Адамдардын ач көздүгүн баяндаган «ПЕНТХАУС» сериалы тууралуу кызыктар

Батирде жашагандар “кичинекей бир бөлмө болсо да өз үйүм болсо” дейт, бир бөлмөлүү үйү барлар андан чоңураагын, чоң үйү барлар ак сарайды кыялданат эмеспи. Адамдын каалоосунда, кыялында чек жок. Азыр колуңда турган нерсеге топук кылбасаң, напсиңди тыйбасаң, баары тескерисине айланышы мүмкүн. “Пентхаус” дорамасында дал ушундай жакырлардын жана байлардын жашоосунун кагылышы баяндалат. Бүгүнкү макалабыз кызыктуу, популярдуу дорамалардын артынан кууп көргөн окурмандарыбыз үчүн арналат. Алдыда “Пентхаус” дорамасы тууралуу сөз кылабыз.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2020-2021

Канча сезон: 2. 1-сезондо 21 серия, 2-сезону февралдын аягында чыгат

Жанры: мелодрама, драма

Режиссёру: Чу Дон Мин

Сценаристи: Ким Сун Ок

Башкы ролдордо: Южин, Ким Со Ён, Ли Жи А, Пак Ын Сок, Ом Ки Жун, Ким Ён Дэ, Хан Жи Хён, Ким Хён Су жана башка

БАШКА СЕРИАЛДАРГА БИРИНЧИЛИКТИ БЕРГЕН ЖОК

2020-жылдын октябрь айында түштүк кореялык SBS каналы “Пентхаус” дорамасын экранга чыгарды. 1-сериядан эле дорама көпчүлүктү 2-сериясын сөзсүз көрүүгө жетелей турганы белгилүү болчу. 100 кабаттуу жомоктогудай кооз пентхаус. Пентхаустун саркеч кийинген, бай, абройлуу жашоочулары майрамдык кечеде көңүл ачып жатышат. Анан эле 47-кабаттан ылдый көздөй кулаган кыз... Айнектен көрүнгөндөй, кулап бараткан кыздын ага чейин эле запкы көргөнүн бети-башынын канга боёлгону далилдеп турат. Кыздын акыркы, жардам сураган, айласыз көз карашы... Демек, бардыгы жетиштүү, маселеси жок көрүнгөн үйдө адам өлүмүнө чейин жеткирген чоң сыр катылган. Ушул сырдын артынан кубалаган көрөрмандар дораманы 1-сериясынан акыркысына чейин жогорку рейтингде кармап турушту.

ҮЧ АЯЛДЫН ЖАШООСУНА БАЙЛАНГАН

Сеулдун байлар жашаган Каннам районунда жайгашкан “Гера” ак сарайынын жашоочулары коомдогу статусун, ордун, аброюн жоготуп албаш үчүн баарына даяр адамдар, керекпи адам өлтүрүүгө чейин... Сериал негизинен үч аялдын тегерегиндеги окуяларга, алардын жашоосуна байланыштуу.

1. Шим Су Рюн калган өмүрүн кызын, сүйүктүү адамын мыкаачылык менен өлтүрдү деген адамдардан өч алууга арнаган аял. Мурда үй-бүлөсүнө камкор, мээримдүү аял өч алуунун артынан жүрүп кантип өзү да мыкаачы адамга айланганын байкабай калат. Су Рюндун ролун аткарган актриса Ли Жи А дорама экранга чыга баштагандан тарта интернеттеги аты көп аталган, изделген актрисага айланган.

2. Чон Со Жин байдын кызы. Акчадан маселе жаралбаганы менен, “баарынан кыйын болушуң керек” деген психикалык басымдын алдында чоңойгон. Эми кызын да өзү көргөн тарбия менен тарбиялоодо. Чон Со Жиндин ролун аткарган актриса Ким Со Ён: “Күйөөңүз дорамадагы сиздин өбүшкөн эпизоддорду кандай кабыл алды?” деп көп сурашат. Жолдошум “кайсы серияларда өбүштүң, ошолорду көрбөй эле коёюн?” деген. 1-7-8 деп санайын десем, көпчүлүк серияларында андай эпизоддор бар экен да”,- деп жылмайып эскерет.

3. О Юн Хи тескерисинче кичинесинен жардылыктын азабынан жапа чегип келе жаткан аял. Канчалык мыкты окубасын, канчалык таланттуу болбосун акыр-аягы жеңиш байлардыкы болорун жон териси менен сезип, жашап келген. Эми анын оор тагдырын кызы кайталоодо. Эне кызынын келечеги үчүн күрөштү баштайт. Байлардын арасына кошулуу үчүн жакшыдан жаманга айланган О Юн Хинин ролун актриса Южин аткарган.

СЕРИАЛДАН КАНДАЙ САБАК АЛСА БОЛОТ?

1. Бийлик, байлык үчүн адамдар айбанга айланарын көрөсүз. Чынында эле айрым каармандарды карап туруп “ушул кантип адам болсун? Жырткыч...” деп жийиркенериңиз турган иш.

2. Ата-эненин тарбиясы бала үчүн канчалык маанилүү экенин байкайсыз. Тагыраагы, ата-эненин баскан-турганын, башкаларга болгон мамилесин көрүп бала түздөнөт же бузулат.

3. Бай менен кедей деген эки башка дүйнөнүн адамдарын көрөсүз. Кедейликтен жабыркаган, акчасы көп болсо эле бактылуу болом деген адамдар. Ошол эле учурда байлыгы ашып-ташса да бакыт таппаган адамдар.

4. Адилетсиздик. Сериалдын башынан аягына чейин эле айрым каармандардын жашоосундагы адилетсиздикке туш болосуз. Айрымдарын биздин өлкөдөгү окуяларга салыштырасың. Мектеп жашынан башталган зомбулук, алдуусу алсызын басмырлаган, сабаган заман. Бай, бийликтегилердин сөзү сүйлөнүп, иши жүрүшүп, чындык кошоматтын тепсендисинде калган заман.

5. Эки жүздүүлүк. Сериалдагы каармандардын баарын эле жаман дей албайсың. Кайсы бир учурда ар биринен сүйүү, мээрим байкалат. Карап туруп аларга бооруң ооруйт. Анан эле оюң алмашат. Боор оорутуп жаткан адам “экинчи жүзүн” кийип, терс жолдорго бара баштайт. Айтор, тасмадан сабак ала турган учурлар көп эле.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

1. Сериалдагы атактуу пианист жана врачтын кызы Ха Ын Бёль – 22 жаштагы актриса Чве Ё Биндин дебюттук ролу.

2. Дорамада роялда ойногон эпизод бар экенин билгенден кийин актриса Ким Со Ён 2,5 ай атайын мугалимден сабак алган. Сериалда роялда чынында эле актриса өзү ойногон.

3. Дорамадагы терс каармандардын бири Жу Дан Тэнин ролуна алгач актёр Шин Сон Рок бекитилген. Бирок убакыттын жетишсиздигинен улам ал баш тартып, ордун актёр Ом Ки Жун алмаштырган. Ушундай эле алмашуу, башкача айтканда, Логан Линин образын жаратуу үчүн Ха Сок Жин тандалып, бирок акырында роль актёр Пак Ын Сокко буюрган. Ал эми врач Ха Юн Чолдун ролунда актёр О Ман Сок болмок, бирок аны Юн Жон Хун алмаштырган.

4. 2020-жылдын жыйынтыгы менен актёр Ом Ки Жун, актрисалар Ким Со Ён, Юджин, Ли Жи А узак убакытка созулган дораманын “Мыкты аткаруучулары” аталышса, ушул эле дорамадагы өзгөчө образ жараткандыгы үчүн актёрлор Бон Тэ Гю, Юн Жон Хун жана актриса Шин Ын Кён мыкты аталышты.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Afrodita1993
2021-02-08 12:39:20
Кино таппай аткам. Көрүп баштайт окшойм
+2
Sweet-home-
2021-02-08 14:11:15
Afrodita1993,сонун дорама ,учурда 2 сезонун кутуп атам
+3
Isikkolumkeremet
2021-02-09 00:36:17
Мен да кутуп атам.2-сезонду.1-сезон кайгылуууууу бутту го
+1
adibolsun
2021-02-11 11:57:16
Кызыктуу экен.
0
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан