Эламан Келдибеков, төкмө акын: “ҮЙЛӨНДҮМ. ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗ МОСКВАДА ИШТЕП ЖАТАБЫЗ”

Маек төрүмдө азыркынын Барпы акыны атыккан жаш өнөрпоз, айтылуу Элмирбек Иманалиевдин шакирти Эламан Келдибеков. Төкмө акын үй-бүлө курганын, учурда Москвада тигүүчү болуп эмгектенип жатканын айтып берди.

– Эламан, саламатсызбы? Учурда Моквада экенсиз. Москвага кетүүңүзгө эмне себеп болду? Ал жакта эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Ооба, азыр Москвада жүрөм. Келгениме бир айдан ашты. "Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет" деп коёт го, эл көрөйүн, жер көрөйүн деп келдим. Мурунку эле ишим менен алекмин. Бишкекте деле тигүү цехинде иштечүмүн. Москвада да тигүүчү болуп иштеп жатам. Бул жакта кыргыздар көп экен. Мен иштеп жаткан цехте жумушчулардын жарымы кыргыздар. Алар мени таанып, жакшы кабыл алышты. Өнөрдү сыйлаган адамдар экен. Өзгөчө Айзада деген эже кеп-кеңешин берип, жумуш таап берип жакшы жардам берди. Кесиптештерим ынтымактуу. Өзбек, тажик туугандар менен бир туугандай болуп иштеп жатабыз. Бирге иштеген эжелер “аз сүйлөйт экенсиң. Изаттын айтышта айтканы чын экен” деп таң калып жатышат. Изат Айдаркулова айтышып жатып мага “Ишенбейсиң төгөт деп, бул ооз ачып турса жалдырап” деп ырдабады беле?

– Ооба, эсимде (күлүп). Эми чыгармачылыгыңыз кандай болот? Төкмөлүктү ал жактан деле уланта берүү мүмкүн бекен? Же кайсы бир убакытка алыстоого туура келеби?

– Төкмөлүк Кудайдан берилген, менин каным, жаным менен бирге бүткөн өнөр. Ал Кыргызстандан чыкканда чек арадан өтпөй кала турган нерсе эмес. Чыгармачылыгымды Орусиядан уланта берүүгө шарт бар. Азыр интернеттин заманы да. Интернет аркылуу кайрылууларды жасап турам. Бул жакта дагы төкмөлүк өнөргө кызыгып, үйрөнөбүз деп аракет кылган жаштар көп экен. Устат боло албасам да, кеп-кеңешимди бергенге аракет кылам.

Бирок өлкөдө уюштурулган айтыштарга катыша албай калганым ичимди ачыштырат экен. Төкмөлөрдүн айтышып жатканын көрүп ошол жакта болууну, айтышууну дегдейм, чыдабай кетем. Айтыштар уюштурулса, буюрса, барып турам. Орусияга деле өмүр бою жашайм деп келген жокмун. Ашып кетсе 1 жылда кайра барам деп жатам.

– Жакшы. Жакында устатыңыз Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси болду. Сиз катыша алган жоксуз. Устатыңыздан айрылуу жашооңузга кандай өзгөрүүлөрдү алып келди?

– Жашоодо эмнелер болорун алдын ала айтып болбойт экен. Устатымды эскерүү кечеси болорун эрте билгенимде кетпей турмакмын. Устатымдын каза болгону бардык шакирттерине, күйөрмандарына оор тийди. Мен үчүн да оор болду. Чыгармачылык жолум кыйындады. Элмирбек агай кеңеше турган адамыбыз эле, атабыздай болуп калган эле. Жөн эле ата эмес, мээримдүү, акылдуу, даанышман ата болду. Ар бир шакиртине баласындай, керек болсо баласынан артык күйдү. Күндө 24 саат болсо, ошол 24 саатты толугу менен бизге арначу. “Айтыш” фондуна эртең менен саат 7ге чейин келип, кээде кечки саат 11ге чейин отурчу. Үйгө кеткенден кийин да WhatsApp’тан сүйлөшчүбүз. Агайым өмүрүн бизге арнады.

Кыстара кетейин, дайым айтышка кийип чыкчу чапаным сумкама батпай калып, Кыргызстанда калды. Ал чапанымды сагынып жатам. Чапандын мен үчүн ыйык болгонунун себебин айтып берейин. Бир жолу Таласка барып концерт койгонбуз. Кайтып келе жатканда унаанын ичи муздак болуп, устатым менин чапанымды жамынып келген эле. Ошондуктан бул чапандын орду чоң.

– Элмирбек агайдын жолун улап кетүү үчүн кандай аракеттер жасалып жатат?

– Ар бир шакирти ал жолду улашы керек жана улап кетебиз деп жүрөгүм менен ишенем. Биз чачылып кеткен жокпуз. Мен Москвада экенимди айтсам, “Элмирбек жок чачырап кеткен окшойсуңар” деп сурап калгандар бар. Жакында өткөн эскерүү концерти Элмирбек устаттын шакирттеринин чачырап кетпегендигинин, күчтөнүп өз алдынча эмгектенип жатканынын далили десем болот. Устатыбыз барда концерт башкача болчу. Устатыбыздын жок болгону ырларыбыздан да сезилет. Кийинки айтыштарда менин ырларымдан да байкалышы мүмкүн. Ошондо кыргыз элим жакшы ырдасам устатымдын эмгеги деп, жаман ырдасам менин катам деп түшүнүшсүн. Биз, шакирттери мурдагыдай эле бирге аракет кылып жатабыз. Асылбек Маратов фонддун теңтөрагасы, өз ишин аткарып жатат. 10 күндүк айтыш сабактарына устат агайлар келип, баасын коюп, насааттарын айтып жатышат.

– Жакшы. Жеке жашооңуздагы жаңылык тууралуу сүйлөшсөк,үйлөнүптүрсүз. Куш бооңуз бек болсун! Жубайыңызды тааныштыра кетсеңиз.

– Бул жаңылыгымды мен үйдөгүлөргө да айта элекмин. Макул, айтып берейин, жакындарым сиздерден уксун, сюрприз жасайын. Жубайымдын аты Сабина, Аксынын кызы болот. Айылындагылар Элиза деп таанышат. Анткени жубайым Сабина деген атты жактырып, кийин гана атын алмаштырып алыптыр. Менден 2 жаш улуу, 2 баласы бар. Экөөбүздүн таанышуубузга да чыгармачылыгым себепчи болду. Сабина айтыштын күйөрманы, дайыма кызыгып көрүп жүрчү экен. Бир күнү эле социалдык тармактардан жазып калды. Жазышып жүрүп, кийин жолуктук. Бир көргөндө эле жактырдым. Өткөн жылы март айында Сабина Москвага кетти. Андан кийин карантин болуп, жолдор жабылып калды. Сабина мурда да Москвада иштечү. Убакыт өтүп, башка кыздар менен сүйлөшүп жүрүп Сабинаны унутуп калам деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Убакыт достукту бекемдеп, сүйүүнү алыстатат деп коюшат. Биз алыстай алган жокпуз. Тескерисинче, жакындаша бердик. Анан сүйүү экен дедим. Декабрь айында Москвага келдим, экөөбүз баш коштук.

– Сонун. Бактылуу болгула! Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшсөңүз.

– Өтө көп балалуу болгум келет. Дүйнөнү айланып чыккым келет. Чыгармачылыкта көп пландарым бар. Эң алгач мыкты төкмө акын болушум керек, өзүмдү өстүрүшүм керек. Чоң-чоң концерттерди бергим келет. Кудай мага жан баксын деп эмес, элге кызмат кылсын деп талант берген деп түшүнөм. Балким, бүтүндөй адамзатка кызмат кылаттырмын. Мен юморго жакын болгондуктан бул талантты кайгырып турган адамдарга күлкү, кубаныч тартуулоого жумшашым керек деп ойлойм.

– Жакшы. Ниеттер кабыл болсун! Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Datka7777
2021-02-01 10:08:09
Молодец! Москвада сармерденге чакырабыз
+8
Muslim_KGstana.
2021-02-01 20:44:16
Крассавчик,бирок ата-энене айтпай,2 балалуу келинге уйлонуп алганын бир ааз жарашпай калыптыр да.

Мейли эми главно бактылуу болгула,онорун оркундоп осо берсин.
+23
raykray
2021-02-02 04:14:02
Кыйынго Сабина оозун ачып олтурган баланы илип кетип. Эми тынч бактылуу жашагыла!
+11
Asmat84
2021-02-02 08:26:57
Мыкты акынсын Барпы Алыкулов атабыздын жолун жолдогон жалгыз сенсиң Эламан.
Сен өтө күчтүү башкача акынсын. Бирок эмнеге ушул жолго бардың, өзүңдөн 2 жашка улуу болсо, 2 баласы болсо
Аттигиниң жаңылыштык кетирген окшойсуң.
+13
guli-1980
2021-02-02 19:48:34
Эламан дагы москвачылык менен уйлонгон турбайбы? Ата эненин батасын албай кандай уйлонду экен
+9
lazygirl
2021-02-02 22:57:34
Сюрпризин окуп бул жакта менин эсим ооду, ата энеси кандай абалда калат. Эч кайсы ата эне бөпөлөп өстүргөн, үйлөнө элек баласына эки балалуу аялды кыйбаса керек. Сүйүү келет ,кетет, ата эненин ыраазычылыгы баарынан биринчи орунда.
+15
Omyrova
2021-02-03 19:00:12
Мен чыгарган такыяны(тюбетейка)дайым кийим журот,каяктан алдын деп сурап койгулачы
+5
didu
2021-02-03 21:06:32
Арким ойуна келгенин айтаберишет буну москвачылык деп койот,биздин баштанда откон, конул буруштун кажети жок
0
anash
2021-02-05 21:44:28
Каткан орук как жегизген экенда
-2
Gulina90
2021-02-08 07:32:23
Ии ата -энеси үмүт кылып той м-н уйлондуром,элдин батасын алып берем деп жатса кк.Суюрприз деп эки балалуу аялды алып келсе менден өтүп чалкасынан кетет да.
0
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан