“EXO`нун" УЛУУСУ ЖАНА КҮЧТҮҮСҮ СЮМИН

“Мин Сок базалык аскердик даярдык боюнча тайпалаштарынын ичинен биринчи орунду алды”, “Мин Сок 1500 метр аралыкка чуркоодо 1-орунга татыды”, “куралдан таамай атуу боюнча 3-орунду алыптыр”... Кумир туткан адамынын ар бир иш-аракетине көз салган күйөрмандар байма-бай ушундай жаңылыктары менен бөлүшүп жатышты. 2019-жылдын май айынан бери аскердик кызматын өтөп жүргөн түштүк кореялык популярдуу “ЕХО” тобунун ырчысы Сюмин 2020-жылдын декабрь айында чыгармачылыкка кайтып келди. Күйөрмандардын кубанычында чек жок. Биз дагы четте калбай, Сюминдин кыргыз күйөрмандары үчүн ырчы тууралуу кенен маалымат берели дедик.

Аты-жөнү: Ким Мин Сок

Псевдоними: Сюмин

Туулган жери: Түштүк Корея, Кури шаары

Туулган жылы: 1990-жыл, 26-март

Бою: 173 сантиметр

Кесиби: “ЕХО” (“EXO-M”, “EXO-CBX”) тобунун ырчысы, актёр, модель

Тартылган тасмалары: “Мен До Чонду сүйүп калдым”, “Ким Сон Даль”, “Менин кошуналарым “ЕХО”

Лейбл: S.M. Entertainment

СПОРТТУ СҮЙГӨН МИН СОК

Кёнгидо провинциясынын Кури шаарында Жылкы жылынын Кой жылдызынын алдында Ким Мин Сок аттуу наристе жарык дүйнөгө келген. Мин Сок кичинесинен спортко жакын эле. Достору менен топ кубалап футбол ойноп, таэквондо, кендо менен машыкчу. Спортко болгон сүйүүсү чоңойгондо да өчкөн жок. Учурда ал Корей Футбол ассоциациясынын ардактуу мүчөсү, таэквондо, кендо боюнча кара курдун ээси. Андан сырткары фехтование жана ушу уруш өнөрүн да мыкты өздөштүргөн. “ЕХО’нун” ырчылары бир ооздон Сюминди “баарыбыздан күчтүү” дешет. Армрестлинг мелдешинде дайыма кесиптештерин жеңип алат. Сыртынан арык, алсыз көрүнгөн Ким Мин Сокко жөн жерден тийишпей эле койгон оң. Ушундай күчтүү спортчу жигит кантип ырчы болуп калды?

МУЗЫКАГА АЛГАЧКЫ КАДАМ

Спортту сүйгөнү менен, келечекте спортчу болом деген максат жок болчу. Ага шаардагы кооз, өзгөчө салынган имараттар, ушул кооздукту жараткан архитектор кесиби кызык эле. Бирок мектепти бүткөндөн кийин Мин Соктун тандоосу чыгармачылыкка ооп, Квандун университетине тапшырган. Университеттеги мугалимдер “Ким Мин Сок белгилүү топко кошулса да, убактысы аз болуп жатса да биздин көңүлүбүздү калтырып, окуусун таштап салган жок. Тескерисинче, тырышып окуп мыкты студенттердин катарында болду” деп макташат. Ырчы жигиттин чыгармачылык жолу 2008-жылдан башталат. Буга чейинки ар кандай музыкалык сынактардан өтүү аракети ишке ашпаган жигит 2008-жылы «SM Everysing Contest» сынагына катышып, 2-орунду алат. Ушул эле жылы ал S.M. Entertainment агенттиги менен иштешүү келишимине кол койгон.

“ЕХО”

4 жылдык даярдык, окуу, кыйынчылыктар... Сюмин 4 жыл стажёрдук жашоодон кийин, 2012-жылы “ЕХО” тобунун курамына кошулуп, топ дебют жасаган. “ЕХО’го” жаңы кошулганда мага “булочка” деп ат коюп алышты. Анткени бетим тоголок, апакай бала элем. Жетекчилер “диета карма” дегенде аябай жаман болдум. Бирок арыктагандан кийинки сүрөттөрүмдү көрүп, өзүмө жактым. Бекер эле таарыныптырмын деп калгам. Дагы бир кызык нерсе, топтун балдары мени кичинекей бала экен деп ойлоп, “сен” деп сүйлөп жатышкан. Жаштарыбызды сүрүштүрө келсек, мен баарынан улуу экенмин”,- деп күлүп эскерет ырчы. Ушундай шайыр ырчылардан куралган “ЕХО’нун” музыкасы учурда дүйнөнүн бардык бурчунда жаңырып, миллиондогон күйөрмандар алардын чыгармачылыгын колдоп турушат.

МУЗЫКАЛЫК БЕЛЕК

Белгилүү болгондой, “ЕХО’нун” ар бир мүчөсү жеке ырчы катары, же болбосо чыгармачылыктагы башка жаатта да өздөрүн сынап келе жатышат. Топ чыккан алгачкы убактарда Сюмин көбүнчө рэп айтып, вокалдык жөндөмдүүлүгү күйөрмандар үчүн табышмак эле. 2015-жылы “До Чонду сүйүп калдым” веб-дорамасынын чыгышы менен Сюминдин ырчылык эле эмес, актёрдук талантын да көрө алдык. Дорамада башкы каарманды ойногон ал, дебюттук «You Are The One» аттуу саундтрегин жазып, жеке ырчы катары өзүн көрсөтө алды. 17 күн ичинде 20 миллиондон ашуун кароого ээ болгон тасма 2015-жылдын эң популярдуу веб-дорамасы аталган. Мин Сок дагы кандай сериалдарга тартылган десеңиз, “Ким Сон Даль”, “Кошуналарым “ЕХО” дорамаларын көрүңүз.

Сюминдин музыкант катары бир катар кесиптештери менен биргеликте жазган ырлары көп эле. Андан сырткары түрдүү берүүлөргө тартылып, мюзиклдерди ойноп, гастролго чыгып жүргөн ырчы 2019-жылы 7-майда аскерге чакырылган. 9-майда болсо анын калемине таандык «You» аттуу ыры жарык көрдү. Бул анын аскерге кетип баратканда күйөрмандарына калтырган белеги болчу. Мына, убакыт өтүп, ал кайрадан чыгармачылыкка кайтты. Эми андан кезектеги музыкалык белекти күтөбүз.

КОФЕМАН СЮМИН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • “ЕХО’догу” тазалыкты, тартипти сүйгөн D.O. жана Сюмин. D.O бардыгын урушуп, тазалыкка үндөсө, Сюмин эч ким менен эрегишпей чачылганды жыйнай берет.
  • Кофе сүйүүчүлөргө кирет. “Кийин кофейня ачып, бариста болом го. Кофенин өзүнөн да, анын жыты, айланадагы атмосфера жагат” дейт ал.
  • Өзүнөн 2 жаш кичүү карындашы бар. Апасынын өтүнүчү менен үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн, алар тууралуу маалыматтарды сыр сактайт.
  • Кичинесинде бекер оюнчуктар берилерин угуп уруш өнөрлөрүн үйрөткөн мектепке барган. Ошондон бери спортко болгон кызыгуусу күч.
  • Даамдуу тамактарды жактырган ырчы өзү да тамакты жакшы жасайт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан