ДӨӨЛӨТ СЫДЫКОВ "МАНАС АЙЫЛЫ" КОМПЛЕКСИНЕ ДИРЕКТОР БОЛОТ

Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин директору кызматына дайындалат. Ушундай маалымат тараган соң манасчыга байланышканыбызда буларды билдирди:

– Сунушту кабыл алдым. Комплексти оңдоо боюнча жакшы пландар бар. Каржы таап пайдубалынан баштап түптөш керек. Манас атабыздын атын алып жүргөн жайдын ушундай начар абалда турганы туура эмес. Коноктор келгенде суктанып, Манас дүйнөсүн тааныта тургандай абалга жеткиришибиз керек. Буюрса, буйрук чыкса ишке киришем.

Айта кетсек, аталган комплекс Бишкектин чет жакасында жайгашкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан