КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Тилек, Саша байкенин аялы мурда театрда грим жасап иштеген.

– А эмне сиздин аялыңыз дагы барбы?

– Жок, эбак каза болгон. Бирок мен андан үйрөнгөндөрүмдү унута элекмин.

– Ошондо эмне деген турасыңар?- Тилек түшүнө албай турду.

– Грим жасайбыз... Азыр Саша байке менден кемпирди, сенден абышканы жасайт... Же кааласаң сен деле кемпир болуп ал,- кыз жылмайып койду.

Андан аркы иштер Тилектин оозун ачырып таң калтырды. Сашада бардык керектүү шаймандар бар экен. Анын колу шыпылдап бул ишке көнгөндүгүн айт. Тим эле айкел жасап жаткан скульптордой, кызды ары айланып, бери айланып, мурдун барбайтып, көздүн алдына бырыш түшүрүп, эриндерди чарчаңкы көрсөтүп, айтор, бир сааттан ашык убакытта керилген сулуу кыздан көз айнек тагынган 70терге келип калган кемпирди жасап койду.

Жигит бир топко Сабинадан көзүн албай карап турду. Жо-ок, бул грим экени дароо билинет. Кантип ушу менен алдайбыз деп жатат?

– Бул грим экени билинип жатпайбы?

– Эч кандай билинбейт!- Саша ишенимдүү айтты.

– Мага байкалып эле жатпайбы?!

– Ал жөн гана... Азыр Саби кемпирге ылайыктуу кийимдерин киет. Анан аны эч ким тааныбай калат. Сен Сабинин кандай экенин билесиң, ошон үчүн гримди байкап жатасың. Биринчи ирет көргөндөр кемпирди гана көрөт. Кел эми сен отур...

Жигит аргасыз макул болду. Абышка эмне кылып жатканын деле түшүнгөн жок. Өзүнчө эле күймөнүп, убараланып жатты. Анан тээ бир топто барып колуна күзгү берди.

– Мына!- өз ишине ыраазы болгондой үн катты Саша.

Тилек күзгүдөн өзүн тиктеди. Муңдуу жылмайды дароо... Карыса атасына окшошуп карыйт окшойт. Ооба, дал өзү. Болгону сакал гана жетишпейт. Байкуш... Чын эле ал кантти экен?!

ххх

– Эми мени кара!- деди кыз шаңкылдап күлүп. Мына кызык, майда гүлдүү узун көйнөк, анын үстүнөн оюу түшүрүлгөн чыптама кийген кемпир карап туруптур. Кийимди алмаштыргандан кийин дапдаана эле кемпир.

– Мунун баарын кайдан таптың?

– Биринчи жолу кийип жаткан жокпуз,- кыз күлүп койду.

– А мен эмне кием?

– Саша байкенин сага ылайыктуу кийими толтура.

ххх

– Башкысы “походка”, түшүндүңөрбү? Жаштардай басып кетсеңер эле баары билинип калат. Кичине актёр болуп койгула. Белиңерди бир аз ийип баскыла, же буту ооруган кишидей аксап койгула,- Саша маңдайында турган “кемпир-чалга” акыл үйрөтүп жатты. Анан жер төлөгө түшкөн эшиктин үстүнө килем жаап, анын үстүнө китептер жана телевизор коюлчу шкафты жылдырып койду.

– А тиги машина түшкөн жагы байкалбайбы?- деди Тилек.

– Байкалбайт. Темирдин үстүнөн жыгач пол, анын үстү кайра бир карыштай топурак менен көмүлгөн. Анысы аз келгенсип Герданы так ошол жерге байлап койгом. Киши жакындай албайт. Эми болсо кеттик!- деди ал. Короодогу эски Гольфко кемпир-чал, анан Саша отуруп дарбазадан чыгып кетишти. Күн батып бараткан.

ххх

Чолпон-Атанын чыга беришинен МАИчи токтотту.

– Салам алейкум, байке, документтерди көрүп коёлу. Салондо ким бар?

– Аа... Мына документ. Салондо ушу үчөөбүз. Досум Кеминге алып барып кел дегенинен...

МАИчи салонду бир гана тиктеп койду. Бир кемпир уктап жатат, арттагы чал болор-болбос баш ийкеди.

– Багажды ачып коёсузбу?

– Мейли-мейли...

Эски багажда кемпир-чалдын эски сумкасы, чычырканак толтурулган желим бөтөлкөлөр гана жатыптыр.

– Минтип текшерчү эмес элеңер, тынччылыкпы?

– Тынччылык эле, байке. Кээде ушинтип калабыз. Жакшы жетип алыңыздар...

Саша шашпай гана өз ордуна отуруп, чарчаңкы от алган унаасын кыбырата айдап жөнөдү.

– Кийинки жолкуда мен сени дудук чал деп коём бирөө сураса... Сүйлөбөй отур. Жаңдап гана кой...

– Жарайт!- Тилек дароо эле макул болду. МАИчиде эч бир күмөн ой туудурбай, ээн-эркин өтүп кетишкендери Сашага болгон ишеничти бекемдеп койду көрүнөт.

Бир топко чейин үн-сөзсүз барышты. Саби эми арамзаланбай эле чындап уктап баштады. Тилек акыры тынчтыкты бузду...

– Саша байке, а мунун баарын сиз...

– Из жашырганды билбесең, иш кылып кереги жок да.

– Аныңыз туура...

– Ачыгын айтканда, мен тапкан жол абдан примитивдүү болуп жатпайбы?! Из жашыргандын эң примитивдүү жолу... А жанагы миллиондорду жашыргандарчы...- Саша таң калгандай таңдайын такылдатты.

– Элестет... Миллиондогон акчалар. Биздей кылмыш кылып уурдашпайт. Мыйзамдуу уурдашат. Баарын чактап, тактап... Офшорго жөнөтүшүп. Эмне деген махинациялар болот? Уксаң төбө чачың тик турат. Кипкичинекей Кыргызстанда ошончо акча болушу мүмкүн экенине таң каласың.

– Абдан көппү?

– Элестете да албайсың.

– Мдаа...

– Текшерүүчү органда орто кызматтагы бети жок, кара өзгөй, шылуундукка жакын адамда 2 миллион доллар бар деген кандай шумдук?!

– Бети жок деңизчи?- Тилек жылмайып койду.

– Ээй, эң биринчи ууруда бет жок болушу керек. Айрыкча мамлекеттен уурдаган ууруда. Кичине эле абийири болсо уурдай албайт. Ишенесиңби, Кыргызстанда абийир деген – бул кедейликтин биринчи себеби!

– Ушунчалык жаманбызбы?

– Хе... Жо-ок. Бул жөн гана басып өтө турган жол. Адамдардын табияты ушундай... Жүрөккө жакын кабыл алуунун деле кажети жок.

– Эмнеге анда Сабинага “кет, бул өлкөнүн келечеги жок” деп айткансыз?

– Эптеп кетирүүнүн жолу болду. Анын дагы бир ирет түрмөдө отурушун каалаган жокмун...

– Дагы бир ирет дегениңиз кандай?

– Аа... Сага айткан эмес беле?

– Жок.

– Саби! Уктап калдыбы? Мейли, уктап алсын... Алдамчылык менен соттолгон. Эки жылдай отуруп чыкты.

– Эмне?

– Ал нерсеге башынан эле даярданганбыз. Отурарын деле билчү... Афера болчу. Акча иштеди, отурду, чыкты... Түркияда курорттук аймакта кенен-кесири 2 жылдай жашап келди. Анан кайра келе берди. Көлүмдү сагындым дейт... Хе, ушунун Ысык-Көлгө арзуусу бүтө турган эмес,- Саша кызды күзгүдөн карап жылмайып койду. А Тилек дендароо... Кыз дагы көп сырды жашырып коюптур. Демек, буга деле толук ишенген эмес. А өзүчү? Башын байлап алды го ушул кызга?

– Саби?

– Оу,- кыз уйкусурап жооп берди.

– Сен мурда соттолгонуңду айткан эмес элең го?

– Мен сени билет го дедим?

– Кызык, мен кайдан билем?

– Сен милицияда иштечү белең? Саби тууралуу маалымат ИИМдин базасында бар да. Чыкмак да,- абышка сөзгө аралашты.

– Жок. Жок болчу...- жигит калп айтты. Караган эмес. Аны ушул жолго жашоосундагы ушундай майда-барат нерселер эле жетелеп келип койгон өңдүү. Муну тагдыр дейт да, туурабы? Мурдараак кыздын соттолгонун билгенде баары башкача болот беле?

– Бар, Тилек, бар... Мен өзүм текшергем.

ххх

Бишкекке түн ортолоп кирип келишти. Узунунан чубалган калаанын күн батыш тарабындагы көп жаңы конуштун бириндеги жыгач дарбазалуу эски үйгө барышты.

– Бул үй биздики, чочулаба... Дарбазаны ачып жаткан Аскар. Жакшы киши, экөөбүз чогуу отурганбыз,- деди Саша Тилекти тынчтандыруу үчүн.

– А мен тиги Ленд Крузердеги акчаны алыштын жолун таптым.

– Айтчы?

– Башынан эле буга мээм жетиши керек болчу. Эмнеге дендароо болдум, түшүнбөйм. Жана сизди МАИчи тоскондо гана ойлонуп кеттим. Машинага МАИчи бара алат, керек болсо текшере алат.

– Башың иштеди,- деди абышка жылмайып.

– Менин акылдуу чалым,- деди Саби тамаша менен үнүн кемпирдикине окшоштуруп.

– А биз чек арадан ушинтип абышка-кемпир болуп деле чыгып кетсек болчудай...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2021-01-25 14:24:56
Ушул гриммден биздин сотрудниктер штафты очойтуп алышканы эсимде.Цирктин жанында ресторанда иштоочубуз.Алкоголь сатышкан чал кемпирге.Артынан эле Погончондор келип тополон башталды,ча менен кемпир жаш гана кыз менен бала го.Ошондон кийин каарылардан да паспорт сурап калышкан,жаш корунот экенсиз деп комплимент деп.
0
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан