Дастан Жапар уулу, режиссёр: “28 ЖАШЫМДА АКАДЕМИК БОЛДУМ”

“Атанын керээзи”, “Акыркы көч” тасмаларын тарткан таланттуу режиссёр Дастан Жапар уулу 28 жашында академик болгонун эч ким билбесе керек. Дастан өзүнүн ийгиликтерин жарыялап айтканды жактырбайт экен. Ал шоумен, актёр Актан Рыскелдиевдин агасы. Жүрөгү бош. Айтор, кызыктуу адам...

– Дастан, салам! Куттуктайбыз, жаңы тасмаң ийгиликтерди багындырып жатыптыр...

– “Акыркы көч” тасмабызды фестивалдарга жиберип жатабыз. Жакында Бангладеште өткөн “Дакка” кинофестивалында “Эң мыкты тасма” наамын жеңип алдык. Биз үчүн жакшы жышаан болуп жатат. Анткени биринчи ийгилигибиз баш байге менен башталды. “Атанын керээзи” тасмабыз эл аралык фестивалдардан 23 сыйлык алды, анын ичинен тогузу баш байге. “Азия-Тынч океан” киноакадемиясында Азиянын 5 мыкты тасмасынын катарына киргенбиз. Сценарийдин автору катары Бакыт байке (ред.: режиссёр Бакыт Мукул), мен ошол академиянын мүчөсү болдук. Башкача айтканда, академик болдук. Мен үчүн бул жашта академик болуу эң чоң ийгилик. Эл аралык фестивалдарда жеңсек да, жеңбесек да кыргыз деген атты дүйнө жүзүнө жайылтууга салым кошуп жатабыз.

– Кинодо жаңы адамсыңар. Бирок чоң ийгиликтерди жаратып жатканыңардын сыры эмнеде?

– Жок, биз кинодо жаңы эмеспиз. Бул тармакта Бакыт байке экөөбүз тең көп жылдан бери жүрөбүз. Менин операторлук билимим бар. Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмасында ассистент, “Кумар” тасмасында оператор болдум, киностудияда көп жыл иштедим. Бакыт байке да кино жана театр жаатында көп жылдан бери эмгектенип келет. Мындай айтканда, биз кечээ эле келе калып, кино тартып, ийгиликке жетишип жаткан жокпуз. Бул көп жылдык эмгектин натыйжасы. Дагы бир сырыбыз – экөөбүз сценарийди ийне-жибине чейин талкуулайбыз, ар бир эпизодду түрдүү вариантта ойлонуп, анализдеп иштейбиз. Анан өжөрбүз. Мисалы, сиз айткандай, “бул экөө жаңы” дегенсип кино жаатына бизди жолоткулары келбей, бут тосуулар көп болду. “Атанын керээзи” тасмасынын сценарийин жазып келип, көркөм кеңешке салсак өтүп кетти. Анан “ким тартат?” деген маселе болду. Анткени экөөбүздүн тең режиссёрлук билимибиз жок эле. “Мыкты сценарий жазыптырсыңар, бирок башка режиссёрго берели” дешти. Макул болгон жокпуз. Анткени өзүбүз көрүп, сезип жаткан нерсени башка бирөө сезе албашы мүмкүн. Көркөм кеңештен өткөндөн кийин дароо акча бөлүнүшү керек эле. Ошол шылтоо менен бир жарым жылдан ашык акча бөлүнгөн жок. Кинобуз тартылып, ийгиликтерге жетишкенден кийин гана ал чөйрө бизди кабыл алды.

– Операторлук кесипти жактырганың үчүн окудуң беле же кокустукпу?

– Атамды ээрчий Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетине тапшырганы барганда көзүм дароо режиссёрлук бөлүмгө түштү. Ошону эле тиктеп туруп алдым. Атам “ошого тапшырасыңбы?” деди, “ооба” дедим. Молдосейит Мамбетакунов агай атам менен жолугуп сүйлөшүп калды. “Кино операторлук кесипке тапшырсын, жакшы тартканды билип алса режиссёр болуп кетиши бат эле” деди. Ошентип операторлукка окуп калдым. Туура эле чечим болгон экен, оператор жана режиссёр болдум. Оператор катары эки чоң кино тарттым. Кийин өзүбүздүн кинобуз чыкканда башка режиссёрлор операторлукка көп чакырбай калышты. Анткени мени режиссёр катары көрүп, көз караштар туура келбей калбасын деп ойлошот окшойт. Сценарий жазып, режиссёрлукка ыктаган сайын операторлук көз караш унутула баштайт экен. Экөөнү тең ала жүрүү үчүн экинчи тасмабызга өзүм оператор болдум.

– Иниң Актан дагы чыгармачыл чөйрөдө эмгектенип келет. Ата-энеңер кайсы кесиптин ээлери?

– Ата-энем экөө тең мугалим, апам математика сабагын, атам сүрөт сабагын окутчу. Кичинебизден эле чыгармачылыкка шыктандыра турган нерселерди үйрөтүштү. Акварель, батман дегендер жетишсиз кезде атам аларды сатып келип, сүрөт тарттырчу. Иним экөөбүз ушундай чоңойдук. 3 бир тууганбыз, карындашымдын кесиби чыгармачылыктан алыс. 8-класстан кийин үй-бүлөбүз менен Нарындан борборго көчүп келдик.

– Актан экөөңөрдүн окшош жактарыңар барбы?

– Өжөрлүгүбүз окшош, оюбуздагыны жасайбыз. Кичине кезибизде ошол үчүн көп урушчу элек. Ал өзүнүкүн , мен өзүмдүкүн берчү эмесмин.Тайманбай өжөрлөнүп туруп алабыз. Бирок мүнөзүбүз эки башка. Анын мүнөзү жаркыраган жай болсо, мен Түндүк муз океанымын (күлүп). Ал элдин алдында жадырап-жайнап, шайыр- шатман жүрөт. Мен өзүмдүн дүйнөмдө жашаган түнт адаммын.

– Ал үй-бүлөлүү, сен бойдок дегендей, ээ? Жүрөк бошпу?

– Бош эле (күлүп). Кыздар менен сүйлөшүп мамиле куруп баштасам бир долбоор чыгып калат. Кыздар “аныңды бүтүрүп ал” деп күтүп турбайт, мамиле сууп кетет. Ошентип 32 жашка келип калдым.

– Ийгилик эрте келгенде же капысынан келгенде көтөрө албай калат деп айтышат. Сенде кандай болду?

– Мүнөзүм токтоо болгону үчүн ийгиликке токтоолук менен карадым. Кылып жаткан ишиме, жашоомо өтө сын көз караш менен карайм. 28 жашымда эң жаш академик мен болдум. Тасмабыз “А” классындагы эң абройлуу байгелерди утуп жатты. Сыймыктандым, бирок мурунку боюнча калдым. Баракчама деле факт катары эле жазып коём. “Бизге эл туруп алып 15 мүнөт тынбай кол чапты” дегендей нерселерди жазбайм, ашыкча көрөм. Бул менин жумушум. Өтө деле белгилүү болгум келбейт, коомдук транспортто көп жүрөм, каалаган жагыма барам дегендей.

– “Оскарды” алдың дейли, анда деле ушул мүнөзүңдө каласыңбы?

– Өзгөрбөсөм керек. “Оскардан” да чоң нерселерди жасагым келет. Жылдыз болуп кетсең чыгармачылык токтоп калат. Анализдеп көрсөм, наам алгандардын чыгармачылыгы кадимкидей токтоп калат экен. Андан көрө эл аралык сыйлыктарды алуу мага стимул болот.

– Анда сенден “Оскар” күтөбүз. Маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан