МЕКСИКА АШКАНАСЫ

Ар бир улуттун, элдин өзүнө таандык ашканасы бар. Дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырбасак дагы, айрым өлкөлөрдү ашканасы аркылуу таанууга болот. Бул ирет Мексика ашканасына баш бага турган болсок, даамдуу тамактарга бай экендигин көрөбүз. Эгер Мексиканын даамдарын таткыңыз келсе, анда төмөндөгү тамактарды жасап көрүңүз.

МЕКСИКА ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:

Уй этинен туурамжы – 500 грамм

Пияз – 1 даана

Сарымсак – 2 тишче

Сабиз – 1 даана

Консерваланган жүгөрү – 1 банка
Консерваланган кызыл төө буурчак – 1 банка

Помидор – 1 даана

Томат пастасы – 1 аш кашык

Кайнак суу – 1 литр

Зайтун майы – 2-3 аш кашык

Ачуу жана таттуу калемпир – татымына жараша

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1) Пиязды аарчып, туурап, сарымсакты майдалап алабыз. Сабизди тиштери чоң сүргүчтөн өткөрөбүз. Консерваланган жүгөрү менен буурчактын суусун сарыктырып, таза суу менен чайкайбыз.

2) Туурамжыга туз, мурч, калемпирлерди кошуп аралаштырабыз. Түбү чуңкурураак көмөч казанга 2-3 аш кашык зайтун майын куюп, ысыган соң пияз менен сабизди жакшылап кууруйбуз. Андан кийин туурамжыны кошуп куурууну улантабыз.

3) Туурамжыны күйгүзүп жибербей аралаштырып туруу керек. Үстүнө сарымсакты кошуп дагы 2 мүнөт кууруйбуз.

4) Андан соң көмөч казандагы куурмачтын үстүнө кайнак суу куюп, 15 мүнөт кайнатабыз.

5) Кайнап чыккан маалда томат пастасын бир аз суу кошуп суюлтуп туруп куюп, калган татымалдарды салабыз. 15 мүнөт кайнаган соң жүгөрү менен буурчакты салып дагы 5 мүнөт кайнатабыз. Туз-мурчун даамдайбыз. Тамак даяр! Шорпону жаңы бышкан нан менен сунабыз.

ЭНЧИЛАДОС

Керектелүүчү азыктар:

Уй эти – 350 грамм

Пияз – 1 даана

Сарымсак – 2 тишче

Помидор – 2 даана

Томат пастасы – 30 грамм

Консерваланган жүгөрү – 1 банка

Сыр – 100 грамм

Лаваш – 2 даана

Шекер – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 50 грамм

Зире – 1 чай кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1) Помидорду, пиязды жарым шакекче кылып туурап, сарымсакты майдалайбыз.

2) Сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Этти майда туурап, казанга май куюп, этти күчтүү отто 2 мүнөт кууруйбуз.

3) Ага пияз, зире, туз жана калемпирди кошобуз. Отту орточо деңгээлге чейин азайтып, дагы 2 мүнөт бышырабыз.

4) Сарымсакты, томат пастасын, кумшекерди кошуп, дагы 3 мүнөт отто кармайбыз. Андан соң казанды оттон алып, куурулган азыктарды чыгарып алабыз. Жүгөрү менен майдаланган сырдын жарымын кошуп, аралаштырабыз.

5) Лаваштын бетине помидордун кесиндилерин, сырдын калган жарымын жана куурулган массаны салабыз.

6) Лаваштарды шаурма сыяктуу тоголоктоп түрөбүз. Лаваштын үстүнө табитке жараша сыр сүртүп, же помидор сыяктуу азыктардан чык жасап куйсак болот. Аны 180 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөткө салабыз. Ысык боюнча дасторконго сунсаңыз болот.

КЫТЫРАК САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:

Консерваланган жүгөрү – 1 банка

Помидор – 2 даана

Кызыл пияз – 1 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Сыр – 150 грамм

Чипсы – 1 баштык

Ашкөк (кинза, көк пияз, петрушка) – 2-3 талча

Майонез – 50 грамм

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Сарымсак – 2-3 тишче

Зайтун мөмөсү – 4-5 тоголок

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1) Бардык жашылчаларды жууп, аарчып, туурайбыз: пиязды, помидорду жана болгар калемпирин кичинекей чарчы кылып, ал эми жашыл чөптөрдү майда туурап алабыз.

2) Сырды майда көздүү сүргүчтөн өткөрөбүз.

3) Андан соң майонезди чуңкур идишке салып, үстүнө сыккычтан өткөн сарымсакты, лимон ширесин, кара мурчту кошуп чалабыз да муздаткычка салып коёбуз.

4) Жүгөрүнү суусунан сүзүп алып, тууралган жашылчаларды, кинза, көк пияз, петрушканы, сүргүчтөн өткөн сырды баарын табакка салабыз. Үстүнө майонезден жасалган аралашманы куюп, туз, мурчту татымына жараша себелейбиз.

5) Андан соң муздаткычка дагы 10 мүнөт салабыз. Салатты дасторконго коёрдо тарелкаларга салып, үстүн чипсы, тегерек тууралган зайтун мөмө­сү менен кооздоп коюу керек.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2021-02-01 18:46:39
Месикасы жок эле озубуздун тамагыбызды кыйратып алалычы.
0
Jazgul2026
2021-02-07 11:50:37
Jakahy birok ozubuzdun tamaktarybyz ele jagat
0
Aselya_9105
2021-06-02 12:20:34
Мексика шорпосун жасоо оңой эле, даамдуу да болот, мен кээде жасап турам
0
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан