СПУТНИК V ВАКЦИНАСЫ ЖАНА АНЫН ТААСИРИ

2020-жылы дүйнөлүк медицинанын башкы маселеси – COVID-19 илдетине каршы вакцина иштеп чыгаруу болуп калды. Бүгүнкү күнгө карата вакцинанын ондогон түрлөрү сыноодон өткөрүлдү. Негизи вакцинаны түзүү вирустун дайыма мутацияланып жатканы менен татаалдашууда. Кыргыз өлкөсү Орусиядан чыгарылган вакциналарга басым жасоодо. Алардын бири – Спутник V. Макалада аталган вакцина, аны менен кимдер эмделсе болот, кимдерге болбойт, ушул жаатта кеп кылууну чечтик.

СПУТНИК V ВАКЦИНАСЫНЫН 500 МИҢ ДОЗАСЫ КЕЛЕТ

Салттуу график боюнча вирусту изилдөө жана ага каршы вакцинаны иштеп чыгаруу 10-15 жылды талап кылат. Бирок COVID-19 дүйнөдө өзгөчө абалды жараткандыктан ага каршы вакцинаны иштеп чыгарууну эртелетүүнү талап кылды. Жакында Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусия Спутник V вакцинасынын 500 миң дозасын Кыргызстанга бекер бере тургандыгын жарыялады. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева орусиялык вакцинаны Новосибирсктен ташып келүү маселеси каралып жатканын билдирди. Башка вакциналардай эле кыска мөөнөттө ойлонуп табылып, чыгарыла баштаган Спутник V вакцинасы эмне болгон вакцина, анын оң жана терс таасирлери, кимдерге кабыл алууга болот жана кимдерге болбой тургандыгы суроо жаратууда. Айта кетчү нерсе, аталган вакцинанын 200 дозасы Орусиянын Канттагы аскер базасына алып келинген. Ал алгач базадагы аскер кызматкерлери үчүн колдонулмакчы.

АТАЛЫШЫ "ЖЕҢИШ" ДЕГЕНДИ ТҮШҮНДҮРӨТ

Спутник V – “victory” сөзүнөн алынып, “жеңиш” дегенди түшүндүрөт. Спутник V – бул вакцинанын соода маркасы. Чыгарылгандагы аталышы – Гам-Ковид Вак. Вакцина 1957-жылы космоско учурулуп, космосту изилдөөгө жаңы импульс берген "Спутник-1" аттуу спутниктин атынан коюлган.

Вакцина Орусиянын академиги Н.Ф.Гамалеи атындагы Эпидемиологиялык жана микробиологиялык изилдөө борбору тарабынан 2020-жылы чыгарылды. Аталган борбор вирустардын уникалдуу коллекциясына ээ жана вакцина чыгаруу боюнча өзүнүн линиясы бар.

Вакцина Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылы 11-августта каттоодон өткөн. Вакцина клиникалык жактан сыноо башталганга чейин таасирдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча клиникага чейинки бардык стадияларды басып өттү. Эксперименттер түрдүү лабораториялык жаныбарларда жана маймылдардын 2 түрүндө жүргүзүлгөн. Вакцинанын биринчи жана экинчи клиникалык фазасы 2020-жылдын 1-августунда аяктаган. Расмий маалыматка таянсак, өз эрки менен вакцинаны сыноодон өткөрүүгө катышкандарда олуттуу жана күтүлбөгөн көрүнүштөр катталган эмес.

Вакцина катталгандан кийин клиникалык изилдөөдөн өткөрүү үчүн Москвадагы сыноого 40 миңден ашуун адам өз эрки менен катышкан. Мындай сыноо Беларуста 2020-жылдын 25-августунда башталган. Вакцинаны сыноодон өткөрүп, изилдөөгө Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Венесуэла, Египет, Бразилия да кошулган.

Вакцинанын клиникалык жактан сыноонун үчүнчү фазасы 2020-жылы 26-августта Москвада башталган. Өз каалоосу менен вакцинаны сыноодон өткөрүүгө 18 миңден ашык адам катышып, вакцинанын таасирдүүлүгү 95 пайыз деп бааланды.

ВАКЦИНАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

Спутник V – эки компоненттүү вектордук вакцина. Вакцина коронавирусту камтыбайт.

Москвада 2020-жылдын 5-декабрынан, ал эми Орусиянын калган аймактарында бекер эмдөө 10-декабрдан башталган.

Вакцина менен 18 жаштан жогоркулар эмделет. Иштеген жумушу, кесиби боюнча коронавирусту жуктуруу коркунучу жогору болгон кызматкерлер, медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер алгачкылардан болуп эмделет. Эмдөө 2 жолу, ортодо 3 апталык интервал менен жүргүзүлөт.

