Чындыктын чытырмандуу чыйырлары
Чынынан чыйрыктырып ойго салды.
О дүйнө, кайда минип баратасың
Токунуп токтоо билбес толкундарды?
Кыргыз Эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январда узакка созулган оорудан улам 87 жаш курагында акка моюн сунду. Бир нече ыр жыйнактардын ээси, Пушкин, Некрасов, Есенин сыяктуу орус акындарынын ырларын кыргыз тилинде сүйлөткөн улуу акын, Кыргыз адабиятына эмгек сиңирген ишмер, таланттуу сүрөтчүнү замандаштары эскерет.
АКЫН ТУУРАЛУУ:
Рамис Рыскулов Чүй облусуна караштуу Москва районунун Кызыл-Туу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук комитетине караштуу Борбордук комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин Максим Горький атындагы Бүткүл союздук адабият институтуна өтөт.
Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген. Биринчи ырлар жыйнагы 1959-жылы “Жаз” деген ат менен жарык көргөн. Ал кыргыз тилине Пушкин, Маяковский, Некрасовдун жана башка орус акындарынын ыр жыйнактарын которгон.
1959-жылдан ССРС Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан ССРС Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары ыйгарылган.
“РАМИСТИ ЫР АКЕ ДЕП АТАП КОЙЧУБУЗ”
Рамис Рыскуловдун замандашы, акын Эсентур Кылычев акындын талантын жогору баалап, төмөнкүчө эскерет:
– Кыргыз поэзиясында Рамис Рыскулов адабият сүйүүчүлөрүнүн эң жакшы көргөн акындарынын бири. Ал биздин коомдо сейрек кездешүүчү, төрт тарабынан төп келген талант. Рамис бир эле учурда жакшы адам, акын, сүрөтчү жана композитор. Аны менен катар прозага, котормочулукка жана журналистикага из калтырган ишмер. Рамисти баарыбыз “Ыр аке” деп койчубуз. Анткени адабиятчылар, жазуучулар Рамисти ырдын акеси катары тааныйт. Ырлары элге күлкү, позитив тартуулап турат. “Шаттуу ырлар”, “Күн майрам”, “Күлкү чачам” деген ырлар жыйнагы буга далил. “Менин ырларым элге кубаныч, жакшы маанай тартуулайт” дээр эле. Мүнөзү жаш баланыкындай таза, тунук киши болчу. Бир жолу байбичеси “ой, бул Рамис кийин жаман кызганчаак болуп алды” деп айтып калды. “Эмне болду, жеңе?” десем, “жаңы ыр жазганда өз бөлмөсүнө кирип, эшигин бекитип алат. “Ай, ачпайсыңбы?” десем, “сен менин ырымды уурдагың келип жатат, ээ?” деп ачпай коёт” дейт. Анын сыңарындай бала кыял, тамашакөй киши эле.
Ыр аке өзүнүн бейнесин чагылдырган өзгөчө сүрөттөрдү жаратты. Бир нече жолу сүрөт көргөзмөлөрү өттү. Ал эки жакка чыкканда китептерди түтүккө окшоштуруп ороп, эки чөнтөгүнө салып алчу. Көчөдө өтүп баратканда үнүн өктөм чыгарып ырларды окучу. Рамис жөнөкөй пенделерге тиешелүү болгон турмуштун өйдө-ылдыйына баш оорутчу эмес. Анын бир гана көйгөйү мыкты ыр жазуу, мыкты сүрөт тартуу болчу. Акыркы убакта “Рамис жакшы карып баратат” деп кеп кылып калчубуз. Анткени кезиккен жерден орду менен сүйлөп, өзүнүн акыл-насаатын айтып калчу. Бир топ жашка чыкса да акылы тунук бойдон калды. Жаш кезинде чачтары тармалданып, Ыр акени шөкөттөп турчу. Жазуучулар чет өлкөлөргө чыкканда биринчи эле Ыр акени сурайт. “Рамис кандай? Аман-эсен жүрөбү?” деп сурашат. Рамис Ыр аке деген сыяктуу өзүнүн ыр турпаты, ыр кыялы менен эсимде калды. Ыр акенин саптары биздин жүрөгүбүздө жашай берет.
«ДҮЙНӨГӨ ТАҢ КАЛЫП, СУКТАНА КАРАГАН АКЫН ЭЛЕ»
Адам бирде сүйүнөт, бирде капага батат эмеспи. Бүгүн Рамис акынды жоктоп жатабыз. “Рамис акын менен замандаш болуп, тааныштыкта өткөн күндөрдөгү окуяларды эстеп жылмаюу да, капалануу да жөндүү” деген калемдеши Айсулуу Көкөева төмөнкүлөргө токтолду:
– Акындын ырларын алгач окуганда жаш болчумун. Өзүм да удургуп турчумун. Куду теңтушумдун ырын окугандай эле окуйт элем. Мен да жолдо көрүнгөн отургучка отуруп алып, көңүлүмө коно калган ыр саптардын көлөкөсүн кагазга көчүрө берчүмүн.
Анан жашым өйдөлөп, Сагын эженин ырларын түшүнө окуй баштадым. Бир күнү эле эженин ырларындагы “өттү күндөр Рамистин ырындай...” деген сабын окуп, жүрөгүм тызылдап кетти. Ыйлап жиберчүдөй болдум. Шатыра-шатман жаштыгымдан алыстай түшкөндүгүмдү ошондо билдим. Анан ошол эки бийиктиктин ортосунда калдым.
90-жылдар. Редакцияга барсам Рамис агай да барып калыптыр. Бир журналист “атам менен энемдин жыргалынан жаралгам” деген ырыңызды окуп бериңизчи” дейт шакаба чегип. Агай ырын окуп, аны коштой бийлеп да берди. Тиги журналист 5 сом берди. Рамис агай аны алды да мени карап, “эй, студент, ме!” деп, мага берди. Жолдогу “Шумкар” дүкөнүндө тегерек бийик столдор бар эле. Ошол жерге барып, пирожки алып жеп кетип баратсак “кийимиң жука экен. Меникине келчи, мага тар болуп калган шымымдан берейин” деди. Мен момпоюп “макул, барайын” дедим. Ошондо абдан бактылуу болдум. “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанына чейин басып бара жатканбыз. Анан эле экөөбүз жетелешип баратып көлчүккө түшүп кетсекчи.
Буга чейин ырын жакшы көрүп жүргөн Рамис агай ошондон кийин периштем эле болуп калды. Көзгө көрүнбөсө да бул дүйнөдө бар экени тээ жүрөгүмдүн түпкүрүндө эле. “Бишкекте Рамис агай бар” деген туюм турчу. Эстеген сайын кызыл-тазыл майрам ырлары көзүмө тартыла калчу.
Мага ырларын, сүрөтүн берген. Аны улам тойтойгон, арзыбаган архивимди аңтарганда карап, окуп, катып коём. “Сен жөнүндө ырым бар” деген. Баарын жазыптыр. Космосту, жерди, итти-кушту, мен гана жок (күлүп). Балким, бир үтүрүндө же чекитинде калып кеткендирмин. Жадымында болчу окшойм мен дагы. Агайдын музейи ачылат деп ишенем. Ачылса ошол сүрөттөрдү алып барып берем.
Кыргыз поэзиясында эксперимент кылып жаңы ойду, ыргакты алып келген акын алып-учкан жаштыкты, жашоонун ширинин даңазалаган, наристече дүйнөгө таң калып, суктана караган инсан эле. Анын саптары өзүнүн турган турпатындай экендигин жашоосу далилдеди.
Эстен кеткис салыштырууларын, учкул саптарын окурмандары жүрөгүндө сакташат. Мен агай канзаадачасынан сонун, чоң, жарык жылдызга айланды деп ойлойм. Анан асмандан мага карап, кыткылыктап күлүп турат, мени колдойт. Ал бийик кетти, эми кечинде ошол жакты карайм.
Коштошпойм, Рамис агай, асманды карайм. Ал жакта экөөбүз 1997-жылы чоң жолдо пирожки жеп баспадык беле? Эми ошентип булочка жеп кетип бараткан болобуз.
“РАМИС РЫСКУЛОВДУН МЕКТЕБИ ЭМИ КЕЛЕТ”
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков:
– Рамис Рыскулов кыргыз адабиятына бунтарлык, космикалык дух менен эркин ой жүгүрткөн, өзүнө гана таандык стил, форма, мазмун жагынан жаңылык ачкан акын. Маселен, 1960-жылдары аны менен чогуу чыккан акындар Алыкул Осмонов түптөгөн мектептен өсүп чыгышты. Социалдык, ураан ырлары менен чектелбей, адам тагдыры, өмүрү, өлүмү, махабаты туурасындагы ырлар жаралды. Ал эми кийинки чоң секирикти космостук мейкиндикке чейин Рамис Рыскулов жасады. Ал ааламдын чексиз экендигин, адамдын жаны эч бир рамкага сыйбай турганын даңазалады. Жерде туруп, асмандын жети кабатына чыккан руханий-космикалык ырларды, поэмаларды жаратты. Рамис Рыскуловдун мектеби эми келет. Анткени анын ырлары адам жанынын, ой жүгүртүүсүнүн эркиндигин даңазалаган феноменалдуу жаңырык. Ал жаңырык улам жаңырып турары шексиз.
Жолдубек Качкынбаев