БИШКЕКТЕ ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫГАН АЙДООЧУЛАР ИШ ТАШТАШТЫ

18-январда Бишкекте жүргүнчү ташыган айрым маршруттук каттамдын айдоочулары иш ташташты. Алар кичи автобустагы жол кирени 10 сомдон 15 сомго, пенсионерлер үчүн 5 сомдон 10 сомго көтөрүүнү талап кылышууда. Күтүүсүз иш таштоо шаардыктарга ыңгайсыздык, коомчулукта нааразы пикирлерди жаратты. Шаар бийлигинин “тезинен ишке чыккыла” деген эскертүүсүнө карабай тарифке нааразы айдоочулар 19-январда да ишке чыгышкан жок. Аларга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жолугуп, сунуштарын укту.

– Мен айдоочуларга айттым, эгер эртең ишке чыкпасаңар Бишкектеги маршруткаларды чогултуп алып өзүм элди ташыйм дедим. Бул эч кандай коркутуу, үркүтүү эмес. Мен шаардын мэри катары элдин талабын аткарып, элди ташышым керек. Керек болсо аскерлерден, менчик компаниялардан жардам сурайм. Айдоочулар дагы туура түшүнүштү. Айдоочуларды деле жаман көрө бербейли. Алар дагы 7-8 жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан көйгөйдү айтып жатышат. Бирок бул маселени мен жалгыз чечпейм,- деди Түлөбаев.

Мэрдин милдетин аткаруучу жол кирени 15 сом кылуу сунушу Транспорт жана жолдор министрлигине жиберилерин, бул маселени май айына чейин чечүүгө аракет кыларын айтты. Жол кире 15 сом болсо, пенсионерлер жана мектеп окуучулары үчүн эски тариф каларын да кошумчалады. Айдоочулардын жоругуна нааразы жарандар “бул иш таштоонун артында жүргүнчү ташыган фирмалардын кожоюндары, аларды калкалаган чиновниктер турат” деген пикирлерди айтышууда.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан