып, акыйкатты айттырбай келе жаткан нерсе. Бул өзүнчө бир көзгө көрүнбөгөн, оозуна талкан сала коё турган, мисалы, жаш бала ыйлап жатса момпосуй бере коёт го, ошондой бир ыкма. Бир да капиталисттик өлкөдө мындай жок. Биз капиталисттик түзүлүштөгү өлкөдө, "ар кимиң жөндөмүңө, талантыңа жараша оокат кыл" деген заманда жашайбыз. Мамлекет өзүнө ылайыктуу кишилерге наамдарды берип, кичинекей өлкөбүз экономикалык жактан банкрот болду. Ага карабай наамдарды кайра гүлдөтүп келе жатат. Муну жоюш керек, кереги жок. Бул адамдарды сортко бөлөт, психологиясын бузат. “Наамынын кереги жок” деп ыргытып кетип жатышпайбы. Баркынын жоктугу ушул да. Кыргыздын менталитетине да туура келбейт. Ким таланттуу, буга эл тараза. Наамдарды жоюу боюнча президент кезинде Атамбаевге, кийин Жээнбековго да кайрылгам. 2020-жылы 5-октябрда өзү качып жүрүп 3-4 генералга наам берип жатат. 150 генералыбыз бар, бирок түзүк армиябыз жок. Бир да илимий ачылышы жок академиктердин өлкөсүбүз. Булардын баары элдин эсебинен олчойгон пенсияларды алышат. Өздөрүнүн жашоосу мыкты, үйлөрү бар. Заман өйдө-төмөн болуп жатса бирөөсүнүн да карааны жок. Андайлар элдин таламын да талашпайт. Акыйкат сөзүн айтпайт. Мамлекет өзүнүн мыкты, чыгаан өнөр адамдарын сыйлайм десе комиссияга сунуштап, материалдык жардам бериши керек. Мисалы, Рыспай Абдыкадыров обончулуктун генийи. 53 жашка чыкканда “Эл артисти” наамын албай өтүп кетти. Анын ырын ырдагандар ошол наамды алышты. Себеби Рыспай бийликке же бирөөгө кошомат кылбаган адам болгон.

“БИРИНЧИЛЕРДЕН БОЛУП НААРАЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИМ”

КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков чуулуу окуя тууралуу буларды айтат:

– Мен бул көрсөтүүгө биринчилерден болуп өзүмдүн нааразычылык билдирүүмдү жаздым. Бул жөн жерден чыккан жок. Орустардын ушундай 2-3 долбоору бар. Ал жерде келген конокту какшыктап, чукуп, сындашат. Анын өз көрармандары бар. Менин каршы болгонумдун 2 себеби бар. Биринчиден, көрсөтүүнүн сапаты өтө эле төмөн. Социалдык тармактагы баракчаларында Курал Чокоевдин, Кайраттын, ошол жерде чакырылып жаткан адамдардын катталуучулары толтура. Катталуучулардын басымдуу бөлүгү буларды Кудайындай эле көрөт. Алар кофе ичсе кофе ичкиси келет. Мен дайыма катталуучуларың көппү, аларга жоопкерчиликтүү мамиле жасашың керек деп айтып келем. Катталуучулардын арасында аң-сезими жаңы өсүп келе жаткан балдар бар. “18+ дегени бар, кааласаң көр, каалабасаң көрбө” дегени биздин коомго али эрте.

Ал эми министрликтин кылганына комменттарий да бергим келген жок. Министр чакырып алып, “туура эмес кылдыңар, аша чаап кеттиңер” деп эскертип койсо болмок. Министрлик жазалабаса деле элдин ур-токмогунда калышты. Эгер министрлик Курал Чокоевди, Кайрат Примбердиевди, кичинесинен акча коротуп, бапестеп багып Дима Биландын жанына алып барган болсо, анда наамын алып салса макул элем. Кыргызда баласы чалынып кетсе “көзүңдү карабайсыңбы!” деп кайра башка чабат го. Ошол сыңары бул жигиттерибиз да чалынып, мүдүрүлүп кетти. Аларды кайра башка чаппастан, “айланайын, мындай бол, тигиндей бол” деп айтып түшүндүрүп койсо жетиштүү.

КАНДАЙ ЧЕЧИМ БОЛДУ?

Президенттик аппаратка караштуу сыйлыктар боюнча мамлекеттик комиссия Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча министрликтин сунушун четке какты. Комиссиянын билдирүүсүндө Примбердиевдин наамын кайтарып алууга мыйзамдуу негиз жок деп айтылат.

Жазык кодекси боюнча мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурда же өтө оор кылмыш кылган учурда гана кайтарылып алынат. Комиссиянын чечиминен кийин министр Нуржигит Кадырбеков ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолукту. Жолугушуу жылуу сүйлөшүү менен аяктады.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2021-01-26 01:25:48
Илим сүйлөбөй эле койчу.Ушул адамдан интервью алган журналисттер да бутупсунор.
+1
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан