Бекболот Бактыбеков: “МЕКТЕП ЖЫЛ САЙЫН КӨГӨРҮП КЕТЕТ”

Өткөн жылы достору менен дюшес ичип, куйкум сүйлөгөн жеткинчектин видеосу интернет айдыңына тарап, ал элдин сүймөнчүк баласына айланган эле. Учурда 2-класста окуп жаткан Бекболот Бактыбеков жакында президент Садыр Жапаровго “эки кабаттуу мектеп салып бериңиз” деп видео кайрылуу жасады. Ысык-Көлдүн Балбай айылындагы мектеби көгөрүп кеткендиктен онлайн окууга мажбур болуп жатышканын билдирген. Биз кичинекей интернет жылдызы менен байланыштык.

– Бекболот, кандайсың? Президентке кайрылуу жолдоону өзүң эле ойлоп таптыңбы?

– Жакшы, рахмат. Өзүм эле тартып чыгардым. Көптөн бери ушинтип тартып чыгарайын деп жүргөм. Бул видеону жүктөгөнгө чейин Инстаграм баракчамда жүзгө жакын катталуучум бар болчу, азыр болсо 858ге жетип калды. Көргөндөр “жакшы, азамат” деп мактап, каалоо-тилектерин айтып жатышат. Мектептеги мугалимим болсо “ушундай видеолорду чыгарбай эле койчу” деди.

– Мектебиңерге эмне болуптур?

– Мен Түп районунун Балбай баатыр айылындагы Зина Мамбетсейитова атындагы №5 орто мектепте 2-класста окуйм. Окуйлу деп мектепке барсак, классыбыз көгөрүп кетиптир. Биздин мектеп жыл сайын ушинтип көгөрүп кетет. Быйыл да классыбыз көгөрүп кеткендиктен кайра онлайн окуп калдык. Ошон үчүн президент Садыр Жапаровго “бизге эки кабат жаңы мектеп салып беришсин” деп видео кайрылуу жасадым.

– Өзүң жөнүндө айтып берчи. Эмнелерге кызыгасың?

– Мен үйдө атам менен жашайм. Башка бир туугандарым жок. Апам каза болуп калган. Сабак окуганга кызыгам. Көбүнчө кыргыз тили, адабияты, мекен таануу, математика, адеп сабактарын кызыгып окуйм. Үй жыйнап, тамак жасап атама жардам берем. Картошка кууруйм, ашлянфу жасаганды дагы үйрөнүп калдым. Чоңойгондо актёр болом.

– Үнүң президентке жетип, талабың аткарылса дагы кайрылуу жасайсыңбы?

– Мектеп салынып калса, рахматымды айтам да.

– Инстаграм баракчаңа сүйлөшкөн кызың тууралуу айттың эле. Азыр да сүйлөшөсүңбү?

– Жакшы көргөн кызым бар болчу. Азыр аны менен сүйлөшпөйм. Жакында экөөбүз урушуп кеткенбиз. Себеби деле түшүнүксүз.

– Куйкум сүйлөгөндү кимден үйрөнгөнсүң?

– Эч кимден деле үйрөнбөйм. Аллахым үйрөтүп жатат ушинтип сүйлөгөнгө.

– Маегиңе рахмат! Тилектериң орундалсын!

“АПАСЫ КАЗА БОЛУП КАЛГАН”

Бекболот Бактыбековдун атасы Чолпонбек мырзанын айтымында, уулу үйдө да оюн ачык айтып, эч нерседен тартынбайт.

– Чолпонбек мырза, уулуңуздун социалдык тармакка жарыялаган видеолорун көрүп, көзөмөлдөп турасызбы?

– Көп көрбөйм. Кээде туура эмес видеолорду көргөн жокпу деп телефонун текшерип турам.

– Президентке кайрылуусун көрдүңүз да?

– Бала да эми, оюндагысын айтып койду. Онлайн окугусу келбей, мектепке баргысы келип айтты. Кээде айрым видеолорун өчүрүп турам. Азан айтканын жүктөп койгон экен, аны өчүрдүм. “Сүрөткө түшпө, видеолорду тартпай жүр” дейм. Ошол үчүн да мектепке чогулушка барып келдим. "Балдар телефонду көп кармабашы керек, оюндарга алаксып, сабактары калып жатат. Ошон үчүн оюңдагынын баарын видеого тартпа" деп түшүндүрөм.

– Бекболотту жалгыз тарбиялайт экенсиз. Ким болуп иштейсиз?

– Айылда унааларды оңдоп-түзөө, ширетүү иши менен алектенем. Уулума жалгыз камкордук кылып келем. Апасы каза болуп калган. Кыйналбай эле багып жатам. Кудайдын буйругу менен жашап келе жатабыз. Маңдайга жазганын көрөбүз.

– Уулуңуздун мүнөзү кандай?

– Уулумдун мүнөзү үйдө да, тышта да бирдей. Ачык, тартынбайт, куудулураак. Азыр кичинекей болгонго баарына кызыга берет. Көргөн кинолорду туурап актёр болуп кетет. Кээде “келечекте молдо аке болом” дейт.

– Анын талантын баалап, киного тарталы деген сунуштар түшсө каршылык көрсөтпөйсүзбү?

– Каршымын. Себеби азыр өтө эле жаш. Анан дагы биз дин жолундабыз, туура келбей калат. Былтыр “сүрөткө, “Тамашоуго” тартабыз, телевизорго чыгат” деген сунуштар түшкөндө дин жолундагы аалымдардан сурасак, “азыр эрте, бала жаш, көз тийиши мүмкүн. Чоңойгондо байкаштыргыла” дешкен. Ошондуктан макул болгон эмесмин.

– Маегиңизге рахмат!

Гүлдана Мамадали кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ika8086
2021-02-08 19:36:19
тыпылдаган тың бала экен.Жаман коздон,жаман создон алыс бол.Келечегин кең болсун.
-1
sabyr86
2021-02-08 20:52:13
Бала деген баладай,башы козу чарадай болот деп койчу эле илгери.
+3
Mahabat84
2021-02-09 15:27:23
Азаматсың Бекболот
-3
Mahabat84
2021-02-09 15:28:31
Инстаграм баракчасына ким деп кирет экен айтып коесунарбы?
0
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан