(Башы өткөн сандарда)
– Бир апта ооруканада баш калкаладым. Ооруканадан да чыктым. Эми кайда барам? Алмаз агайга таянып жаттым эле, 3 күндөн бери кабарсыз. Эмне болду экен? Эми мага милдеттүү беле? Кабар жок деп алыптырмын го, ансыз да ооруканада дарыланган акчаны төлөп койгон окшойт. Чыгып жатканда баланча сом бер десе кантет элем? Залына барып көрсөмбү, уят го чап кенедей жармашып алганым,- деп кейип оорукананын эшик алдындагы отургучта ойлуу отурду Байэл.
– Байэл, кандайсың?
– Агай, салам алейкум, өзүңүз жакшысызбы?- өзүн көздөй келе жаткан Алмаз Мусаевди көрүп Байэл ушунчалык сүйүнүп кетти.
– Саат төрттө чыгарабыз дешпеди беле? Түштө эле чыгарып жибердиби?
– Медайым келип бир бейтапка орун бошотуш керек деп, анан мени чыгарышты.
– Кеттик, жатаканага сүйлөшүп койдум.
Ээрчише басып кирип келе жаткан экөөнү көрүп вахтадагы кемпир кыйкырып калды.
– Ай, токтогула, ким кирип баратат?
– Ой, Калипа эже, мен Алмазмын.
– Алыстан көзүм жетпей жатпайбы. Киргиле. Бул жанагы Гуля айтып жаткан балабы?
– Ооба, дал өзү.
– Мына ачкыч. 5-кабат, 13-бөлмө. Азырынча ал жакта бир эле бала бар.
Экөө 5-кабатка чыгып келишти. Алмаз агай эшикти ачты. Бөлмөнүн эки капталында эки-экиден узатасынан коюлган керебеттер, чыга бериштин оң жагында шкаф, сол жагында чакан идиш койгуч. Ортодо стол отургучтары менен турат.
– Мынакей, Байэл, ушул бөлмөдө жашайсың. Бул керебеттердин бирин ал, төшөнчүнү жанагы эжеге барсаң берет. Мен кеттим, кечинде залга өт.
– Макул, агай, сизге рахмат.
– Ии, унутуп бараткан турбаймынбы, ме, буга чай ич,- деп 500 сомду чыга бериштеги шкафтын үстүнө коюп чыгып кетти.
“Машыгам, дайыма ар кимден тепки жеп, кузгундарга өзүмдү салып берип жүрө бермек белем?” деп ойлонуп залды көздөй бара жатты.
– Кел, Байэл,- Алмаз агай өзү тосуп алып, балдар менен тааныштырып, аларга кошту.
– Өткөнкү жигитпи?
– Ооба, эми силер менен машыгат. Арс, сага атаандаш болчу түрү бар.
– Мм, агай, жаңы келип эле Арска атаандаш боло алса кыйын жигит го,- деди балдардын бири.
Алгачкы машыгуу болгонго Байэл бат эле чарчай түштү. Балдардын жакында тына турган түрү жок. Баары машыгууну кызуу улантып жатышты. Байэлдин шайы кеткенин байкаган агайы:
– Байэл, эс ал. Биринчи күнгө көптүк кылат.
Машыгуу бүтүп, Байэл жатакананы көздөй жөнөдү. Көчө жакты карап турган жатакананын терезелери жаркырап текши күйүп турат.
– Бардык бөлмөдө киши жашайт экен да. Менин жанымдагы бала келсе керек. Жарык күйүп калыптыр. Кандай неме болду экен?- деп ойлоно Байэл бөлмөгө кирип келди. Эшик ачык, бирок бөлмөдө эч ким жок экен. Бут серпкис болуп чарчаган Байэл керебетинде отурган жеринен уйкуга кетти.
– Дос, тур, тамак ичебиз. Байэл уйкусурай араң ойгонду. Көрсө, тиги жигит ашканада тамак жасап жүргөн тура.
Дасторкондо нан, табакта макарон, каймак коюлуптур. Экөө чайга отурушту.
– Мен Дастан.
– Байэл.
– Тамактан ал. Укмуш деле эмес, жумуштан келгенде ушинтип тамак жасай коём.
– Каякта иштейсиз?
– Сабактан кийин жүк түшүрүп иштейм.
– Мен дагы иштешим керек, жанымда болгону 300 сом бар,- деди иштеп өзүм акча тапсам дегенде эки көзү төрт болуп турган Байэл.
– Эртең менде экзамен бар. Бүрсүгүнү мени менен бар, чогуу иштейбиз. Иштегениңе жараша акча аласың.
ххх
Маржан Швейцариядан келип, ишке чыкты. Он күндөн ашык убакыт өткөнүнө карабай Байэл анын оюнан чыкпады. Эмне болсо дагы жүзүн бир көрөйүн деп 4-палатага баш бакты. Ордунда башка бирөөнүн жатканын көрүп шалдайып туруп калды. Кабинетине келип Алмазга телефон чалды.
– Алмаз, кандайсың?
– Кандайсыз, жеңе? Жакшы келип алдыңызбы?
– Жакшы. Өткөнкү бала жакшыбы, чыккан турбайбы...
– Жакшы болуп чыкты. Жеңе, дайындап кеткениңизге рахмат. Акча төлөйүн десем сизди айтып, алышкан жок.
– Сен дайыма эле суранып жаттың беле? Кабар алып коёюн дегем. Жакшы болсо болду.
Баланын чоо-жайын сурап ким экенин билгиси келди. Бирок шектүү шекинет болуп суроого оозу барбады.
ххх
Байэл күткөн учур келди. Дастанды ээрчип жумушка жөнөдү. Дастан көптөн бери иштеп жүргөндүктөн, телефон аркылуу эле ишин сүйлөшүп алат. Азык-түлүк дүкөнүнүн кампасына бир КамАЗ кумшекер түшүрүүдөн башталды Байэлдин иши.
– Байэл, чарчап калган жоксуңбу?
– Жок.
– Анда мен эч кимди чакырбай эле коёюн. Экөөбүз эле иштейли. Дагы бир жакка барып цемент жүктөйбүз, кеттик.
Акча кимди кызыктырбайт, кечке чейин дагы иштеп алалы деп үн-сөзсүз күпүлдөп цемент жүктөп жатышкан жигиттердин жанына баягы Тико келип калды. Байэл булардан кутулдум деген. Мынчалык тез көрүшөбүз деп эч күткөн эмес. Көрүп жини бетине чыга түштү. Анткен менен басып келип саламдашты.
– Ии, тызылдап бизден качып кеттиң эле. Тирүү экенсиң, ээ? Балдардын тепкисинен ойгонбой калды го дедим эле. Сен бир күн кечке жүрүп тапкан акчаңды биз 5 мүнөттө табарыбызды билесиң. Жүрбөйсүңбү бизге?
– Рахмат. Мен мында эле иштейм.
– Мм, кара жаныңды сабап иштеген жагат турбайбы сага. Мейли. Бирок бизге берериң бар экенин унутпа,- деп Тико шымынын чөнтөгүнө колун сала каадалана басып кетти.
Экөөнү карап калган Дастан:
– Мунуң ким эле, түйүлөт го тим эле.
– Мындай эле бала,- деп Байэл андан аркысын айткысы келбеди.
ххх
Балдардын машыгуусун карап четте эки чоочун киши отурду. Бул зал аралаш уруш өнөрүнө багытталгандыктан, бир эле учурда күрөш ыкмаларын өздөштүрүп, стойкада иштегенди үйрөнүп, грушага таамай соккуларды узатып, айтор, жигиттердин жаны тынбайт. Машыгуу адаттагыдай күчүндө уланып жатты. Төрдөгү рингде Алмаз агай Байэл менен кызуу иштешип жаткан.
– Сол кол алдыга, оң кол артка. Оң кол менен боорду, ээкти коргош керек. Колду ушул турган калыбынан өзгөртпөйбүз. Сол бут алдыга, оң бут артка. Бир орунда турбайбыз, алдыга-артка, оңго-солго тынымсыз кыймылда болобуз. Сол кол менен жеңил соккуларды узатабыз. Сол колубуз калкан, оң колубуз найзанын кызматын аткарат. Качан атаандаш коргонуусун жоготкондо, чаалыкканда оң кол менен таамай сокку узатыш керек.
Жанатан баарын кылдат карап четте тургандардын бири Алмазды көздөй басты.
– Оо, салам алейкум, агай. Кандай ден соолук, бала-бакыра?
– Алейкум салам, Асаке, жакшы баары. Келип калыптырсың.
– Биз эмнеге келебиз белгилүү эле да эми.
– Көптөн бери келбей калдың эле. Эмне, баягы беттештериң кайрадан башталдыбы?
– Айттырбай туйдуң да. Мелдештик, бул жолу ортого ташталган акча оңой сумма эмес. Утуш керек. Эгер беттешти утуп берсе сага да, мушкериңе да чоң сыйлык болот. Тиги сени менен иштешип жаткан жигиттин көзүндө жалын бардай...
(Уландысы кийинки санда)