Спутник V эки түрдүү чыгарылат:

Тоңдурулган (суюк, сактоо шарты -18 градустан төмөн) жана порошок (сактоо шарты +2ден +8 градуска чейин) түрүндө. Экинчи түрү сактоого жана ташууга ыңгайлуу. Бирок биринчи түрүнүн баасы арзаныраак экени айтылды. Ошондуктан жалпы элди эмдөөгө тоңдурулган түрү тандалып алынышы мүмкүн.

2020-жылдын декабрь айындагы маалыматтар боюнча 50дөн ашык өлкө 1,2 миллиард доза вакцина алууга Орусияга буйуртма берген. 2020-жылдын ноябрында РФПИ (Орусиянын түз инвестициялык фонду) вакцинанын баасы 10 АКШ долларынан арзаныраак деп билдирген.

2021-жылдын 25-январынан баштап алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча Бразилияда Спутник V вакцинасы өндүрүлө баштады, Индияда 2021-жылы 30 миллиондон ашык доза чыгарылмакчы. Башка өлкөлөрдө да өндүрүү маселеси каралган.

РФПИнин башчысы Дмитриев 2021-жылдын мартынан тартып айына Орусияда жана чет өлкөлөрдө болуп жалпысынан 30 миллион Спутник V вакцинасы чыгарылып каларын айткан.

ВАКЦИНА КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Вакцинаны түзүүчүлөр курч кармаган коронардык синдром оорусу барлар, акыркы бир жылда инсульт алгандар, кургак учук, жаңы өсүндүсү (рак) барлар, B жана C гепатити менен ооругандар, сифилис, ВИЧ,
ОРВИ менен ооруп жаткандар, эмдөө жүргүзүлгөнгө чейин 2 апта мурун ОРВИ менен ооруп айыккандар, акыркы айда башка эмдөө түрүн алгандарга болбойт деп билдиришет. Аллергиясы барлар оорусу курчубай, кармабай турган учурда алуулары мүмкүн. Вакцинанын компоненттеринин бирине аллергиясы барларга да сайылбайт. Ошондуктан компоненттери менен тыкыр таанышуу маанилүү. Курч кармаган инфекциялык жана инфекциялык эмес оору менен ооруп жаткандарга, өнөкөт оорусу кармагандарга толук айыккыча эмдөө артка жылдырылат. Кош бойлууларга, жашы 18ге толо электерге болбойт.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцинанын күтүлүүчү терс таасирлери тууралуу толук маалымат жок болгондуктан вакцина аутоиммундук оорусу барларга (миозит, ревматоиддик артрит жана башка) коркунуч туудурушу мүмкүн дейт.

Вакцина сайылардан мурда бейтап врачтын тек­шерүүсүнөн өтүүсү керек. Укол ийинге, ийин­ге мүмкүн болбосо жоон санга сайылат. Эмдөө алгандан кийин адам 30 мүнөт дарыгердин көзөмөлүндө болушу зарыл.

Экинчи доза 21 күндөн кийин сайылат.

Эмделгенден кийин сайылган жерди тырмабоо керек. Дүүлүгүү, кычышуу болушу мүмкүн. Азыраак чыйрыгуу, көңүл айлануу, муундарда оорутуу да болуусу ыктымал. Эмделген соң бир сутка сауна, мончого барбоо сунушталат. Айтылгандар дене табынын көтөрүлүшүн шарттайт. Спорт менен алектенбей, кара жумуш жасабай туруу эскертилет. Эмдөөдөн кийин дене табы көтөрүлсө бул организмдин кадимки реакциясы.

Эмдөөдөн кийин бир нече күнгө чейин адамдын дене табынын көтөрүлүшү, башынын оорушу, сасык тумоо менен ооругандай абал сезилиши да ыктымал. Аллергиянын жаралуусу мүмкүн. Эгер аталган симптомдор күчөсө же башка маселе жаралса дарыгерге кайрылуу же “Тез жардам” чакыруу кажет. Ошондой эле кандын сары суусунда креатинфосфокиназдын деңгээли жогорулоосу ыктымал.

Аргентина бийлиги жакында Спутник V вакцинасы тууралуу сөзүндө "Эмделген адам үйүнө баргандан кийин 2 саат ичинде эмдөөнүн терс таасирин сезсе, эмдөө жүргүзгөн мекемеге чалып билдирүүсү керек. Мисалы, калтырап-титирөө, бөйрөктүн сезгенүүсү болушу мүмкүн",- деп билдирген.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги элди коронавируска каршы эмдөө мажбур жасалбай турганын, эмдөө алабы же албайбы жарандын өз эркиндеги иш экенин жарыялады.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ulan73
2021-02-01 10:13:12
Сентябрда дагы вакцина берилди эле кош бойлууларга жана 65 жаштан ашкандарга. Ал кайсыга каршы берилди супер кж же билгендер болсо тактап бергиле.
0
Luna7
2021-02-01 11:32:32
ulan73,ал вакцина гриппке каршы берилген
0
Nemo_0587
2021-02-06 00:42:09
Лично мен албайм бул вакцинаны, каалагандар ала беришсин, үй бүлөмө дагы алдырбайм.
0
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан