КЫЗМАТ АКЫ ДОЛБООРУ

«Айыл Банк» өзүнүн кардарларына көп ыңгайсыздыктардан куткарууга жардам берген «Элкарт» улуттук төлөм картасын пайдалануу менен кызмат акы долбоорун сунуштайт.

«Элкарт» картасын пайдалануу менен Сиз кызматкерлерге, ар кандай төлөмдөргө байланышкан көп көйгөйлөрдөн кутуласыз.

«Элкарт» – бул кызмат акыны алуу үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу жол.

«Элкарт» төлөм картасынын артыкчылыктары:

• кызмат акыны берүү менен байланышкан чыгашаларды кыскартуу (каражаттарды инкассирлөө, берүү, сактоо, депонирлөө);

• кассирлерге төлөнүүчү чыгашаларды кыскартуу;

• эсепчилердин иш убактысын үнөмдөө;

• кызмат акыны берүүдө кезек күтүүнүн жоктугу;

• кызматкердин кызмат акы өлчөмүнүн конфиденциалдуулугунун сакталышы;

• эсептеги акча каражаттарынын күнү-түнү жеткиликтүүлүгү.

«Элкарт» картасы соода-тейлөө ишканаларында товарларга жана тейлөө кызматтарына төлөө үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акчаларды берүү пункттарында жана банкоматтарда накталай акча каражаттарын алуу үчүн дайындалган. Элкартты тейлеген бардык түйүндөр Элкарт логотиби чапталып белгиленген.

ЭМГЕК АКЫНЫН ЭСЕБИНЕН ОВЕРДРАФТ

«Айыл Банк» ААКсы өз кардарларына акча каражатына болгон убактылуу муктаждыкты тез арада чечип берүүнүн эң эле ыңгайлуу ыкмасы – ОВЕРДРАФТ шартын сунуштайт.

Овердрафт – бул карыз алуучуга карта эсебиндеги суммадан көбүрөөк каражат сарптоого мүмкүнчүлүк берген насыялоо формасы.

Овердрафттын артыкчылыктары:

- овердрафт кеңири колдонулуп келген башка кредиттерден айырмаланып бир гана жолу таризделет жана ал боюнча макулдашылган мөөнөткө кредиттик түзмөк ачылат;

- күрөө талап кылынбайт;

- кредиттик ресурстан каалаган учурда пайдаланып турууга болот;

- пайыздар овердрафт боюнча белгиленген лимитти колдонгон учурда гана чегерилет;

- банктагы карт эсебине айлык орточо түшүүлөр арткан шартта лимитти кайрадан кароо мүмкүнчүлүгү.

Овердрафттан пайдалануу шарттары:

Овердрафт суммасы эмгек акынын 70%ын түзөт.

Овердрафт үчүн пайыздык чен – айына болгону 2%.

www.ab.kg office@ab.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан