КЫСКА УБАКЫТТА ЭС АЛАБЫЗ

Эгерде жумуш күнү оор болсо, биринчи мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эс алганга аракет кылыңыз. Мисалы, түшкү тамактануу учурунда же жумуш күнү бүткөн учурда. Бул жумуштун андан аркы ийгиликтүү улануусуна жардам берет. Төмөндө аз убакыттын ичинде эс алууга арналган 5 кеңеш.

1. Жөн эле эч нерсе кылбаңыз. 5 мүнөт бою эч нерсе кылбай эс алып отуруңуз. Компьютердин экранын өчүрүп, уюлдук аппаратыңызды алысыраак коюп тынч туруңуз.

2. Интернеттен көз жоосун алган, көңүлдү жай кылган кооз сүрөттөрдү карап көрүңүз. Мисалы, планетанын ар кайсы бурчундагы кооз пейзаждар же экзотикалык жаныбарлардын сүрөттөрү.

3. Релакс тууралуу аутотренинг угуңуз. Жагымдуу, назик үн сизди тынчтандырат жана эс алууга, сарсанаадан арылууга шарт түзөт.

4. Медитация жасаңыз. Жумуш ордунда болсоңуз да жасасаңыз болот. Башкысы, сизди эч ким алаксытпашы керек. Көздү жумуп дем алыңыз. Эч нерсени ойлобогонго аракет кылыңыз. Оюңуз дем алууда гана болсун. Кантип дем алып, дем чыгарып жатканыңызды сезиңиз.

5. Өзүңүзгө чай же кофе демдеңиз. Тыным кылыңыз. Жай отуруп ырахаттана чайдын же кофенин даамын татып ичиңиз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан