БАЙЗАК – КОҢУР ҮНДҮҮ ЖАШ ЫРЧЫ

Интернет желесине сөзү, обону төкмө акын Замирбек Үсөнбаевге таандык “Кечирип кой” ырын коңур үн менен созуп жаткан өспүрүм бала тартылган видео тарап, анын талантына суктанып, колдоп чыккандар көбөйдү. Элдин алкоосуна арзып, сүймөнчүк болуп жаткан 13 жаштагы Байзак Кубанычбек уулу менен байланышып, маек курдук.

– Байзак, кандайсың? Алгач өзүңдү тааныштыра кетсең.

– Саламатсызбы? Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Беш-Терек айылынан болом. Үйдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Учурда 8-класста окуйм.

– Интернет жылдызы болом деп ойлодуң беле? Кандай сезимдер болуп жатат?

– Ойлогон эмесмин. Өзүмдү жылдыз сезбесем дагы, интернет баракчаларынан ырдап жатканымды көрүп толкундандым. Жакшы каалоо-тилектерин жазгандарга сыймыктанып, рахматымды айтып жатам.

– Кайсы ырчылардын ырлары жагат?

– 5 жашымдан баштап ырдаганга кызыгам. Көбүнчө эски ырларды ырдайм. Рыспай Абдыкадыров, Зейнеп Шакеева сыяктуу ырчылардын ырларын аткарган жагат. Концерттерде, тойлордо ырдап калам. 2020-жылы обончу, композитор Муратбек Бегалиев уюштурган мектептер аралык райондогу сынакта 2-орунга ээ болгом. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдигин даңктайбыз” аттуу республикалык онлайн-фестивалда “Обондуу ырлар” номинациясы боюнча диплом алгам.

– Чыгармачылыктан башка дагы эмнелерге кызыгасың? Келечекте ким болгуң келет?

– Кыргыз тили жана адабияты сабактарын жакшы көрүп, кызыгып окуйм. Жаныбарларды жакшы көрөм. Үйдө атама жардам берем. Келечекте ырчы болгум келет.

– Ырчылыкты же окууну тандоо чечими болуп калса, кайсынысын тандайсың?

– Ырдап чыгам (күлүп).

– Кыялың орундалсын!

“ЫРДАГАНЫН УГУП ТАҢ КАЛДЫК”

Маекти улай Байзактын ата-энесин да кепке тарттык:

– Айсулуу айым, уулуңуздун таланты качан байкала баштады?

– Негизи балабыз бийлечү. Бир күнү “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” деген ырды ырдап жатканда атасы экөөбүз “жакшы ырдайт турбайбы” деп таң калдык. Кайра-кайра ырдатып көрүп, ырдаганга шыгы бар экенин байкадык.

– Байзактын талантына кандай колдоо көрсөтүп жатасыздар?

– Жакшы ырдаганын байкагандан бери колдоо көрсөтүп баштадык. Жумгал районунда балдардын музыкалык мектеби бар. Ошол жактан 3 жылдан бери вокалдан сабак алып жатат.

– Иштешүү сунушу түшүп жатабы?

– Интернетке уулум ырдап жаткан видео тарагандан бери мактап, колдогондор көбөйдү. Бишкекке алып баралы деп жатабыз. Ырчы Сыймык Бейшекеев “алып келгиле, колдоо көрсөтөлү. Жакында концерт берем, келип катышып берсин” деп сунуштады. Ырчы Кенже Көбөкова дагы “менин ырымды ырдаптыр. Рахмат. Ага белегим бар эле, жолуккум келет” деп жатат. “Баластан” көрсөтүүсүнө да чакырып жатышат. Буюрса, барабыз.

– Кубанычбек мырза, айтсаңыз, уулуңузду Бишкекке чакырып жатышат. Ырчылыкка олуттуу киришсе окуусу калып калбайбы?

– Чакыруулар көп болуп жаткандыктан Бишкекке жибергенге макул болуп жатабыз. Сабагынан суранып 2-3 күнгө шаарга барып келсе болот. Ырчы болом десе каршы эмесмин. Ата-эне баланын талантына колдоо көрсөтүшү керек. Бирок азыр биринчи кезекте окушу шарт. Чоң сахнага 9-класстан кийин чыгууга уруксат берем.

– Маегиңиздерге рахмат!

Гүлдана Мамадали кызы

 Кыстарылган видео 
Дасторкон үстүндө обон созуп, таланты баарын таң калтырган Байзактын маеги
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mahabat84
2021-02-09 10:29:43
Уккан сайын уккум келет го Азаматсың Байзак
0
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан