(Башы өткөн сандарда)
Саша Тилек менен Сабина жарашып алсын деди. Көлдөн келе жаткан 5 сааттык убакытта эмнегедир жигит ага жакын боло түшкөндөй. Аскарды ээрчитип чыгып кетти.
– Биз эмне жөө кетебизби?- унаасына жакындабай эле, дарбазадан чыгып бараткан Сашага кайрылды Аскар.
– Ооба... Маршрутка менен эле жүрөбүз.
– Биз анда тигинин маршрутун кантип тактайбыз? Килейген жол тандабастын артынан жөө жүгүрүп аңды деген турасыңбы?
– Аскар?
– Эмне?
– Сенин эмнеге ызылдап жатканыңды билем. Аныгында ал жигиттин маршруту так экенин билип эле турасың. Болгону ошону өз көзүбүз менен көрүп коюшубуз керек. Сен Саби тиги жигит менен калганына ичиң тызылдап жатат...
– Анысы бар... Саша, кызганыч деген эмне экенин билесиң да?
– Сен Сабиге жолобо! Ал эми гана бактылуу болуп баштады. Чындап жакшы көрсөң бактылуу кылып койчу. Тиги жигит менен өлкөдөн качып кетсин.
– Ээх, досум, ичимдеги өрт-жалынды билсең го... Мейли, сен айткандай эле болсо тирүүлөй өрттөлүүгө деле даярмын.
– Аскар, экөөбүз картайган зектербиз. Бир бутубуз көрдө турат. Сен дагы, мен дагы Сабиге бере ала турган нерсе – бул эркиндик гана.
Сөз ошону менен бүттү. Эки чал үн-сөзсүз гана ээрчише жөнөштү.
ххх
Совет көчөсүнүн тоону карай кеткен тарабында Аскар жолдон көзүн албай бирөөнү күткөндөй тиктеп турат. 15 мүнөт мурун ага Саша чалып өздөрү билген жол тандабас кеңседен чыгып кеткенин айткан эле.
Аз өтпөй баягы жол тандабас шуу эте артынан шамал уюлгута өтүп кетти.
– Таак... 19:48,- Аскар колундагы эски блокнотко ошондой эле эски карандаш менен убакытты чиймеледи.
Дагы бир аздан кийин такси менен Саша келди.
– Ээ, кандай, досум?
– Жакшы. Жашарып алгансың го, оңбогон?!- айдоочунун көзүнчө эки чал бири-бирин тааныбагандай учурашып, сүйлөшүп башташты.
– Тиги эмне дейт?
– Ушул өйдө жакта байлар жашаган айыл бар дейт. Баласы ошол жактан үй алыптыр. Ошого келгиле деди. Сен билесиңби ал айылды? Сага жакын окшойт.
– Жо-ок. Мына бул жигит билем деп айдап келе жатабы?
– Ии...
Байлар жашаган айылдын кире беришинде блокпост турат. Экөө таксиден ага жетпей эле жөө киребиз деп түшүп алышты. Кароолчулар отурчу кичинекей будкага 10-15 кадам калганда Аскар да туруп калды.
Саша моюнун созо айнек будканын ичин карап, кароолчу жигит бир бутун столго асып телефон тиктеп отурганын көрдү.
– Ай, балам, Кемел дегенди тааныйсыңбы? Ушул жакта жашайм деди эле? Телефонум өчүп калып, алдастап таппай калдым. Конокко келе жаткам.
– Кемел? Андай адамды тааныбайм. Ушул жакта дедиби точно?- кароолчу сөзгө алаксып баштаары менен Саша Аскарга колу менен белги берди.
– Ооба. Номерин айтайын, чалып сурачы? Кулагым да телефонду укпайт...
Кароолчу номерди терип, кийин чалууну күтүп жатканда Аскар шыбырт алдырбай Сашанын жанына, кароолчу айнектен көрбөгүдөй жерге эңкейип жетип келди.
– Алло... Алло!
Дал ушул учурда Саша Аскарга “жөнө” деген белги берди. Кароолчу эч нерсени байкаган жок. Аскар шып эте кирип кетти.
– А тиги камераларың ичиндеги маалыматты канча сактайт? Биз дагы ушундай койсокпу деп жаттык эле дачага?
– Бул бир жума сактайт. Ичинде ар бир үйгө коюлган, алардыкы көбүрөөк.
– Аа...
Минтип сүйлөшкөнчө эле Аскар тиги блокпосттун ары жагынан келип калды.
– Ээй, сен келдим деп айтпайсыңбы?
– Ой, телефон өчүп...
Эки чал жаңы көрүшкөн адамдардай учурашып, бири-бирин далыга таптамыш болуп узап кетишти. Кароолчу кайра телефонуна үңүлө отуруп калды.
ххх
– Баягы айтылган эле үй экен. Сыртта биздин кардардын кичине кызы ойноп жүрүптүр. Унаа гаражда экен. Дарбазасын жаап коюптур,- Аскар ичте көргөндөрүн айтып келе жатты.
– Демек, маалымат так эле экен?
– Ооба. Ишти качан башташат?
– Биз азыр бир Жигули ала кетишибиз керек.
– Эмнеге?
– Милициянын унаасын жасайбыз...
– Жарайт,- Аскар алакандарын бири-бирине сүртүп шашкалактады. Эмнеси экени белгисиз, ушу бирөөнүн унаасын бузуп кирип, айдап качкандан ырахат алчу.
ххх
Тилек булардын кылгандарына таң калып бүтө элек. Кээде туруп өзү опер болуп иштеп жүргөндө чоң суммадагы акча, алтын табылбай калган учурлардын баарын ушулар жасаган окшойт деп да ойлоп кетет. Ананчы, эки чал ушунчалык кылдат экен.
Кайдан-жайдан таап келген күрөң Жигулини апакай кылып сырдашты. Капталдарына дал ушу Тилек түшүп жүрчү милициянын унаасындагыдай жазууларды келиштирип коюшту. Муну көргөн киши милициянын унаасы деп эле ойлойт.
ххх
Белгиленген күн акыры келди. Тапанчаларын тагынып, милициянын формасын кийип Тилек менен Сабина кеч күүгүмдө дарбазадан чыгып кетишти.
Чоң жолдорго түшүшкөн жок. Ичке, кичине көчөлөр менен гана жүрүп отурушту. Акыры белгиленген жерге келип токтошту.
– Ушул жерден өтөт...
– Абайлагын!- Тилек толкундангандай үнү дирилдеп сүйлөдү.
– Баары жакшы болот,- деди кыз жигиттин эриндеринен сүйүп. Акыркы жумада экөө жарашып алууга жетишишкен.
ххх
Ал күндөгүдөй эле жол менен баратты. Бир күнү бул жолдо, бир күнү тигил жолдо... Бир жума башка үйүндө, бир жума бөлөк үйүндө... Акчасы көбөйгөнү ушинтип жашап калган. Коопсуздук үчүн. Бүгүн тоо тараптагы байлардын айылындагы үйүнө баратат. Эми бул кыз кантет? Апей, тосуп жатабы? Формачан кыз кызыл жезлди көтөргөнүн байкады. Токтобой койсомчу? Саамга ушул ой кетти. Бирок тиги формачан кыз абдан жакшынакай экен... Эмнегедир эле тормоз басты...
– Таак, түшүнбөй калдым? Мен эреже буздумбу?- унаага жакындап келген кызга айнекти түшүрүп жатып сүйлөдү.
– Жок. Сиз менен таанышайын деп тостум... Тамаша. Көзүңүз жайнай түштү го... Текшерүү болуп жатат. Ушундай ак Жип уурдалыптыр.
– А мен ууруга окшошуп турамбы, ээ?- айдоочу күлдү.
– Байкеси, бул жумуш да, документиңизди карап коюшум керек... Токтосоңуз, сиз депутат белеңиз? Же окшоштуруп алдымбы?
– Кайдагы?- айдоочу дагы күлүп документтерин унаасынан издеп баштады. Кайда калды? Барсеткасында болсо керек...
– Байке, эшикти ачып көрсөңүз... Уурдалды деген Жиптин босогосунда бир аз бырыйган жери бар деп жатты эле.
– Оой, карындашым, кишини таза ууру кыласың го сен...- документтерин сунуп эшиктин босогосун көрсөтмөкчү болуп ачып жиберди. Андан аркысы анын шаштысын алды. Каалга ачылары менен кайдан-жайдан милиция формачан жигит эшикти катуу түртүп, тигини бет талаштыра согуп жиберди. “Стоять!” деп бакырды. Бул эмнеси? Газды басып айдап кетмекчи болду эле, арткы орундукка жанагы жакшынакай кыз отуруп калыптыр. Кара кушуна тапанча такап “жылсаң маңдайкы айнегиң булганат” деп жылмайып койду...
(Уландысы кийинки санда)