Пандемиянын артынан көп адамда каржылык тартыштык жаралганы баарыбызга эле маалым. Анын үстүнө кыштын акыркы айларында да бул маселе күч алат эмеспи. Андыктан сиздерге каржылык сабаттуулук боюнча 6 эреже сунуш кылабыз.
Тапканыңыздан ашык акча коротпоңуз! Эгер чыгашаңыз кирешеңизден ашып түшсө, эч качан койгон максатыңызга жете албайсыз. Материалдык жактан көп тапкан эмес, аз короткон адам бай болот. Ошондуктан арзандатуулардын артынан чуркаганды токтотуп, эң керектүү нерселерди гана сатып алыңыз.
Алдын ала каржы боюнча план түзүңүз, эсеп жүргүзүңүз. Бир айга материалдык чыгым талап кылчу нерселердин тизмесин жазып, анын ичинен абдан зарылдарын гана калтырыңыз. Ошол план боюнча акча бөлүштүрүңүз дагы, ошону гана коротуп, ашканын сандыктын түбүндөгү капчыгыңызга салып туруңуз.
Тапкан кирешеңиздин 10 пайызын сөзсүз түрдө депозит ачып, же сейфтин түбүнө салып коюңуз. Бул келечекте чоң нерсе алуу же иш жүргүзүү үчүн болсун. Бул каржы сабаттуулугундагы негизги эрежелердин бири. Акырындык менен 10 пайызды 20, 30га көбөйтсөңүз болот.
Максат коюңуз. Эң биринчи кезекте акчаны өзүңүздү өнүктүрүүгө коротуңуз. Бул дагы инвестиция. Окуп-үйрөнүүгө, өзүн өстүрүүгө эч качан кеч эмес.
Жаңы каржы булактарын да караштыра жүрүңүз. Бул акчанын артынан сая түшүп, жаныңызды карч уруңуз дегендик эмес. Болгону пайда алып келчү жаңы нерселерди жасап көрүүдөн тартынбаңыз.
Эми мунун баарын ишке ашырыңыз. Ой менен баарын кыйратып, бирок практикада эч нерсе жок отуруп калбай, аракет кылыңыз. Жайлуу орундан козголуп, ишке өтүңүз. Ийгилик!
Гулийпа Маметосмон кызы