ТӨКМӨ АКЫНДАР ӨЛКӨНҮ КЫДЫРЫП КОНЦЕРТ БЕРЕТ

Төкмө акындар өлкөнүн жети облусун кыдырып концерт берет. Бул тууралуу акын Баян Акматов буларды билдирди:

– Февраль айынан баштап аймактарды кыдырып, элдин көңүлүн ачып концерт коёлу деп жатабыз. Алгач Ысык-Көл, Нарын облустарынан баштаганы турабыз. Мүмкүнчүлүк болсо, өлкөнүн булуң-бурчундагы айылдарга баруу ниетибиз бар. Пандемиядагы жоготуулар, өлкөдө болуп өткөн саясий окуялар элди кайгыга чөктүрүп койду. Биздин башкы максатыбыз – капаланган карапайым элдин жарпын жазып, көңүлүн көтөрүү. Мындай учурда маданият адамдары уктап жатып алсак туура болбой калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан