КОСТЯ ЦЗЮ ТАШТАНДЫ КОРОЛУНА АЙЛАНАТ

Костя бир нече жылдан бери асфальт заводунун менчик ээси болуп келе жаткан эле. Эми Россиянын Ульяновск шаарынын чет жагындагы таштанды жайды ижарага алып, чоң масштабдуу иштерди баштады. Костянын бул багытта түзгөн “Экологиялык технологиялар борбору” аттуу фирмасы азыр полигонду толук курчап бүтүп, таштандыны сорттоп чыгаруучу комплекстин курулушуна киришти. Костя буга 1 миллион доллар бөлдү.
Костянын түпкү максаты кайра иштеп чыгаруучу завод да курдуруп, андан киреше таап туруу. Мындан сырткары анын планында таштандыны кайра иштетүүдөн газ өндүрүү, сатуу да бар. Долбоорду толук ишке ашыруу үчүн кеминде 6 миллион каражат керек. Костя болсо мынча суммадагы акчаны сарптоого даяр. Ошентип, эч кимдин иши жок 30 жылдан бери ээн жаткан таштанды жайда иш кызуу.
Бул таштанды жайды ижарага алып иштетүү идеясы Костяда Ульяновсктогу туугандарына барганында жаралган. Аталган шаардагы Костянын туугандары шаар четиндеги кароосуз жаткан таштанды жай жөнүндө сөз козгошкондо, Костя ошол таштанды жайды ижарага алса боло тургандыгын ичинен ойлоп калган. Ошентип, оюндагысын ишке ашырууга киришкен Костя рингдин гана королуна айланып кала бербестен, таштанды жайдын да королуна айланууга далалат кылууда.

БЭКХЕМ БЫРЫШТАРЫНАН АРЫЛЫП, ЖАШАРУУДА
Мадрид шаарынын “Реал” клубунун 32 жаштагы футболчусу Дэвид Бэкхем картаюунун алгачкы белгилери болгон бырыштарынан арылды.
Сырткы келбетке көңүл бурууда футболчу өзүнүн жубайы “Spice Girls” тобунун экс-солисткасы Викториядан кем калбайт. Өткөн аптада Дэвид элиталык косметикалык клиникалардын бирине баш багып, мимикалык бырыштарынан арылгысы келгенин айткан. Белгилүү пластикалык хирург Алекс Каридис: «Дэвиддин бетинде мимикалык бырыштар көп эле, эми болсо алар жок. Бырыштардан кутултуу үчүн биз “Ботокс” каражатын колдондук. Андан тышкары муруну менен оозунун ортосундагы бырышты жазуу үчүн терисинин алдына атайын затты киргиздик» дейт.
Кошумчалай кетчү нерсе, Дэвид жакында эле чачынын да өңүн өзгөртүп, боёгон болчу. Негизи, Дэвид өзү жана жубайы үчүн акча аябайт. Мисалы, өткөндө жубайынын 33 жашын белгилөөдө Дэвид 100 миң доллар жумшаган. Аялы экөө Парижге баруу үчүн жалдаган самолётко эле 50 миң доллар төлөгөн. Париждеги конок үйүндөгү люкс номер (бир түнгө) футболчудан 12 миң доллар чыгымды талап кылган.

ШЕВЧЕНКОНУН “ЧЕЛСИДЕН” КЕТИШИ КҮТҮЛҮҮДӨ
Англиянын “Челси” футбол клубунун оюнчусу Андрей Шевченкого клубдун кожоюну Роман Абрамович башка клубга өтүүгө уруксат берди. Шевченкону өз курамына ала турган клуб ал үчүн болжол менен 24 миллион доллар (25 миллион доллар тегерегинде) тө­лөө­сү керек. Маалыматтарга караганда Андрей кайра Италиянын “Милан” командасына өтүүсү мүмкүн.
“Челси” баасы келишсе грузин улутундагы коргоочу Каха Каладзени да сатууга даяр. “Челси” Шевченкону “Миландан” 2006-жылдын май айынын аягында 30 миллион фунт стерлингге сатып алган. Андрей аталган командада үстүбүздөгү сезондо 52 оюн өткөрүп, 14 гол киргизген. “Челси” Андрейдин ордуна Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Карлос Тевасты сатып алуусу мүмкүн деген маалымат бар.
Эскерте кетчү нерсе, Андрей Чемпиондор лигасынын финалында “Миландын ” курамында “Ливерпуль” командасына каршы ойнойт. Мындай сунушту ага Италиянын клубунун президенти Сильвио Берлускони өзү сунуштаган.

КУЗНЕЦОВА WTA РЕЙТИНГИНДЕ 2-ОРУНДА
Римде өткөн турнирдин финалчысы Светлана Кузнецова WTA рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. Ал эми кортко жаратынын айынан марттын акырынан бери чыга элек Мария Шарапованын рейтинги ылдый түшүп отуруп, 2-орундан 9-орунга жылып кетти.
Калган белгилүү теннисчилерден сөз кылсак Динара Сафина Римдеги турнирдин чейрек финалына чыкканына карабай мурунку 9-орундан 11-орунга түштү. Елена Демен­тьева WTA рейтингинен 13-орундан 14-орунга жылды.
Эркектерден Николай Давыденко Гамбургда өткөн турнирдин 3-айлампасында жеңилгендигине байланыштуу WTA рейтингинде 3төн 4-орунга түштү. Марат Сафиндин ысмы WTA рейтингинде өтө төмөн түшүп кеткен эле. Жакындан бери оюнчу ошол түшкөн аброюн көтөрүүнүн үстүндө. Тактап айтканда, 45-орундан 42-орунга чыга алды.
WTA рейтингинде 1-орунду Испаниялык Рафаэль Надаль ээлесе, 2-орун швейцариялык Роджер Федерерге таандык болду.
Россиялык теннисчилер эми алдыда Турцияда жана Францияда өтө турган турнирге катышмакчы.

ИБРАГИМОВ АМЕРИКАЛЫК БРИГГС МЕНЕН МУШТАШКА ДАЯРДАНУУДА
Россиялык супер оор салмактагы мушкер Султан Ибрагимов Дүйнө чемпиондугу титулу үчүн америкалык мушкер Шэннон Бриггс менен рингге чыгууга катуу даярдык көрүүдө. Мушташ 2-июнда Американын Атлантик-Ситисинде өтөт.
Ибрагимовдун менеджери Борис Гринбергдин айтуусуна караганда, Султан күнүгө 2-3 маал машыгууда. Бою 2 метр, салмагы 120 килограмм келген Бриггс менен таймашуу албетте, чыныгы машыгууну талап кылаарлыгы анык. Гринберг: «Мушташ 12 раундга чейин созулбайт деп күтүүдөбүз. Бирок, мушташ катуу, чыңалган түрдө өтөт деп айта аламын. Менимче экөө­нүн бири нокаут менен утуусу мүмкүн»,- дейт. Султан профрингге 20­ ирет чыгып, баарысын уткан. Анын ичинде 17син нокаут менен жең­­ген.

ТОПАЛОВ СУПЕРТУРНИРДИН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ
Болгариянын борбору Софияда өткөн шахмат боюнча M-Tel Masters супертурнирде дүйнөнүн эск-чемпиону Веселин Топалов жеңүүчү болуп табылды.
Өз жергесинде өткөн мелдештин акыркы турунда Топалов индиялык шахматчы Кришнан Сашикиранды жарым упай­га артка калтырып, M-Tel Mas­ters турниринин ушуну менен 3-ирет жеңүүчүсү болуп калды. Че­чүүчү турда Нисипяну ((Румыния) менен Мамедьяровдун (Азербайджан), Адамс (Англия) менен Камскийдин (АКШ) партиялары тең чыгуулар менен аяктады.
Жыйынтыгы: Топалов-5,5. 2-5. Сашикиран, Мамедьяров, Камский, Нисипяну - 5. 6. Адамс - 4,5.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан