ГЕМОРРОЙ-АЗАПТУУ ООРУЛАРДЫН БИРИ

Дүйнөдө инфекциялык эмес оорулардын ичинен эң көп таралганы геморрой оорусу болуп эсептелет. Хирургдардын образдуу салыштырганы боюнча арткы тешик “тиштерге толтура” болсо, мындай жашоону жакшы жашоо деп айтууга болбойт”. Учурда дүйнөнүн ар бир 1000 жашоочусуна геморрой менен ооруган 120 адам туура келет.

ГЕМОРРОЙДУН ПАЙДА БОЛУШУ
Көтөн чучуктун ич жагында да, сырт жагында да геморройдук түйүндөр бар. Алар өздөрүнүн “жаздыкчалары” менен (сүрөттө жүзүм мөмө­сүн­дөй) ичегидеги нерселерди сыртка чыгарбай кармап турушат. Адам көп кыймылдабаганда жамбашта кан туруп калат да, геморройдук түйүн­дөр кандан улам көөп чыгат. Мунун натыйжасында акырындап уюган кан (тромб) пайда болот. Мунун алгачкы белгилери болуп, арткы тешиктин тегерегинин аздан кычыштыруусу саналат. Буга айрымдар бир топ жылдар бою маани беришпейт. Анан бир күнү ыйынганда арткы тешиктен кан чачырап, адам даарат кагазында кан калганын көрөт.
Геморройго кез келген адамдардын кээсинин арткы сырткы тешигинен геморройдук түйүндөр нокоттой же жаңгактын көлөмүн­дөй болуп чыгып көрүнүп турат.

ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ
Геморройдун келип чыгышын бир топ себептер шарттайт:
Ичегинин функциясынын бузулуусу (ич катуу, ич өтүү), кош бойлуулук, төрөт, дамамат отуруп иштөө (айдоочулар, бухгалтерлер ж.б.), оор атлетика менен алагдылануу, тамак-ашка ачуу тамактарды көп колдонуу, ичимдик ичүү.
Аял кош бойлуу кезинде түйүлдүк жамбаш чарасындагы кан тамырларды кысып калат. Мындай кезде аялдын ичи өтсө же ичи катса, туздуу, ачуу тамактарды көп колдонсо, ансыз да чыңалган кан тамырларды ого бетер чыңалтат да, геморройдун келип чыгуу коркунучун күчөтөт.
Төрөт мезгилинде болсо веналардын чыңалуусунан кан туруп калып, геморройдук түйүндөр чоңоюп кетет. Ошондуктан, төрөттөн кийин аял чыңалган кан тамырлардагы кандар тарагандай аздап басып же жатып көнүгүү­лөрдү жасоосу керек. Ушинтип, геморройдун алдын-албаса оору келип чыгат.

ГЕМОРРОЙДУН БӨЛҮНҮШТӨРҮ
Курч кармаган жана өнөкөткө айланган түрү болуп экиге бөлүнөт. Курч кармаган геморройду убагында айыктырбаса, өнө­көт түрүнө өтүп кетет.
Геморрой мындан тышкары ички, тышкы жана аралаш геморрой деп да ажыратылат. Оорунун негизги белгилери көтөн чучуктагы оорутуу, арткы тешиктен кан агуу, геморройдук түйүндүн түшүшү, арткы тешиктин айланасынын кычыштыруусу, арткы тешиктен суюктуктун бөлү­нүп чыгышы эсептелет.
Сырткы геморрой арткы тешиктин терисинин алдында жайгашкан чырмалышкан веналардын кеңейип кетиши.
Ички геморрой арткы тешиктин ич жагында чырмалышкан веналардын кеңейип кетиши.

Геморройдун бул түрү бир нече стадияга бөлүнөт:
1-стадия аналдык каналдагы эле геморройдук чырмалышкан веналардын кеңейиши.
2-стадия веналар кеңейип отуруп, геморройдук түйүндүн пайда болушуна алып келиши. Күч келгенде түйүн арткы тешиктен чыгып кетет да, бирок, кайра өзү ордуна калыбына келип калат.
3-стадияда геморройдук түйүн түшөт. Башкача айтканда, сыртка чыгып калат, аны кол менен ичке киргизүүгө туура келет.
4-стадияда геморройдук түйүн түз ичегинин (көтөн чучуктун) былжыр кабыгы менен кошо сыртка чыгып калат да, ичке киргизүүгө таптакыр мүмкүн болбой калат (кол менен дагы).
Аралаш геморройдо ички жана тышкы веналар да кеңейип кетет.

ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУ
Ички геморройдун 1-2-стадиясында консервативдүү дарылоо (операциясыз) жүргүзүлөт. Мындай дарылоо ич катууну четтетүү, суюктуктарды көбүрөөк ичүү, дары свечаларды жана антибиотиктерди колдонууну камтыйт жана кыймылдуулукту көбөйтүү сунушталат.
Дарылануу мезгилинде туздалган жана ачуу тамактарды, ичкиликти колдонууга болбойт. Ар жолу заңдагандан кийин марганцовкалуу (перманганат калийи)жылуу суу менен жуунуу керектелет.
Эгер консервативдүү дарылоо жардам бербесе, лазердик терапия кээ бир учурларда склеротерапия жүргүзүлөт.
Лазердик терапия - атайын аппарат менен геморройдук түйүндөрдү нур менен айыктыруу. Оорунун оор-жеңилине карап 5-6 сеанс жүргүзүлөт.
Склеротерапиялык ыкмада геморройдук түйүнгө атайын затты киргизишет. Ушинткенде кан башка чыңалбаган кан тамыр аркылуу айлана баштайт.
Адамга аталган ыкмалардын бири колдонулгандан кийин оору тереңдеп, 3-4- стадияга өсүп жетпөөсү үчүн көп отурбай, ич­имдикти ичпей, ичтин катуусуна жеткирбөө­сү керек.
Ички геморройдун 3-4-стадиясында операция жасалат. Операциянын узактыгы 30 мү­нөт­төн 1,5 саатка чейин созулушу мүмкүн. Оорулуу ооруканада 2-7 күн жатат.
Дарылоодо маздарданТроксевазин” (“Венорутон”) , “Проктозан”, свечалардан “Проктоседин”, таблеткалардан “Трибенозид жана “Флебодил” жа­на башкалар колдонулат.

ЧОЧКОНУН МАЙЫ ДАРЫБЫ?
Кээ бирөөлөр геморрою кармаганда чочконун майы менен куйрук майды колдонушат. Бул медицина жактан алып караганда туура эмес көрүнүш. Анткени, чочконун майы геморройго эч кандай таасир бербейт. Ал эми куйрук май убактылуу ооруну жеңилдеткени менен артында кайра ооруну күчөтүп жиберет.

ГЕМОРРОЙ ЖАНА СЕКС
Бисексуалдарда башка адамдарга салыштырмалуу геморрой, проктит (жоон ичегинин сезгениши), парапроктит(көтөн чучуктун тегерегиндеги майлардын ириңдеп кетиши), арткы тешиктин жаракалары көп болот. Ошондуктан, арткы тешик аркылуу секс менен алектенүү коркунучтуу.

ГЕМОРРОЙГО КЕЗИКПӨӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР:
Ичтин катканына жеткирбөө (ыйынуу геморройго алып келет), ич өтсө убагында дарылануу, эч качан муздак жерге, өзгөчө металл үстүнө отурбоо керек. Кесипке байланыштуу дамамат отуруп иштөө­чүлөр, анын ичинде айдоочулар 3 саат сайын 10-15 мү­нөт басып же физикалык көнүгүүлөрдү жасоосу кажет. Жумшак креслону катуу орундукка алмаштыруу зарыл.
Ичти айдоочу таблеткаларды көп колдонуу туура эмес. Андан көрө ич катууну алдын алып ун азыктарынан жасалган тамак-ашты аз, жашылчаны көп колдонуу керек. Ичегинин иштөөсүн жакшыртуу максатында айран (кефир), минерал сууларын пайдалануу талапка ылайык.
Геморройдун белгилери билине баштагандар оор физикалык иштерден баш тартып, жеңил жумуштарга өтүүлөрү зарыл.
Боюнда барлардын жамбашында кан уюп калбоосу үчүн сейилдеп, гимнастика жасап, ичти кысуучу курларды
тагынбоолору зарыл.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН
Картошка свечасы
Чийки картошкадан свечадай кылып кесип алып, арткы тешикке салуу кажет. Эгер көтөн чучукта кургап кеткендей белги болсо, анда картошка свечасын балга матырып, кайра коюу керек.

Даярдаган Айганым Байдөөлөт кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан