БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ОЮНДАР

Бул көңүлдүү оюндар ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты бекемдеп, баланын өзүнө болгон ишенимин арттырат.

1-2 ЖАШТАГЫ БАЛДАРГА

Түстүү сызык

Бул оюнга макарон же топчу колдонсоңуз болот. Түстүү же ак кагазга түз сызык, ийри сызык, айлана чийип алып, балаңызга үйрөткөнчө сызыктын үстүнө макарондорду тизиңиз. Биринчи түз сызыктан баштасаңыз, балаңыз оюндун максатын түшүнүп, сизди туурап тизип баштайт.

2-4 ЖАШТАГЫ БАЛДАРГА

Кана, тапчы?

Үйдөгү эле күрүч, буурчак, гречка, макарон сыяктуу азыктарды табактарга өз-өзүнчө салабыз. Балаңызга табактардагы азыктарды карматып көрүп, алардын аталышын, формасын айтыңыз. Кайсы азык экенин кайра сурасаңыз, кызыгуусу артып турган бала эстеп калганын айтып берет.

Оюндун экинчи кадамында балаңыздын көзүн таңып, жанагы азыктарды кармалатып көрүп, кайсы азык экенин таптырыңыз. Туура тапса кол чабуу менен кубаттап, мактап, таппай жатса сөздүн башкы тамгасын айтып жардам бериңиз.

БАРДЫК БАЛДАРГА

Түз кол

Жаш куракка карабай ойноого болот.

Бул кыймылдуу оюн балаңыздын көңүлүн бир жерге топтоого, багыт алууга жана аракетчил болууга үйрөтөт. Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу ойносо болот.

Оюнга чака жана кагаздан тоголоктолгон бир нече шарлар керек. Чаканы бөлмөнүн ортосуна коюп, ар ким жашына жараша аралыкка туруп, колуна алган кагаз шарларды ыргытып чакага түшүрүшү шарт. Түшпөй калса кайра алып келип, кайра ыргыта берет. Ар бир түшкөн шар үчүн балаңызга кол чаап, аны азамат деп сүрөп туруңуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан