Жумуштан өргүү алып айылга бардым. Көп жылдан бери жакшы эс ала элек элем. Кышында өргүү берилсе да, иши кылып берилгенине ыраазы болуп жөнөй бердим. Айыл жери кандай керемет. Ал жактын кышы дагы сулуу. Аппак кар жамынып, эртең мененкисин бак-даракка туруп калган бубак көчөлөрдү жомоктогудай көрүнүшкө бөлөйт. Ар бир үйдүн морунан чыккан түтүн, бир из менен тизилип алып сайга суу ичкени жөнөгөн койдун үйүрү, далдаңдап алардын артынан ээрчип жөнөгөн бирин-экин бодо мал – мунун баары Пушкиндин жомокторунда сүрөттөлгөндөй жүрөккө жакын, жылуу кабыл алынат. Калың жааган карга салынган чыйыр жолго түшүп алып, койлордун артынан тору атын минип кетип бараткан атамды карап карып баратканын байкадым. Жүрөгүм туз куйгандай ачыша түштү. Болбосо атка мингенде чыкыйып, ийиндерин улам копшоп, камчысын текилдетип ээрдин кашы тарабына улам жаңсап, тизгинди эки колдоп башкарып, буту менен теминип жүрчү эле. Азыр болсо ичигинин этек-жеңин кымтынып тизелерин жаап, бүкүрөйүп, моюнун ичиктин жакасына катып, камчы кармаган колун ылдый таштап, бир колу менен тизгинди уучтай кармап аттын эрки менен кетип баратты.
Апамдын “ай, Таку” дегенинен селт эте артка бурулдум. Колуна чакасын кармап, баягы Терминатордой бышык боз алжапкычын тагынып алып туруптур. Күлкүм келип кетти. Качан жыртылат ушунусу? “Жүрү, торпокту салып, тартып берчи, боз кунаажынды саайын. Тим эле чоңоюп алып кулжуңдап баш бербейт. Туягынын катуулугун айт. Өткөндө атаң алаксый калганда оң бутумду кырча баспадыбы, айбан!”
Апамды ээрчий мал короого кирдим. Кулжуңдап жулуна берип ноктосуна мурдун өйкөтүп алган бакыраң көз торпок оозунан ак көбүк ага апамды эле күтүп турган экен. Бошоторубуз менен энесин сүзгүлөп эмип кирди. Кунаажынды саап бүткөндөн кийин кепедеги ак уйду карап келели деп кирдик. Кечээ атам тууганы аз калды деп жаткан. Кирсек бышылдап, ынтыгып араң дем алып туруптур. Жакындап барып жонунан сылап коёюн десем башын чулгуп бурчка туруп алды. “Кой, балам, жайына кой. Мал туур алдында киши сүйбөй калат. Мүйүзү менен челип албасын” деди апам.
Ак уйдун өз окуясы бар. Бул уй биздин короого экинчи жолу буюрушу. Кайсы уйдун тукуму экени эсте жок, торпок кезинде “ургаачы экен, тукум кылалы” деп жайлоого жөнөтпөй алып калганбыз. Ошентип апам берген момпосуй, печенье, нан менен чоңоюп, адамга аябай жакын болду. Букадан эрте чыгып, жайлоого деле чыккан жок, кысыр калган жылы да болгон жок. Сүтүнүн коюулугун, анан молдугун айт. Бир үй-бүлө тоюп, ашканы чогулуп сатканга да жетчү. Ушул уйдун сүтү менен эле жан бакчубуз. Атам малды кеч курады. Негизи эле Союздун тарбиясын алган кишилер кимге ишенишет билбейм? Же кайра мамлекет түзгөн майкөл-сүткөл жашоо болот деп күтүшкөнбү, айтор, өз алдынча оокат кылыш керек экенин кеч түшүнгөндөрдүн катарында болду атам. Жалгыз бодобуз ак уй болуп турганда агам айылдан кыз алып, атам айласы куруганда уюбузду башат ордуна деп куданын үйүнө жетелеп барып берди. Ошондо апам ак уйдун кулагына кебез байлап короодон узатып жатып кадимкидей жаш төгүп ыйлаган. Көп өтпөй жеңем кош бойлуу болду. Кудагый кызыма деп ак уйдун сүтүнөн үйгө берип жиберет. Өзү короодо болбосо да сүтүн ичип жүрдүк. Бир жылдан кийин уйду сатып жиберишиптир. Кайда, кимге сатканы белгисиз болуп, ошентип ак уйдун сүтүнүн жугунан да биротоло кол жуудук.
Айыл жеринде ую жок жашоо оор. Сатса акча, сааса сүт, сойсо эт болгон бул берекелүү жандык ар бир үйдө болуусу шарт. Былтыр “уй алабыз, акча жагынан жардам бер” дегенинен колдон келишинче тыйын салып жибергем. Атам мал алганы барганда дайыма апамды Ат-Башыга ээрчитип алат. Тим эле шуба алып берип жаткансып “жакканын танда” деп өз эркине коёт. Апам көңүлүндөгү уйду таппай издеп жүрүп, акыры баягы ак уюн көрөт. Ошол окуяны сурасаң аябай кубаныч менен айтып берет:
«Топтошкон уйлардын арасынан ак уй көрүндү. Алыстан эле тааныш сезилип, жанына барсам көзүн бакырайтып, кебелбей кепшеп коюп турат. Алтын тапкандай сүйүнүп, дароо эле моюнуна асылдым, көзүмө жаш тегеренди. Сүзбөйт болчу, билем да. Ал да мени тааныгансып колтугума мурдун алып сүйөп коёт, байкушум. Канча десе алабыз дедим ичимден. Кудай жалгап биз сураган баага эле берди. Ошентип үйгө экинчи ирет кайтып келген ак уюм”,- деп калат апам. Быйылкы туушу акыркылардан болуп калат го. Карыды. Апам менен ак уйдун кийинки коштошуусу кандай болот билбейм. Иши кылып жүрөктү оорутушпаса болду.
Таалай
Гүлжан Асанкожоева