АРИС АТКАРГАН АРБЫН ИШТЕР

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) жетектеген «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» (МЧРӨ-2) долбоору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иш алып барууда. Долбоордун максаты – бул облустардагы жергиликтүү жамааттардын экономикалык жактан өсүшүнө, жакырчылыкты жоюуга өбөлгө болуу.

Долбоор төрт компоненттен туруп: Ош облусунда – 88, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 34, жалпысынан 189 жайыт комитеттери менен иш жүргүзүп келүүдө. Долбоордун жалпы бюджети 39 миллион долларды түзөт. Анын ичинен жергиликтүү коомчулуктун жайыт комитеттеринин салымы катары 7,5 миллион доллардан ашык каражат каралган. Долбоордун алкагында 500дөн ашык айыл чарба техникалары: тоют камдоо шаймандары, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасиринде калган объектилерди калыбына келтирүүчү атайын техникалар алынган. Жайыттарды кеңейтүү, климатка ыңгайлашуу, көчүп-конуу, малды эс алдырууга шарт түзүүнү максат кылган 600дөн ашык кичи долбоорлор ишке ашырылууда. Учурда ар бир жайыт комитеттери, жайыт пайдалануучулар бирикмелери, жайыттарды башкаруу жана мал чарбачылыгын жакшыртуу боюнча атайын орто мөөнөттүү пландарды түзүшүп, мунун негизинде иш алып барышууда. АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоору аткарган арбын иштеринин бир нечесине токтололу.

Ош облусу боюнча жалпы 88 жайыт комитети бар. Мында 470тен ашык кичи долбоорлор иштеп, дээрлик баары ишке ашты. Басымдуу бөлүгү жайыттарды жакшыртуу, инвестициялоо, социалдык деңгээлди көтөрүүгө багытталды. Мал чарбасы калктын негизги жашоо өзөгүн түзгөндүктөн, мал арасындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында ветеринариялык абалды жакшыртуу болду.

Долбоор Ноокат району боюн­ча 15 жайыт комитетин кам­тыган. Алардын катарында "Бел" жайыт пайдалануучулар бирикмеси бар. Долбоордун алкагында жайыт пайдалануучулар комитетине көчмө жүн кыркын пункту уюштурулду, Суук-Булак жана Чукур-Карын булактарына мал суу ичүүчү жайларды курду. Амкодор-702ЕА үлгүсүндөгү экскаватор-погрузчик сатып алынды. Ветеринардык жана айыл чарбасы боюнча кеңеш берүү борбору ачылып, анда агроветеринардык дарыкана иштөөдө. Борбордо мал ооруларына каршы дары-дармектер, мөмө-жемиш, бак-дарактарга керектелүүчү дарылар да сатылууда. Бел айыл аймагында айымдардын “Килемчилер” ишкер тобу ачылган. Ишкер айымдар учурда килем согуп, ийгиликтүү иштеп, АРИС менен активдүү кызматташып жатышат.

Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылы 1928-жылы негизделген. Райондун борборунан 30 чакырым, облус борборунан 75 чакырым алыста турат. Деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкандыктан, кар калың түшүп, өтө суук болот. Бирок жайыты кенен, облуска жакын бир топ айыл аймактарын ушул айыл тоют менен камсыздап берет. Аймакта АРИСтин МЧРӨ-2 долбоору башталгандан бери иш жандана түштү. Ар бир ветеринарга 106 миң сомдук, керек-жарак шаймандары, жабдуулар, бирден мотоцикл алынып берилди. МТЗ атайын техникасы алынды, кыркын пункту, ветсервис, күнөскана курулду.

Жалал-Абад облусу боюнча 67 жайыт комитети бар. Облус боюнча 328 долбоор ишке ашырылып, дээрлик бардыгы аягына чыгып келе жатат. Облус аймагындагы жайыттардын абалын жакшыртуу үчүн 228 даана атайын техникалар алынып, 25 көпүрө курулду. Ветсервистер уюштурулду. Жолдор оңдолуп, жаңылары салынды. АРИСтин МЧРӨ-2 долбоору жайыттарга тиешелүү узак жылдар бою унутта калган маселелерди жөнгө салды, жакшы иштерди жасады.

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн жашоочулары АРИСтин жасаган иштерине ыраазы. Курук-Сай тилкесиндеги мал дарылоочу жана купкага салуучу жай бир эле мезгилде үч милдетти: мал дарылоону, купкага салууну, жүн кыркууну аткара алат. Мындай жайдан аймакта экөө курулду. Ошондой эле ветеринардык борбор курулуп, эки мал доктурга мотоцикл берилди. Райондун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн көпүрөсү жазгы жаан-чачындын айынан бузулуп калган. Объектти курууга 1 миллион 200 миң сомду АРИС долбоор аркылуу бөлүп берип, жергиликтүү эл өзү да салым кошуп азыркы мезгилде стандартка ылайык жаңы көпүрө салынды. Көпүрө бир гана Таш-Булактын жашоочуларына эмес, Барпы, Ырыс, Атабеков айыл өкмөттөрүнүн эли үчүн да кызмат кыла баштады. Ушул эле Барпы айыл өкмөтүнө караштуу уз-чеберлер өнөрканасы 2007-жылы ачылган. Алгач АРИСтин окутууларынан өтүп, ондон он бешке чейинки айылдын уз-чебер айым-кыздарынын башы биригип, ушул уюмду ишке киргизишкен. Уздардын өнөрүн колдоо максатында АРИС тарабынан 1000 доллар көмөк көрсөтүлгөн. Чебер кыз-келиндер курак куроо, улуттук кийиз, туш кийиз, калпак, кийим-кечелерди жасашат. Ушул тапта кардарлары дээрлик чет өлкөлөрдөн келген туристтер болууда.

АРИСтин МЧРӨ-2 долбоорунун ырааттуу жана натыйжалуу иштеринин жыйынтыгында өлкөбүздүн берекеси төгүлгөн түштүк аймагында жогорудагыдай мыкты, алгылыктуу иштер жасалып отурат. Долбоор аягына чыкканча эли-журтубузга көптөгөн пайдалуу жумуштарды жасайт деген изги тилектебиз. Себеби долбоор өзүнүн өнүктүрүү максаты аркылуу: Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын климаттык шарттарына жараша жергиликтүү жамааттын туруктуулугун камсыздоону, мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен малчылардын кирешелерин көбөйтүү аркылуу жакырчылыкты жоюуну жана айылдык жамааттардын экономикалык жактан өсүшүнө салым кошууну көздөгөн. Долбоор гендердик теңчиликти дагы четте калтырбай, ар бир кабыл алуучу чечимдерде аял-эркектин үнүн бирдей укканга жана эске алууга шарт түзүп келүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан