КЫРГЫЗ ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА ЭҢ МЫКТЫ ДЕП ТАБЫЛДЫ

Бангладеште өткөн эл аралык Дакка кинофестивалында (Dhaka international Film Festival) "Акыркы көч" тасмасы "Эң мыкты тасма" деп табылды. Аталган фильмдин режиссёрлору – Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.

Тасма "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан жана "Билимкана" фондунун колдоосу менен тартылган. Башкы ролдорду Марат Алышпаев, Бусурман Одуракаев, Шайыр Касымалиева, Анара Ажыканова жана башкалар ойношкон.

Дакка кинофестивалы быйыл 16-24-январь күндөрү онлайн форматта өттү. Фестивалда 73 мамлекеттин атынан 226 тасма көрсөтүлдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан