СЫНДЫ ТУУРА КАБЫЛ АЛУУ

Айтылган сынды туура кабыл алуу ар бир адамдын колунан келе бербейт. Бул адамдын инсандык дараметинен, билим деңгээлинен көз каранды. Кээ бир адамдар сынды жакшы ниетте айтып жатса, экинчиси аны туура эмес түшүнүп же ачуу чындыкты кабыл алышы оор болот. Деги эле сынды кантип туура кабыл алуу керек деген суроого психолог Назира Кубанычбек жооп берет.

СЫНДЫ КАНТИП КАБЫЛ АЛАБЫЗ?

– Биринчи кезекте сын эмне экенин айта кетсем, сын – бир нерсенин кемчилигин түздөн-түз көрсөтүү. Сын негизи эч кимге жакпайт. Бирок каалайбызбы, каалабайбызбы, коомдо жашап жаткандан кийин адамдардын ортосунда байланыш болот. Ошондуктан адам сындан эч кайда качып кутулбайт. Бирок кептин төркүнү аны кандай кабыл алуу керек дегенде. Биринчи кезекте бул сын кандай мааниде ким тарабынан айтылып жатат, көңүл буруу зарыл. Инстинкт боюнча адам өз дарегине карата сын-пикир укканда анын денеси чыңалып, физиологиялык өзгөрүүлөр орун алат. Албетте, сын бир аз жагымсыз болгондуктан, баарынын эле алгачкы реакциясы ушундай болот. Бирок ар бир сындын аркасында эң керектүү азыктар, ресурстар, жадакалса комплимент дагы болушу мүмкүн. Андыктан дароо жооп бербестен, өзүндө пайда болгон эмоцияны тизгиндөө керек. Бул үчүн терең дем алуу, башка иштер менен алаксуу, ойду позитивдүү нерселерге буруу сунушталат. Андан кийин эмоция төмөнкү деңгээлге түшкөндө сынды ар тараптан иликтеп, кантип өз пайдама иштете алам деген суроону адам өзүнө бериши кажет.

КИМДЕРДИН СЫНЫН КАБЫЛ АЛУУ КЕРЕК?

– Биринчи маселе – сынды ким айтып жатат. Экинчи маселе – сынды ким угуп жатат. Бул дагы өзүнчө бир мааниге ээ. Сынды ар ким айта алат. Жети жаштагы баладан жетимиш жаштагы карыяга чейин айта берет. Алардын арасында билимдүүсү болот, билимсизи болот. Кээ бирөөлөр сенин өнүгүп-өсүп кетишиңе колдоо көрсөтөм деп айтышы мүмкүн. Тескерисинче, көрө албастык менен айтылышы да мүмкүн. Ар кандай ниет, ар кандай максат менен түрдүү формада айтылышы мүмкүн. Ал эми экинчи кеп – сынды угуп жаткан ким? Бул жагынан сынды угуп жаткан адамдын инсандык жактан жетилүүсү кандай деген суроо өтө маанилүү. Адам инсандык жактан канчалык жетилген болсо, же ар дайым өзүнүн үстүнөн иштеген адам болсо сынды кабыл алуусу жеңилирээк болот. Кимдин сынын угуу керек, кимдин сынын укпоо керек деген маселенин үстүнөн иштөөдөн мурун, ар бир адам өзүнүн үстүнөн иштеши керек. Мисалы, менин артыкчылыктарым жана кемчиликтерим эмнеде? Менин күчтүү жана алсыз тараптарым кайсылар деген суроого жооп издөө зарыл. Бул изденүү процесси деп аталат. Изденген адам күндөн-күнгө өсүп-өнүгөт. Ар кандай күтүлбөгөн кырдаалга туш болгондо туура жол таап кете алат. Мындай адам сынды кабыл алып, анын ичинен өзүнө керектүүсүн иргеп алат. Сынды уга билүү үчүн белгилүү бир даярдык керек. Сынды кабыл алган соң маанайыбыздын түшүшүнө жол бербешибиз зарыл. Элдин оозун тыюуга мүмкүн эмес. Биздин колубуздан келе турган нерсе өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп, ишеним топтоп, сынды туура кабыл алууга даяр болуу.

СЫНДЫН ТУУРА ЖЕ ТУУРА ЭМЕС АЙТЫЛЫП ЖАТКАНЫН БИЛҮҮГӨ БОЛОБУ?

– Эгер талдай турган болсок, сындын түрлөрү өтө көп. Түз жана кыйыр түрдө айтылган сын. Колдоочу жана бүлүндүрүүчү сын жана башкалар. Сындардын түрүн билген соң анын туура же туура эмес айтылып жатканын аныктоо оңой. Сын-пикир көбүрөөк түшө турчу сферада иштеген адамдар, башта айтып кеткендей эле, өзүнүн үстүнөн иштеп, буларды жакшы ресурс катары пайдаланып кетүүнүн жолдорун үйрөнүшү кажет. Мындай учурда эч кандай сын алар үчүн коркунуч жаратпайт. Биринчи кезекте сын түз айтылышы керек. Эгерде кыйыр түрдө айтылган сын болсо, бул жерде сынды адам өз деңгээлине жараша такыр башкача түшүнүп алышы мүмкүн. Мисалы, көркөм сөз каражаттарын, фразеологизмдерди колдонуп, ар ким өзү түшүнүп алышы керек деген мааниде айтылган сындар болот. Андай сынды анализдеш керек. Эгер иште бир аз кемчиликтер болсо, аны жашырып, “бардыгы жакшы болуптур” деген сынды колдоочу сынга кошсок болот. “Демилгең абдан сонун, кыймыл-аракеттериң мактоого арзыйт, бирок ушул аракетиңдин мындан да жакшы болушу үчүн дагы да иштешиң керек, бул жерге дагы баланча-түкүнчөнү кошумча кылсаң баары сонун болот” деген ойду айтышыбыз кажет. Ал эми мунун тескериси бүлүндүрүүчү болуп калат.

СЫНДЫ ӨЗ ПАЙДАСЫНА ИШТЕТҮҮ

– Психологдор адамды өз жан дүйнөсүн казып изилдөөгө жана аны менен иштөөгө үндөйт. Анткени айлана-чөйрөсү менен жакшы алакада жашагысы келген адам биринчи кезекте өзүн таанып-билиши керек. "Адам ага карата сын айтып жаткан кишинин жүрөгүнөн чыккан сыныбы же ошол учурдагы ички дүйнөсүндө болуп жаткан нерселердин чагылдырылышыбы?" деген суроону берүүсү керек. Себеби кээде негизсиз эле сын айткан адамдар болот. Ошондуктан ооздон чыккан ар бир сөздү негативдүү кабыл албастан, “эмне себептен айтылышы мүмкүн, эмнеге мындай формада айтты?” деген анализ болушу керек. Сын айтып жаткан адамдын учурдагы абалына көңүл буруу зарыл. Анткени ал терс эмоциясын сизден чыгарып жатышы мүмкүн. Эгер чындап эле сындын ичинде сиз моюнга ала турган нерсе болсо, анда анын үстүнөн иштөө кажет. Ар бир адамдын өзүнө карата уникалдуу ой жүгүртүүсү бар. Бир эле нерсени 10 адам 10 башка көрүшү мүмкүн. Кээде меникинен артык ой болушу мүмкүн эмес деген ойго келебиз. Бул туура эмес. Ошондуктан башка адамдын айткандарына да көңүл буруу кажет. Сындын көп пайдалары бар экендигин биле жүрүү керек.

СЫН АЙТУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

– Биринчи кезекте сын ар дайым жакшы ниетте айтылышы керек. Сынды айтууда колдонулган ар бир сөз өтө маанилүү. Ошондуктан сүйлөп жаткан сөздөргө маани берүү зарыл. Башта айтып өткөндөй, сынды түз мааниде айтуу керек. Андан кийинки белгилей турчу нерсе, кемчиликти толуктоо максатында, аны күчтөндүрүү максатында сын айтканыңыз оң. Гамбургер принцибине таяна турган болсок, биринчи кезекте мактап, ортосунда нейтралдуу же позитивдүү түрдөгү сын-пикирибизди айтабыз. Аягында ишмердүүлүгүнө карата мактоо, алкоо, колдоо менен аякташыбыз керек. Ушул эле формуланын дагы бир түрү бар, ал “колдоо” деп аталат. Мунун эрежелери да жогорудагыдай эле. Бул сын эч кимди негативге жетелебестен, өзүнүн оң жыйынтыгын берет.

СЫНДЫ УККАН СОҢ ӨЧ АЛУУ ЖЕ ӨЧӨШҮП КАЛБОО

– Бул жерден кайра эле адамды өзүнө инсандык жактан басым жасоосуна чакырам. Мындай адамдар сынды кабыл алууда сабаттуу болушат. Өзүнө керек болгон сынды тандай алат. “Бул мага туура эмес сүйлөп койду же жаман комментарий жазып койду, бул менин биринчи душманым, мындан өч алам” деген сыяктуу ойлордон алыс болот. Анын билим деңгээли мындай төмөн ойлорго, майда-чүйдөгө жол бербейт. Бүгүнкү айтылган сындардын аркасында эртең дагы да күчтүү жана сапаттуу болууга умтулушат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Erlan_95
2021-01-25 18:54:26
Кээ бир кишилер озунун настроениеси жок болсо деле "сени жакшы болсун деп айтып жатам" деп кайдагы нерселерди айтып конулунду оорутушат. Ошол учун башкаларга ордун дароо корсотуп коюш кк
0
AykaMer
2021-01-27 18:34:45
Erlan_95, туура айтасың,көралбастык сезим менен деле сындап коё берет, көңүл оорутуш үчүн... Чын жүрөктөн,таза ой менен айтса бир жөн,аны туура кабыл алса болот. Болоор болбосту айтса кайра жинденесиң да:))))
+1
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан