“АК САЛКЫН” ТАСМАСЫНДА ТАМГА МЕНЕН БЕГИШ БАШКЫ РОЛДОРДУ АТКАРЫШАТ

Эрнест Абдыжапаров “Боз салкындан” кийин “Ак салкын” тасмасын тартууда. Ал эми башкы каармандардын ролдорун ырчы Тамга менен рэп ырчысы Бегиш ойнойт. Тартуу иштери кызуу жүрүп жатканы тууралуу режиссёр Эрнест Абдыжапаров буларды билдирди.

– “Боз салкынды” тартканымдан бери 15 жыл өттү. Окуя Ысык-Көлдүн ошол эле Бөкөнбаев жана Коргонду-Булак айылдарында өтөт. “Боз салкын” тасмасында уруша берген жубайлар бар эмес беле. Ошол жубайларды эле аралаштырып мурунку тасмага байлап койдук. Калганы жаңы окуя, жаңы каармандар. Бирок көргөн кишиге “Боз салкындын” илеби келип тургандай сезим болот. Кастингде башкы каармандардын ролуна ырчы Тамга менен Бегишти тандап алдык. “Ак салкында” Асыл деген кыз (ред.: Тамга) Москвадан келет. Ал эми Бегиш такси айдаган жигит болот. Бул сүйүү үч бурчтугунун айланасында жүргөн лирикалык комедия. Буюрса, тасмабыз апрель айларында элге тартууланат деп болжолдоп жатабыз,- дейт режиссёр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nursul
2021-01-25 14:41:54
Кандай кино экени аты эле айтып турат. Кинонун деле кызыгы кетип калды жада калса киного да жакшына ат койушбайт ак салкын деген нени түшүндүрөт өзү.
+1
Aimani
2021-01-25 18:45:04
Nursul,балким кинону коргондон кийин сын айтсакчы,балким мааниси бар болсочу.Абдыжапаров женил желпи кино тартчу эмес эле
+1
Nursul
2021-01-25 19:13:24
Aimani, аа кечиресиздер, кинолору сапатсыз эле кинолор дейин деген ойдо айткан жокмун кинонун аты не ак салкын ошону айттым аты нени түшүндүрөт деген ойдо
+2
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан